Мурдагы депутат Чолпон Жакупова президентке ачык кат жолдоду

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, мурдагы депутат Чолпон Жакупова
Image caption “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, мурдагы депутат Чолпон Жакупова

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, укук коргоочу Чолпон Жакупова президент Алмазбек Атамбаевге ачык кат жолдоду. Анда Баш прокурор Индира Жолдубаеванын президенттин кадыр-баркын коргоп, аны сотко бергени негизсиз деп, өлкө башчынын дарегине жаман сөз айтпаганы жазылган. Башкы прокуратура өткөн айдын аягында президент Атамбаевдин кадыр-баркын коргоо үчүн Zanoza.kg сайты жана ага жарыяланган Жакупованын пикири боюнча сотко кайрылган эле.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, мурдагы депутат Чолпон Жакупова Башкы прокуратура аны сотко бергенден тартып эле кандай болбосун ага каршы даттанаарын, анткени ал жерде өтө одоно процессуалдык мыйзам бузуулар бар экенин айтып келет. Бүгүн ал президентке жазган ачык катында бир нече пункттарга токтолуп, алардын негизгиси, баш прокурор Индира Жолдубаеванын президенттин кадыр-баркын коргоп, укук коргоочуну сотко бергенин адекваттуу эмес аракет деп атады.

“Мени сотко берүүдө эмне үчүн аны адекватуу эмес деп эсептегенимдин себеби, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирди деген доо арыз кайсы бир фразалар же сүйлөмдөр менен такталышы керек. Бул жерде кептин баары анын менин бүт сүйлөгөн текстимдин үстүнөн сотко кайрылганында болуп жатат. Ал эми бир барактууу текстте мен ар кандай темада сүйлөгөм, Атамбаевге тиешеси жок сөздөр бар. Мисалы, акыйткачы институтунун ыйгарым укуктары, мыйзамды, процессуалдык нормаларды сактоо сыяктуу сөздөр камтылган. Ал жерде президентке жеке сөз тийген эмес, ошон үчүн дагы жалпы тексттин үстүнөн сотко беришкен. Кечирип коюңуздар, какшык же такмазалоо түрүндөгү сөздөр үчүн жоопко тартуу мыйзамда каралган эмес. Президентке жазган катымда ушунун баары камтылган”, - деди Би-Би-Сиге Жакупова.

Image caption Бишкекте өткөн сөз эркиндигине арналган жыйындан

Баш прокурор Индира Жолдубаева 20-апрелде президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоп мурдагы депутат Чолпон Жакупованы жана Zanoza.kg сайтын сотко бергени белгилүү. Ага Бишкекте 30-мартта өткөн тегерек столдогу Жакупованын сөзү жана анын Zanoza.kg сайтына жарыяланышы себеп болгон. Башкы көзөмөл органынын тараткан маалыматына ылайык, Жакупова президенттин беделине шек келтирген сөздөрдү айткан:

“2017-жылдын 30-мартында “Сөз эркиндиги жана тынчтык жолугушууларды өткөрүү укугу” аттуу тегерек столдо Чолпон Жакупованын коомчулукка жасаган билдирүүсүндө КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жана чындыкка туура келбеген маалыматтарды таркаткандыгы, ошол жалган маалыматтардын негизинде Zanoza.kg сайтында жарыяланган макала боюнча келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна доо арыз келтирилген. Азыркы күндө сотто каралып жатат”, - деди аталган мекеменин өкүлү Назик Байгазинова.

Башкы прокуратура укук коргоочу менен бирге, "Zanoza.kg" сайтынан, журналисттер Дина Маслова менен Нарын Айыптан ар биринен моралдык кенемте катарында 3 миллион сомдон өндүрүүнү талап кылууда. Андан сырткары, Башкы көзөмөл органы март айында “Азаттык” радиосун дагы президенттин беделине шек келтирген деп сотко бергени бар. Анда он миллион сом кенемте коюлган. Прокуратуранын бул аракетин сынга алган укук коргоочу Клара Сооронкулова кадыр-баркка шек келтирилген учурдагы доо арыздын укуктук негиздерин мындайча түшүндүрүүдө:

“Адамдын ар-намысына шек келтирүү боюнча биздин Жогорку соттун пленумунун токтому бар. Ал жерде кандай учурда жаранга шек же зыян келгени тууралуу маалымат ачык жана түз көрсөтүлгөн. Ар бир айтылган же жазылган сөз сөзсүз түрдө экспертизага алынышы керек. Мисалы, мага бирөө жалаа жапкан болсо, анда мен ооруганым же мага кандай зыян келгени тууралуу так аныктама беришим керек. Бул жерде прокуратура беделине же намысына тийди деп жөн эле негиздеп атышат, жүйөлөр дагы жок. Анда болбогон сөздөргө да жабыша берсе болот да. А чынында доо арыз берип жаткан киши далилдеш керек, кыйналганын, ооруганын айтып. Бул укуктук негиз”.

"Zanoza.kg" сайтына жана “Азаттык” радиосуна каршы берилген доо арызга байланыштуу Клара Сооронкулова баш болгон жүз элүүдөй киши Конституциялык палатага кайрылган. Анда "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын биринчи жана төртүнчү беренелерин Конституцияга кайчы келет деп таануу суралган. Арадан бир айдай убакыт өткөндөн кийин, атап айтканда мындан бир апта мурда аталган палата ал өтүнүч өндүрүшкө алынганын маалым кылган. Учурда Конститциялык сот бул ишти карап жатканына байланыштуу башка деңгээлдеги соттук териштирүүлөрдүн бардыгы токтоп турат.