Кыргызстан Исламдык тилектештик оюндарына катышууда

Бакудагы кыргыз спортчулары Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бакудагы кыргыз спортчулары

Азербайжанда Исламдык тилектештик оюндары башталды. Бул жылы 4-ирет өткөрүлүп жаткан олимпиадага Кыргызстандан 72 спортчу аттанган. Алар спорттун 12 түрүнөн катышып, Кыргызстандын намысын коргойт.

Азербайжан борбору Баку алдыдагы он күн бою Ислам мамлекеттеринин орток шаарына айланганы турат. Үч жылда бир өтүүчү Ислам тилектештик олимпиадасына бул жылы 54 мусулман өлкөлөрүнүн спортчулары катышып, жалпы 3 миңге жакын спортчу мелдешке чыгат.

"Олимпиаданын расмий ачылуу аземи бүгүн Бакудагы эл аралык оюндарга ылайыкташакан “Олимпиада” стадиондо өтөт. Майдан дээрлик 60 миңден ашуун көрүүчүгө ылайык. Азербайжанда кыргыз командасын коштоп жүргөн спорт кабарчылары олимпиаданын ачылуу аземине даярдыктарды интернет аркылуу бир-серин чагылдыра башташты. Кыргызстандан кеткен 72 спортчу сууда сүзүү, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, бокс, дзьюдо, гимнастика, жеңил атлетика сыяктуу спорт түрлөрүнөн мелдешке чыгат. Алардын арасында Кыргызстан үчүн жөн гана тажрыйба топтоп келгендери дагы, чоң үмүт жараткандар дагы бар", - дейт Жаштар иштери дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коочулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султанбаев.

Ошентип Кыргызстан Ислам тилектештик олимпиадасынан жеңиш үмүтү менен турганда Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшчү балбан Нургазы Асангулов мойнуна коло медаль такты. Ал атаандаштары кытайлык жана ирандык балбандарды утуп алган.