Президенттикке талапкерлерге Жигитче келишими сунушталды

“Таза шайлоо-туруктуулуктун жана бийликти тапшыруунун кепилдиги” аталышында жарандык форум өттү Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption “Таза шайлоо-туруктуулуктун жана бийликти тапшыруунун кепилдиги” аталышында жарандык форум өттү

Бишкекте “Таза шайлоо-туруктуулуктун жана бийликти тапшыруунун кепилдиги” аталышында жарандык форум өттү. Форумда шайлоо алдындагы таза атаандаштык үчүн талапкерлерге Жигитче келишим долбоору сунушталды.

Келишимби же саясий тушамышпы?

Саясий партиялар, коомдук ишмерлер жана жаштар уюмдары форуму иштеп чыккан келишимде негизинен талапкерлер үчүн үгүт жүргүзүүдө жаңы эрежелер сунушталат.

Мисалы, анда үгүт жарышында талапкерлер мамлекеттик телеканалдардан дебатка бириндеп эмес, баары чогуу чыгуусу каралган. Талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууларды жалгыз өткөрүүгө да бөгөт коюлууда. Стадиондо жекелеп концерт берип, шайлоочуларды демонстрация жана жөө жүрүштөргө жалгыздап жетектеп чыгууга болбойт.

Күздө өтчү президенттик шайлоого талапкерлигин кое турганын биринчи болуп расмий жарыялаган Темир Сариев жалпысынан келишимге макул, бирок анын айрым жерлери ашыкча эле катаалдашып кетиптир дейт.

“Макул эмес эки-үч жери бар экен, мисалы, “талапкерлер өз жактоочуларын стадиондо, клубдарда, дегеле эшикте чогултпашы керек” деген. Эми бул ашыкча. Шайлоо деген шайлоочуларга талапкер өз оюн жеткирүү да”, - деди “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев.

Күздө өтчү президенттик шайлоого катышарын буга чейин Сариевден тышкары “Өнүгүү-Прогресс” “Республика” партияларынын лидерлери Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабанов ачык билдирген. Экөө тең жарандык коомдун бүгүнкү форумуна келген жок.

“Ата Мекен” партиясы да буга чейин УКМКнын тергөө абагында жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин президенттикке расмий көрсөткөн эле. Үчөөнөн тышкары президенттикке ыктымал талапкерлер катары президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, оппозициядан Акматбек Келдибеков менен Адахан Мадумаровдун, ошондой эле аялдардан Элмира Ибраимова, Камила Шаршекееванын жана башка бир катар ысымдар аталуууда.

Жигитче келишимге даяр талапкерлер аз

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Темир Сариев: Келишимдин айрым жерлери ашыкча эле катаалдашып кетиптир

Жигиттик келишимди иштеп чыккандардын бири, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арслан Малиев азырынча долбоорго эч ким коле кое элегин, талапкерлердин көбү макул болбой жаткандыгын ачыктады.

“Акчасы бар талапкерлер буга каршы болот. Себеби алар мурдагыдай эле акчага добуштарды сатып алгысы келет. Ошондой үмут менен бүгүн мына ошондой иш-чралар башталганын көрүп атасыздар. Акчага добуш сатып алып өтуп кеткен адам кантип анан ошол жакка барып отурат? Ал адамдардын уяты барбы? Парламент же шаардык кеңеш болобу, же президентпи кантип анан барып кызматына отурат? Элди үйрөтүп, мыйзамдарды кабыл алганга ошол адамдар укуктуу болобу? ”,- деген суроолор койду “Аалам” партиясынын теңтөрагасы Арслан Малиев.

Шайлоо алдында калыс атаандаштык үчүн келишимге келүү демилгелери буга чейин деле тажрыйбаланып келген. Соңку жолу мындай макулдашуу 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо алдында партиялар арасында келишилген. Бирок иштеген эмес.

“Жарандык платформа” коомдук уюмунун директору Айнура Усупбекова бул жолу деле жигиттик келишимдин деле иштеп кетерине көзү жетпейт.

“Жигиттик келишимдин кереги деле жок. Шайлоо алдында баардык процедураларды мыйзамды сыйлап аткарса эле жетиштүү. Ошол эң негизги формат. Ошондой джентелмендик келишимдердин канчасын көрдүк. Парламентке келе жатканда деле ошондой келишимдерди түзүп коюп эле анан шайлоого келгенде добуш сатып алышып, административдик ресурсту колдонушуп атпайбы. Мына парламентке келгенде деле ошол жолдор менен иш бүтүп калып отурбайбы”,-деди Айнура Усупбекова.

Атамбаев Жигитче келишимге чакырылды

Келишимде, ошондой эле, шайлоодо жеңген кишиге да эрежелер каралган. Алалы, жаңы президент кызматка расмий киришери менен Башмыйзамга ылайык партиялык ишмердиктен четтеп, кайсы бир саясий уюмга мүчө болбошу керек.

Шайлоо таза өтпөсө, добуштарды бурмалоо орун алса талапкерлер мыйзам чегинде акыйкат үчүн күрөшүү укугуна ээ, бирок алар келишимге кол койгондон кийин өлкөнү бүлүккө салып, абалды чыңалтпоого сөз берет.

Форумда шайлоо маалында жана андан кийинки коопсуздук маселеси да көтөрүлүп, мурунку Юстиция министри Марат Кайыпов жоопкерчилик,ириде, президентте экенин белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Отунбаева: Талапкерлер - бардык саясий тепкичтерден өтүп, кийинки баскыч катары президенттикти мээлегендер

“Конституциянын гаранты болгон президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасашыбыз керек. Бардык куралдуу күчтөр бул кишини алдында турат. Сөзсүз ушундай тегерек стол өткөзүп, саясий элитаны чакырсын. Ошол жерде биз ушундай жигитче келишимге келишибиз керек. Коопсуздук президент мойнуна алышы керек, бул үчүн ал эн кызыкдар киши”,- деди Кайыпов.

Ал президенттик шайлоо таза өтүп, бийликти тынч өткөрүп берүү камсыздалса өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин экс-президент Роза Отунбаевадай жүзү жарык болорун кошумчалады.

Форумга экс-президент Роза Отунбаева да катышты. Мурунку өлкө башчысы шайлоого жарым жылдан азыраак убакыт калса да президенттикке бир-эки эле талапкер болуп жатканын алардын программа-платформалары да бүдөмүк экенин айтты.

“Азыр талапкерлер эл менен көмүскө иштеп жатат. Алар шайлоого чукул калганда элди өздөрүнө буруп алат шекилдүү. Шайлоого барарын ачыктагандар мурда министр, өкмөт башчы да болуп иштеген адамдар, алардын бир дары парламентте депутат болуп отурушат. Алар бардык тепкичтерден өтүп эми кийинки баскыч катары президенттикти мээлегендер. Элдин кабыл алуу логикасы да ошондой болууда. Кийинки алты жылда алар өлкөнү кайсыл жолго салышат, кандай программалары бар, булардын баары азырынча сюрприз болуп жатат”,-деди Отунбаева.