Шайлоо 2017: БШК сервери көңүл чордонунда

Шайлдабекова: БШК серверине хакердик чабуулдар болду Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Шайлдабекова: БШК серверине хакердик чабуулдар болду

Айрым президенттикке талапкерлер шайлоого жакын БШКнын борбордук серверин көзөмөлдөй турган комиссия түзүүнү сунуштап жатышат. БШК заманбап шайлоо системасы добуштарды бурмалоого жол бербейт деп, IT аудитке даяр.

Талапкердин IT аудит талабы

Буга чейин президенттикке талапкерлигин расмий билдирген Темир Сариев жана ыктымал талапкер Элмира Ибраимова шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда БШКнын серверинин ролу олуттуу болорун белгилешип, ага көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтышкан.

17-апрелде Бишкекте өткөн "Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик" деп аталган талкууда Эсеп палатасынын мурунку төрайымы Элмира Ибраимова добуштарды санакка алуу автоматташтырылгандан кийин, эми шайлоонун жүрүшүнө мурункудай байкоо салуу ыкмасы эскирип калганын белгилеген эле.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Ибраимова: БШКга көз карандысыз IT аудит керек

“Добуш берүү жыйынтыгы тууралуу маалыматтардын баары БШКнын серверине келип түшөт. Ал жакта эмнелер болушу мүмкүн? Сыртта туруп шайлоо жыйынтыгына тааасир этүүгө болобу? БШКнын серверине баш бага алган кайсы бир операторунун шайлоо жыйынтыгы тууралуу сандарды өзгөртүү мүмкүнчүлүгү барбы? Серверди башка имарат, башка бөлмөдө отуруп алып аралыктан башкаруу мүмкүндүгү барбы? Биздин бул суроолордун баары азыркы системага жаңыча байкоо салуу керек дегенден чыккан суроолор”,- деген эле Элмира Ибраимова.

Мындан улам өлкөдөгү саясий күчтөр шайлоону утурлай БШКнын техникалык базасын көз карандысыз, эл аралык IT аудиттен өткөрүүнү сунушташкан.

БШК: хакердик чабуулдар мизи кайтарылды

Түштүк кореялык эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан берилген компьютердик техникага буга чейин мамлекеттик “Инфоком” ишканасы тарабынан аудит жүргүзүлгөн эле. Бирок оппозициялык күчтөр өкмөткө караштуу бул ишкананын аудит жыйынтыгы канчалык бейтарап болушу мүмкүн деген суроо коюшууда.

БШК төрайымы жаңы шайлоо системасын ишке киргизүүдө “Программалык продуктыларды иштеп чыгуучулар ассоциациясы” жана “Интернет саясаты боюнча жарандык демилгелелер” уюмдары менен кызматташуулар болгонун белгиледи.

“БШКнын IT системасынын коопсуздугуна аудит жүргүзүп келебиз. Келе жаткан шайлоого карата программанын бардык мүчүлүштүктөрун анализдеп, аны аягына чейин иштеп бүттүк деп айта алам. Бирок бул иш мындан ары деле улантыла берет. Бирок шайлоо системасынын коопсуздугун дагы деле аудит кылганга даярбыз”- деди Нуржан Шайлдабекова.

Ал президенттик шайлоо алдында кайсы бир күчтөр тарабынан сыноо таризинде буга чейин БШК серверине хакердик чабуулдар болгонун да ачыктай кетти. Бирок серверди коргоо боюнча коопсуздук чаралары бекем болгондуктан ал чабуулдар максатына жеткен эмес.

БШК серверине эки гана адам баш бага алат

Учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине кирүүгө БШК аппаратынын эки кызматкеринин укугу бар. Ал экөө тең сервердеги техникага гана көзөмөл сала алышат.

Бирок БШК мүчөлөрү, төрайымдын өзүндө серверге баш багуу укугу барбы суроосуна Шайлдабекова жооп бербеди.

БШК төрайымы билдиргендей серверге кирүүгө дагы канча адамга жана эмненин негизинде мүмкүнчүлүк берилет атайы регламент иштелип жатат.

Борборшайлооком айкындуулук үчүн серверге коомдук көзөмөл салдырууга деле даяр.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption БШК серверге карата коомдук көзөмөлгө каршы эмес

“Шайлоого жакын БШК серверге көзөмөл салуу үчүн жарандык коом өкулдөрүнөн турган атайы комиссия же топ түзүп, ошону көзөмөлдү ишке ашырабыз”, -деди Нуржан Шайлдабекова.

Шайлоо күнү Кыргызстан боюнча 5 миң 610дон ашык автоматтык урна орнотулуп, таңкы сегизден кечки сегизге чейин добуш берүү жүрөт.

Автоматтык урнага келип тушкөн добуштар корголгон атайын байланыш каналдары аркылуу БШКнын борбордук серверине келип түшүп, ал жерде кеминде 1,5 саат ирээттелип, шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарганга даяр болуп калат деп күтүлүүдө.

Сервер иштеп чыккан добуш берүүнүн жалпы жыйынтыгы БШКнын сайтына дароо жаңыланып чыгып турат.