Базар менен жашайт, Баткенде “Портер” көп – кыргыз шаарлары тууралуу

Изилдөөчүлөр кыргыз шаарлары чынында каралбай калган дешти Сүрөттүн автордук укугу "Шаар демилгелери" коомдук фонду
Image caption Изилдөөчүлөр кыргыз шаарлары чынында каралбай калган дешти

“Шаар демилгелери” коомдук фонду Балыкчы, Токмок, Нарын, Баткен жана Исфана шаарларын изилдеди. Авторлордун айтымында, изилдөөнүн өзгөчөлүгү - мындай изилдөөлөрдүн өзү сейрек экенинде.

Антрополог Зарина Урманбетова менен шаар таануучу Атай Самыйбек уулу жаңы табылгалары, аларды колдонуу жана дегеле шаар маселеси боюнча оюн ортого салды.

Атай Самыйбек уулу: Изилдөөбүз үч багыттан турду. Биринчиси, физикалык чөйрөнү изилдөө – шаардын коммуникациялары, инженердик коммуникациялары, жолдору, курулушу. Экинчиси, социалдык капиталды изилдөө – шаар эмне менен жашап жатат, кайсы тармактар иштейт. Үчүнчүсү жалпы маалымат топтоо – Кыргызстандын шаарлары кандай, көйгөйлөрүн, потенциалын билүү.

Кызыктуу учурлардан, мени тыңчы катары эки жерде кармашты. Участкалык милиция кызматкери менен Онунчу бөлүм суракка алып, кимсиң, эмне кылып жүрөсүң дешти.

Зарина Урманбетова: Биздин шаарларда демилгелер, потенциал күчтүү экен. Шаардыктар өздөрү эле демилге көтөрүп, шаардын өнүгүшү үчүн уникалдуу долбоорлорду ишке ашырып жатканы мен үчүн күтүлбөгөн белек жана сүйүнүч болду.

Image caption Шаар таануучу Атай Самыйбек уулу шаарларды иликтеп барганда тыңчылыкка шектелип, эки жолу сурак берген

Албетте, шаарлар, алардын жашоочулары тууралуу бизде стереотиптер бар, алар башкача болуп да чыгып жатты.

Андан сырткары шаарлар чынында унутта калган.

Баткен “Портердин” шаары же изилдөөнүн жыйынтыгы

Зарина Урманбетова: Мисалы, Балыкчы шаарын унутта калган, ташталган, эч ким токтобогон “өлүк” шаар деп коюшат. Бирок бизге ал эң жаккан шаарлардын бири болду. Ал жерде жаштар болсун, улуулар болсун абдан позитивдүү экен. Алар “биздин шаардын келечеги кең, анын жаркын келечегине умтулган шаарбыз” дешет.

Ошол эле Токмоктун жана Балыкчынын кылмышка жакын шаар деген имиджи бар. Бирок жаштар, активисттер шаары үчүн ар кандай долбоорлорду уюштуруп, керек болсо атайын демилгечи топторго бөлүнүп, шаар боюнча такай иш алып барышат.

Ушундай эле уникалдуу долбоорлор, демилгелер Нарында бар экен. Жаштар өкмөттү күтпөй, өүбүз баштай берели деп, объектилерди, эс алуучу жайларды ремонттоп, колунан келген салымын кошуп жатыптыр.

Атай Самыйбек уулу: Бизде жалпысынан шаарлар тууралуу маалыматтар жок экен. Мисалы, Баткен дегенде баарыбыз өрүктү билчүбүз. Бирок ал жакта чапан көп экен. Биз Бишкекте ага көнгөн эмеспиз, ал жакта дээрлик ар бир эркек чапан кийип жүрөт. Баткен ошондой эле “Портердин” шаары экен. Ар бир экинчи же үчүнчү автоунаа бул –“Портер”. Ушундай кичинекей бөлүктөрдү көрүп, шаар эмне менен жан багарын, экономиканын кайсы тармактары иштерин билесиң. “Портер” көп болсо, айыл чарба элди баккан башкы тармак экенин билесиң.

Менин изилдөө багытым физикалык чөйрөсү болчу. Бул тармакта көйгөйлөр көп. Инфраструктура Совет учурунуку, кайра оңдоо талабы бар. Жөнөкөй эле суу, канализация маселеси бар. Санитария, таштанды курч жана орчундуу маселе болуп турат.

Image caption Антрополог Зарина Урманбетова шаарлардын жергиликтүү изилдөөчүлөр тарабынан изилденгени өзү жаңылык дейт

Зарина Урманбетова: Беш шаардан тең бир жыйынтык чыкты, алардын баары биринчи кезекте базар менен жан багат. Көпчүлүк эл алып сатуу менен алек. Экинчи орунда мал чарбачылыгы турат. Бул беш шаарды багып аткан үчүнчү кезекте миграция. Баткен менен Исфанада көбүрөөк экен. Бирок баардык шаарда тышкы миграция бар.

Атай Самыйбек уулу: Малсыз жашоо болбойт деген тезиске келдик. Шаардын борборлорунда да малды көрүүгө болот.

Эң өкүнүчтүүсү, сыртка активдүү, жаш жарандар кетип жатат.

Изилдөөнүн ыкмасы

Зарина Урманбетова: Биз тандаган методология жана ушул изилдөөнү баштаганыбыздын өзү ачылыш. Анткени кандай гана изилдөө болбосун көбүнесе чет жерден келип жасашат. Бул учурда болсо биз жергиликтүүлөр, тилди, маданиятты, менталитетти билгендер барып изилдедик, эл менен сүйлөштүк. Бул абдан маанилүү.

