Бишкекте “Өлбөс полк” акциясы өттү

Бишкекте миңдеген шаар тургундарынын катышуусунда "Өлбөс полк" акциясы өттү
Image caption Бишкекте миңдеген шаар тургундарынын катышуусунда "Өлбөс полк" акциясы өттү

Бишкекте Улуу Жеңишти эскерген расмий иш-чарага удаа “Өлбөс полк” акциясы да өттү. Ага миңдеген шаар тургундары катышып, согушка катышкан аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп, шаарды аралай жөө жүрүш жасашты.

Бир колуна согушта шейит болгон жакындарынын сүрөтүн, экинчи колуна бир букет гүл көтөрүп алган шаар тургундары бүгүн “Өлбөс полк” акциясына чыгышты. Баштан аяк 2 километрдей узундукка тизилип, түрдүү ураан жана ырларды айтып келаткан бул жоон топту бириктирген нерсе- экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарын эскерүү. Би-Би-Си алардын айрымдарын ат жалында маекке тартты.

“Атам согуш учурунда Германияда кызмат өтөгөн. Кайнатам болсо Белоруссия фронтунда болуп, өпкөсүн үшүк алып кеткен экен. Кайненем өзү тылда жүргөнүн, оор күндөрдү, чалынын кыйналганын көп айтып калчу. Аларды эскерип, мурда уул-кыздарыма, эми болсо неберелериме согуш учурун көп айтып берем. “Өлбөс полкко” жакындарымдын сүрөтүн көтөрүп чыгууну парз деп ойлойм. Колумдагы сиренди болсо “Өчпөс отко” коем деп алып алдым”, - деди акциянын катышуучусу Айнагүл.

Image caption Согуш ардагери Усупбек Жүндүбаевдин уул-небереси

Көпчүлүктүн арасынан күрүлдөгөн үнү менен ырдап, адан-санда бийлеп келаткан маектешимдин атасы да согуштан кайтпай калган. Ал бул күндү өзгөчө шаң менен эскерерин айтат:

“Биздин үй-бүлөдө жыл ичинде бир эле майрам бар. Ал –Жеңиш күнү. Бул күнү элге тынчтык орногон. Менин атам Сталинградда кызмат өтөгөн азаматтардын катарында болчу. Согушка кеткенде 18-19 жаш курагы экен. Кайтып келгенден кийин ооруп жүрүп каза болду. Эсимде, көчөдөн учактын үнү же күрүлдөгөн дабыш чыкса да үйгө кире качып, өзүн абдан жаман сезип калчу. Согуштан жаман элестери оюна келсе керек дечүмүн”.

Жөө жүрүшкө жалаң эле жакындарынын же кайтпай калган туугандарынын сүрөттөрүн эмес, Ата-Мекендик согуштагы Панфилов, Жуков, Сталин сыяктуу аскер башчыларын да эскерип, таазим этүү үчүн букет гүл көтөрүп алгандар көп. Алардын бири Рысбек:

Image caption "Өлбөс полк" жүрүшү мурдагы советтик республикалардын айрымдарында бир нече жылдан бери уюштурулуп келет.

“Жеңиш эч качан басылган эмес, ал биздин каныбызда. Фашизмди жеңүү Совет элинен башка эч кимге буюрган эмес. Батыш эли айткандай “Өлбөс полк” жөн эле иш-чара эмес, бул бүгүн биз жашап жатканыбыз үчүн ата-бабаларыбызга рахмат айтып, урмат көрсөтүү дегендик”, - деди.

"Өлбөс полк" жүрүшү мурдагы советтик республикалардын айрымдарында бир нече жылдан бери уюштурулуп келет. Бул акциянын катышуучулары ардагерлердин жана согушта шейит болгон жакындарынын портреттерин көтөрүп шаар ичинде жөө жүрүп, аягында "Өчпөс отко" келип гүл чамбар коюп, таазим кылышат.

Быйыл бул акция Тажикстанда тыюу салынып, расмийлер аны коопсуздук жүйөсү жана “исламдын салттары көзү өткөн адамдардын сүрөтүн коомчулукка шардана кылууну колдобой турганы” менен түшүндүргөн.