Зоопарктан карышкыр качты

Зоопарктын жетекчиси Салтанат Сейитова
Image caption Зоопарктын жетекчиси Салтанат Сейитова

Каракол зоопаркынан 10-майда карышкыр качып чыгып, аны тирүү кармоо мүмкүн болгон жок. Кыргызстандагы жападан жалгыз Каракол зоопаркында буга чейин мындай окуя катталган эмес.

Каракол зоопаркынын жетекчиси Салтанат Сейитова 9-майда зоопаркка келгендер көп болуп, карышкыр кармалчу торду белгисиз бирөөлөр кесип кеткенин, карышкыр ошол жерден чыгып кеткенин билдирди:

“Дайым эле текшерип турабыз. Майрамдын алдында эле бүт текшердик эле. Кечинде бирөө көрүнбөгөн жерден кесип кетиптир. Бир жаштагы жаш карышкыр. Зымдын кесик жагын көрүп жаш баладай башын салып көрдү да. Иттер үргөндө чочуп, секирип чыгып кетип атпайбы. Чочуганынан качты”, - деди Салтанат Сейитова

Окуя 10-майда таңкы 06.30дардан кийин орун алып, карышкыр зоопарктан чыгары менен кароолчу жетекчиликке маалымат берип, ал өз кезегинде Караколдогу милиция, мергенчи жана “Тазалык”кызматкерлерине кабар жөнөткөн.

20га чукул киши чогулуп шаар аралай качкан бөрүнүн аркасынан түшүп, бир саатка жетпей атып жок кылган.

“Зоопарк аймагынан чыккандан кийин аны өлтүргөнгө туура келди. Ал адамдарга кол салат беле же жокпу ким билет? Жапайы жаныбар болгондон кийин оюнда эмне экенин билбейбиз да. Элге зыяны тийбесин деп аттырдык”, - деди Сейитова.

Ошентсе да оозу-мурду канжалап, жан-далбастап качып бараткан бөрү тартылган видео жергиликтүү социалдык тармактарга кенен тарап, жаныбарга боор тарткандар көп болду.

Жапайы жаныбардардын укугун коргоочулар Кыргызстанда манжалап саналат, алардын бири активист Влад Ушаков жаш карышкырды аркасынан сая түшүп атып өлтүрбөй эле астейдил кармап, же уктаткыч дары сайып колго түшүрсө болмок деген пикирин айтты.

“Жаныбар коркуп алактаган абалда эле да, үйүрү менен жүрбөгөндөн кийин чоң деле коркунуч жаратпаса керек эле. Жок дегенде аны уктатып койсо деле болмок. Билбейм не дешти, азырынча ал жакта эмне болду так биле элекмин”,- деди активист.

Каракол зоопаркы 1987-жылы түзүлгөн. Учурда зоопаркта жаныбарлардын жана канаттуулардын 35 түрү, жалпыcынан 160 баш жаныбар жашайт.

Буга чейин зоопарк аймагынан айбанаттардын качуусу катталган эмес.

(ES)