Тогуз ай күткөн туристтик сезон башталды

Тар-Суу айылы
Image caption Тар-Суу айылы

Кыргызстанда 2017-жылкы туристтик сезон 7-майда расмий ачылды. Маалымат боюнча, былтыр Ысык-Көлгө 750 миң турист келген болсо, жалпы Кыргызстанга келгендердин саны дээрлик 4 миллионго жеткен. Быйыл мындан да көп келери күтүлүүдө.

Туристтер көп баш баккан аймактарда быйыл да жай алды чоң даярдыктарды көрүүгө болот. Көпчүлүгү короосун көрктөндүрүп, туристтерге жатак даярдоо менен алек. Чоң Кеминдик Азиз Исабеков башкалардан айырмаланып туристтик сезонго кыш жамына камынган. Ал дээрлик элүүгө жакын кишини бир учурда тоодо ат менен, кечинде атайын программа менен камсыздай алган “Кемин Хаус” эс алуу жайынын негиздөөчүсү.Менин мейманканам Чоң-Кеминдеги Тар-Суу айылында жайгашкан. Буюрса быйылкы сезонго даярдык жакшы. Ысык-муздак суу, таза ашкана, жарык жана тыкан бөлмөлөр менен тейлөө кызматтарын да алдыга жылдырдык. Келгендер тоого чыгып, арча арасында эс алып, сууну жээктесе болот. Андан сырткары, айылыбыздын кооз жерлери көп, аларды да көрө алышат. Негизгиси, быйыл мен мейманканага чакан музей ачканы атам. Ал жерде кыргыздарга тиешелүү маалыматтык эски буюмдар болот. Учурда үй-бүлөбүз менен сезондун ачылышын мыкты тосуп алдык”, - дейт жаш ишкер Азиз.

Image caption "Кемин Хаус" мейманканасынын негиздөөчүсү Азиз Исабеков

Кыргызстанда быйыл туристтик сезон 7-майда расмий ачылды. Ал туризмдин очогу болгон Чолпон-Атадагы чоң ипподромдо өтүп, жарманке менен коштолду. Ал жерде туристтик компаниялар, пансионаттар, эс алуучу жайлар өздөрүн тааныштырып, конокторго кенен маалымат берген.

Деген менен буга чейин жыл сайын чоң иш-чара менен ачылган туристтик сезон бир эле күн майрам болуп, ал бүткөндөн кийин көлгө түшүүдөн башка эч кандай иш-чара уюштурулбайт деген нааразылыктар болгон. Бул өксүктү эске алып быйыл жайы бою атайын программалар өтөрүн Туризм департаменти кабарлоодо.

“Жылда чечилбей келе жаткан маселени быйыл чечтик десек болот. Чолпон-Атадагы ипподромдо жума сайын атайын көңүл ачуучу программалар түзүлдү. Кайсы күнү эмне болорун атайын китепчеден көрсө болот. Ал жерде ыр-бий менен коштолгон кызыктуу оюндар дагы өтөт. Бул туристтердин көлгө түшүп, кечиндеси дагы жакшы эс алуусуна түзүлгөн шарт”,- деди аталган мекеме жетекчиси Азамат Капаров.

Кыргызстанга туристтерди тартуу аракети быйыл жогорку деңгээлде өттү деп ишендирүүдө Туризм департаменти. Анткени бир катар эл аралык жарманкелерге катышып, башка өлкө жарандарына көп маалыматтар таратылды дешет алар. Бирок жылдагыдай эле эс алуу жайларынын тазалык көйгөйү жана Балыкчы-Корумду жолунун быйыл да бүтпөй жатышы курч маселе бойдон турат.

Маалыматтар боюнча, былтыр Ысык-Көлгө 750 миң турист келген болсо, жалпы Кыргызстанга былтыр келген туристтердин саны 4миллиондой болду. Быйыл мындан да көп келери күтүүлдө. Андыктан туристтер эң көп маани берген коопсуздук маселеси учурда Ички иштер министрлигинин негизги милдети катары турат.

Тектеш темалар