Оштогу аттракцион кырсыгы боюнча иликтөө жүрүүдө

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Оштогу кырсыктан кийин башка шаарлардагы аттракциондордун коопсуздугун дагы карап чыгуу керек деп жатышат.

Жекшембиде кечинде Ош шаарындагы Навои эс алуу багындагы аттракциондордун бири кулап, сегиз киши жабыркады.

'Болжол менен саат 17.00 чамасында Ош шаарынын А.Навои атындагы эс алуучу багында жайгашкан каруселдердин бири кулап кеткен. Натыйжада, жабыркагандардын төртөө Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Алардын бири реанимация бөлүмүндө. Андан сырткары 4 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Кырсык болгон жерде Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын оперативдүү тергөө тобу иштеп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды',-деп кабарлады Ош шаардык Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы.

Айрым интернет сайттарына карусель кулагандан кийинки кыска тасма дагы тарады. Анда ээси оогон абалда жаткан өспүрүм кызды көрүүгө болот. Кырсыкка кабылгандардын үчөө Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.