Сүрөттүн автордук укугу "Шаар демилгелери" коомдук фонду
Image caption Шаардыктар жанын баккан тармакка өндүрүш кирбейт

Шаар таанууну батыш тилдеринде же орусча урбанистика, урбанизм, urban studies дешет. Биз шаар таануу деп айталы деп, өзгөчө Атай экөөбүз ушуну түртүп жатабыз. Урбанист деген сөздү которуп, шаарман дегенди киргиздик. Ал шаардык каарман дегендин кошулганы. Социалдык тармактарда шаарман кенен жайылып, хештек менен колдонуп жатышат. Шаарман – бул, өзүнүн күчүн, каражатын, убактысын, тажрыйбасын шаарынын өнүгүшү үчүн колдонгон адам. Анын иш-аракети ар кандай болушу мүмкүн – жолду оңдоо, билим берүү же инвестор тартып келүү.

Биз эки ыкма менен иштедик. Бул – тереңдетилген изилдөө жана “шаар талкуулары”. Кыска үч-төрт суроону көчөдө бараткан адамдарга беребиз. Шаар эмне кылып жан бакканын, ал үчүн эмне көйгөй эсептелгенин, эмне жакканын сурадык. Ал эми тереңдетилген изилдөөдө шаар активисттери, шаарды изилдегендер, маданият же бийлик өкүлдөрү менен сүйлөштүк.

Изилдөөнүн пайдасы

Атай Самыйбек уулу: Изилдөөнүн расмий жыйынтыктары чыгарылып жатат. Аны өкмөткө дагы, жергиликтүү бийликтерге да таратабыз.

Биздин негизги максатыбыз - шаарга болгон мамилени өзгөртүү. Жарандардын, бийликтин мамилеси өзгөрсүн. Шаар – бул бийлик жана инфраструктура эмес, бул баалуулуктар, анын ичине көп нерсе кирет.

Сүрөттүн автордук укугу "Шаар демилгелери" фонду
Image caption Беш шаарда тең эл эң көп киреше тапкан тармак базар

Андан сырткары негизги максатыбыз - маалымат топтоо. Кургак стратегияларды жаза бербей, адегенде маалымат топтоп, эл менен бирге иштеш керек. Азыр мэрия жана муниципалдык кызматтар паспорттук маалыматтарды, статистиканын маалыматтарын алып эле стратегия жазышат.

Зарина Урманбетова: Шаар бийликтерине көйгөйлөрдү атап, артыкчылыктарын көрсөтүп берип жатабыз. Аны эске алып, шаарды өнүктүрүү стратегиясына колдонсо болот.

Атай шаарлардын электрондук картасын жасады. Объектилер, үйлөр, эс алуу жайлары көрсөтүлгөн. Аны мэриялар сайтыбызга коюп койсок болот экен деп, кызыгып сурап жатышат.

Биздеги маселелердин бири, маалымат ачык эмес же аны ойлогон киши жок. Мисалы, Балыкчыга же Баткенге барсаңыз, картадан эч нерсе таба албай калышыңыз мүмкүн. Бизде маалымат жабык.

Атай Самыйбек уулу: Маалымат топтоо өтө маанилүү. Маалымат болбосо стратегия жаза албайсың. Ачык саясат болбойт, инвестор келбейт. Негизги максатыбыз - маалыматты туура топтойлу, ачык болсун дедик. Ачык маалымат болбогондо эл арасында ушак пайда болот.

Сүрөттүн автордук укугу "Шаар демилгелери" коомдук фонду
Image caption Изилдөөчүлөр жашоочулар шаарын өнүктүрүүгө кызыктар дешет

Биз “Элес картасын” чийдик. Ал жерде шаардыктар кайсы жерде эмне бар экенин айтат, биз ошого жараша анализ кылабыз.

Зарина Урманбетова: Мисалы, жөнөкөй жаран айткан жерди мэрия көрбөшү мүмкүн. Шаар жетекчилиги маанилүү жай деп эсептеген сейил бакка жашоочулар барбай, алардын сүйүктүү жери базардын жанындагы кафе же башка аллея болушу ыктымал. Ошондуктан “Элес картасынан” жетекчилик жыйынтык чыгарып, базардын жанына сейил бак кылышы мүмкүн же сейил бактын жанына кафе ачышы мүмкүн.

Жергиликтүү бийлик калк менен иштей албайт. Ишегиси келсе да, кандай жол менен экенин билбейт. Ачык жыйындарды, талкууларды кылышат, ага эч ким келбейт. Изилдөөбүздө алар да жашоочулар эмне кылганга даяр дешти. “Сиз өзүңүздүн шаарыңыздын өнүгүшүнө кандай салым кошкуңуз келет” деген суроо бар болчу. Жарандар “таштанды таштабайм”, “долбоорлорго катышууга даярмын” деп жооп беришти. Бийлик муну колдонуп, иш жасай алат.

Атай Самыйбек уулу: Изилдөөнүн жалпы жыйынтыгын Бишкекте 12-13-майда өтө турган “Шаарлар форумунда” жарыялайбыз. Бул форумга чет жерден 20га чукул эксперт чакырылган. Анда шаарларды изилдөө, өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, талкуулар, таанышуулар жана мастер класстар болот.