Бишкекте БУУнун жол коопсуздугу боюнча жумалыгы өтүүдө

Бишкекте Бириккен улуттар уюмунун жол коопсуздугу боюнча жумагылы белгиленип жатат

Ар бир экинчи айдоочу унааны чектелген ылдамдыктан жогору айдайт. Бул ар бир үчүнчү жол кырсыктын себеби. Жол кырсыгы көп катталган Кыргызстанда анын дагы кандай себептери бар жана эмне үчүн жергиликтүү автосүйүүчүлөр катуу айдаганды жакшы көрөт?

Бишкекте Бириккен улуттар уюмунун жол коопсуздугу боюнча жумагылы белгиленип жатат. “Өмүрдү сакта, ылдамдыкты азайт” деп аталган бул өнөктүк аркылуу уюштуруучулар коомчулукту жол эрежелерин сактоого, кырдаалды өзгөртүүгө чакырууда.

“Ылдамдыкты жогорулатуу жол кырсыктарынын башкы себеби деп айтылып келет. Ар бир экинчи айдоочу белгиленген ылдамдыкты сактабагандан улам ар бир үчүнчү жол кырсыгы келип чыгат. Демек бул көрүнүштөргө жетиштүү деңгээлде көңүл бурулуп, иштер жасалышы керек”,-деди Би-Би-Сиге “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Сапарбек.

Кыргызстанда жол кырсыктары тууралуу маалыматтар радио, теледен дээрлик күн сайын чыгып турат. Кырсыктарды азайталы, жол эрежелерин так сактайлы деген сөздөрдү расмий органдар дагы, бейрасмийлер дагы какшап айтып келатат. Бирок кырсыктарга себепкер болгон айдоочулар жоопкерчиликке тартылбай, кылмыш иштерин сотко жеткирбей бүтүрүп койгон учурлар да аз эмес.

Бишкек сыяктуу миллион эл жашаган чоң шаарда жашоонун темпи барган сайын жогору болуп жаткандыктан, убакытты сарамжал жана туура пайдалануунун биринчи кезекте өмүр коопсуздугу үчүн мааниси артууда.

Шаарда таң эрте кыймыл башталат, автоунаалар бат эле жолго толуп, кыймыл жайлап, элдин баары жумушка барар маалда көп көчөлөрдө тыгын пайда болот. Жумушка кечиккендердин кыжыры кайнап, көңүлү бузулганы сырттан караган кишиге дароо эле билинет.

Ошондуктан күндөлүк убакытты туура уюштуруп, ишке барган убакытты, жолдогу көп кыймылды эске алып эсептөө зарылдыгы пайда болууда.

Байкоочулардын баамында, сөзсүз түрдө эле жол эрежесин бузгандарды кандай жазалоо керектиги жөнүндө чараларды карабай, дегеле жол жүрүү маданиятынын жетишкендиктерин, чет элдик алдыңкы тажрыйбалардын алгылыктуу жагын карап көрүү керек.