Кыргызстан санариптик ТВге өттү

Кыргызстанда калкктын 88% санарипке кошулду Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргызстанда калкктын 88% санарипке кошулду

15-майга караган түнү Кыргызстанда аналог телекөрсөтүүлөрү өчүрүлүп, калктын 88% санарипке кошулду. Бирок мамлекет толук санарипке өтүүсү үчүн 326 айылга жабдуулар орнотула элек, сигнал жете элек. Өлкөдө санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Санарип жандыбы?

87 жаштагы Сыргак Сооронкулов Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турат.

“Киев көчөсүнүн түштүк жагында Абдыкерим Сыдыков деген көчө бар. Ошол жактагы 10 кабаттуу үйдүн биринчи кабатында кемпирим менен турам. Балдарым келип чогулуп калышат, ошолорго ишенип булар санарип менен эсептешет го деп отурам. Кичирээк телевизор коюп алдым эле, жаңы ачылган каналдарды тарта албай атат го. Санарипти койсо тартат деген да. Кемчилиги бар болсо чалгыла деп бир номер беришти эле, начар болсо эми ошого чалсак жөндөп беришет да”, - деди Сыргак Сооронкулов.

Карыя айтып жаткан санарипти жандыруу боюнча “1212” сурап-билүү телефон номерине чалуулар 15-майдан тарта көбөйдү. Сменасына буга чейин төрттөн гана киши иштеп келген болсо, эми операторлор саны алтыга жетти. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө санарипке өтүү маселелерине байланыштуу өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

“Түнү Кыргызстандагы 240 аналог форматындагы чагылдыргычтар өчүрүлдү. Өчүрүүлөрдун акыркысы түнкү саат 02.00гө туура келди. Ушуну менен Кыргызстан бүгүнтөн тарта санариптик форматка өттү деп айта алабыз”, - деди Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова.

Ыкчам штаб, мобилдүү көчмө топтор иш алып барууда

Калктын санарипке өтүүсүн жеңилдетүү үчүн 11-майда республикалык ыкчам штаб түзүлгөн эле.

Штаб курамына Санариптик теле-радиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссия мүчөлөрү, облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери кирди. Ага биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жетекчилик кылууда.

Штабды түзүүдөгү негизги максат - элден түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп кылып, жардам берүү. Учурда штаб ичинде мобилдуу көчмө топтор да уюштурулуп, алар өлкөнүн бардык аймактарында 31-июлга дейре иш алып барат.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Кыргызстанда санарип ТВ 2014-жылдан тарта тесттик форматта параллель иштеп келгенин жана бир да жолу иштен чыкпаганын белгиледи.

Бүгүнкү күнү өлкө боюнча 54 передатчик санарипти камсыздоодо.

Санарип ТВ 326 айылга жетпей турат

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Темирбекова: Кыргызстан бүгүнтөн тарта санариптик ТВ форматка өттү

Сигналдан сыртта калган өлкөдөгү 326 радиобайланыш жетпеген аймактарга санарип ТВни жеткирүү боюнча мамлекеттик комиссия иш-планын бекиткен.

“Ошол план боюнча 65 санариптешкен автоматташтырылган ретрансляторлор майда келет. Биринчи партиясы келип, тогузу коюлду. Кыргызстан боюнча алтоо Ош облусунда, экөө Ысык-Көлдө, бирөө Чуй облусунда коюлду. Дагы 56 мына бүгүн-эртең келет делип атат. Мындан башка, экинчи партия 75 ЦАТР контракт боюнча июнда келет. Учүнчү партия менен 71 ретранслятор келет, алар июль-августта коюлат”- деди Айнура Темирбекова.

Бүткүл өлкө жапырт санарипке өтүп жаткан чакта Кыргызстандын кээ бир алыскы айылдарында жарыкка жетпегендер бар.

Акмырза Тагаев - Баткен районунун Зардалы айылынын мурунку айыл башчысы. Ал бул алыскы кыштакка санарип эмес эмес кадимки аналогдук ТВда жетпегенине кейийт.

“Зардалы айылы Баткенден 120 чакырым алыстыкта турат, бул жакта свет жок, бул маселе боюнча кайра-кайра кайрылып бирок колдоо таба элекпиз. Жергиликтүүлөр маалыматты радиодон алышат. Телевидение деген жок, аны көргөнгө да шарт жок”- деди Тагаев.

Учурда санариптик эфирдик телекөрсөтүүнүн негизги төрт стандарты бар. Алар: DVB - европа, ATSC - америка, ISDB - япон, DТMB - кытай стандарттары.

Кыргызстан аймагында санариптик эфирдик телекөрсөтүү DVB-T2 европа стандартында ишке киргизилүүдө.