Жолдо жүрсөң абайла

Жолдогу өлүмдөр унаага бай өнүккөн өлкөлөргө караганда жакыр өлкөлөрдө көп
Image caption Жолдогу өлүмдөр унаага бай өнүккөн өлкөлөргө караганда жакыр өлкөлөрдө көп

Жол кырсыгынан каза болгондор кургак учук өңдүү илдеттерден өлгөндөрдүн санынан эбак ашып түшкөн. Жолдогу өлүмдөр унаага бай өнүккөн өлкөлөргө караганда жакыр өлкөлөрдө көп.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму оор илдеттер менен күрөшсө, акыркы жылдары жол кырсыгынан мерт кеткендерди эпидемия атап, анын алдын алууга да аракет кылып келет.

Жекшембиде жол кырсыгын азайтууга багытталган дүйнөлүк өнөктүк жыйынтыкталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы отчетуна ылайык, жол кырсыгынан жылына бир миллион 250 миң адам өлөт. Алардын көбүн 29-жашка чейинки жаштар түзөт.

Миңдеген курмандыктардын бир бөлүгү балдар

Жаштар менен катар курмандыктын бир бөлүгү балдар экени өкүнүчтүү.

Кырсыктын кесепети ошол учурдун гана кайгысы эмес, адамдардын жашоосун өмүр бою өзгөртүшү мүмкүн.

Image caption Гүлжан Сатылганова жеңил машинада үй-бүлөсү менен баратканда алдынан джип чыга калган

Гүлжан Сатылганова үй-бүлөсү менен эки жарым жыл мурда аварияга туш болгон. Ошол кезде бир жаштагы, азыр үч жарым жаштагы кызынын бир колу иштебей калган.

"Авария болдук, кызым реанимацияда жатып 24-сентябрда бирге чыкты. Мен реанимацияда болчумун, 23-сентябрь менин да туулган күнүм эле. Алты кабыргам сынды, жамбашым сынды, эки ай баспай жаттым, бир ай балдак менен жүрдүм. Кызымын эки жарым жылдан бери оң колу иштебейт. Түркияга, Россияга, Францияга алып бардык. Текшергенден кийин баары эле болбойт деп коюшту. Бакчага албайт. Сүзгөн милиционерлер мас болчу. Эки жарым жыл соттоштук. Ишти шаардык сот, облустук анан Жогорку Сот жаап койду".

Жазага тартуу Кыргызстанда өзүнчө маселе. Гүлжан Сатылганованын окуясында эки жарым жылда кылмыштын мөөнөтү өттү деп иш каралбай калды. Айтымында, Ысык-Көлдө аларга карама-каршы тилкеге чыккан джипте тартип коргоо органдарында иштеген мас абалындагы үч киши болгон.

Андан бери эки жарым жыл өтсө да Гүлжан акыйкаттык издеп, бийлик өкүлдөрүнө үнүн жеткирүүнүн аракетинде. Андыктан Бишкекте балдарды жол кырсыгынан коргоо боюнча өнөктүккө катышканы келген.

Сүрөттүн автордук укугу BBC#
Image caption Авариядан оң колу иштебей калса да, анын энеси Гүлжан жол кырсыгына себепкерлер жазасыз калганына күйүүдө

Бишкекте майдын аягына чейин ыктыярчылар чоң жолдордон балдарды өткөрүшөт, жол эрежесин бузган унааларды, айдоочуларды сүрөткө тартып, тиешелүү органдарга жөнөтүп турушат.

Аны уюштуруп жаткан "Балдардын укугун коргоо лигасынын" башчысы Назгүл Турдубекова айрыкча шаарда балдардын өмүрү тобокелде дейт:

"Айдоочулар балдарга көп көңүл бурбайт. Себеби алар кичинекей, алсыз. Жада калса жөө адамдар өтчү жерге келгенде өтүп барып токтошот. Балдар болсо октон качкандай секирип, секирип качышат. Биздин эле айдоочулар Казакстанга барганда абдан тартиптүү болуп калышат. Анткени ал жакта жаза күчтүү, дароо айдоочулук күбөлүгүңү, машинаңы алып коюшат, чоң жаза пул төлөтүшөт".

Image caption Балдар жолдо эң корголбогон катмар

Өзгөчө шаарда балдар коргоого муктаж

Дүйнө боюнча өлүмгө алып келген жол кырсыгынын 90 пайызы жакыр өлкөлөргө туш келет. Ошол эле учурда жол кырсыгынан мамлекет ички дүң өндүрүмүнүн 3-5% жоготот.

Дүйнөдө магистралдар салынып, автомашина тездик менен сатып алынып жаткан учур.

Барган сайын шаарлар кеңейүүдө. Ага жараша жолдорду стандартка ылайык, салууга мүмкүн болбой калууда. Алсак, Фрунзенин жолдору балдардын коопсуздугун ойлоп курулгандай. Үйлөрдүн подъездери жолдон буруу, короо ичинде, тратуарлар кенен. Жол менен тратуарды кеминде бир катар дарактар жана чоң арык бөлүп турчу. Бирок азыр тратуарга да орун калтырбаган курулуштарды көрүүгө болот.

Балдар шаар көчөлөрүндө улуулардын жардамына муктаж деген Жамиля ыктыярчы катары аларга кол сунууда

Image caption "Балдардын укугун коргоо лигасынын" башчысы Назгүл Турдубекова

"Мени бул маселе абдан түйшөлтөт. Ошондуктан ыктыярчы керек дегенди окуп, дароо эле дедим. Анткени балдарды коюп кетсе да, акыр аягында эч ким жоопкеричлик албай жатат. Айдоочулар бул жакшы эмес экенин, жоопкерчиликти сезбей жатышат. Мен да айдоочумун, баарыбыз бири-бирибизди жолдо сыйлашыбыз керек", - деди Жамиля.

Расмий сандар жакшырууну көрсөтүүдө

Бирок Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жалпы статистика түшүп жатканын айтууда. Анын басма сөз кызматынын өкүлү Медер Шабдановдун билдиришинче, жол кырсыгынан балдардын өлүмү өткөн жылдын төрт айына караганда бул жылы 69 пайызга төмөндөгөн:

"Өткөн жылдын төрт айында жол кырсыктарына балдар кабылган 389 учур болсо, быйыл төрт айда 336 болду. Анын кесепетинен өткөн жылы ушул аралыкта 36 бала мерт кетсе, быйыл он бир бала көз жумган. Жаракат алгандар былтыр 424 болсо, быйыл 376 деп катталды, бул 12 пайызга аз".

Европада 100 адамдан орточо тогуз киши жол кырсыгынан өлсө, жакыр мамлекеттерде ал 26га чейин жетет. Мисалы, Британияда бул көрсөткүч тогуздан да ылдый, ал жакта машина эң көп болуп эсептелет. Ага карабай, жол кырсыгы жана кесепеттери боюнча дүйнөгө үлгү болуп келатат. Британияда атайын жол менен унааларды гана караган кызмат да жок. Бирок ылдамдыкты, башка жол эрежелерин көзөмөлдөгөн техникалар бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу - комплекстүү чарлар менен катар ылдамдыкты чектей турган чарларды көрүү. Анткени жолдо өлүмгө алып келген башкы себептердин бири машинаны катуу айдоо болуп саналат.