КСДПнын президенттике талапкери даярбы?

ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаттары Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаттары

Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков алдыдагы шайлоодо президенттикке талапкерлигин койбой турганын айтты. Ал социал-демократттар партиясынын ыктымал талапкери катары аталып жаткан. КСДПдан президенттикке ким көрсөтүлүшү мүмкүн?

Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков акыркы саналуу айда маалымат каражаттарына көп чыгып жатты. Мурда президент башында болгон Аксы окуясын эскерүү өңдүү иш-чараларга жалгыз катышты, Өзгөн районунунда көчкү катталган жерге барды.

"Таза коом" аттуу өлкөнү санариптештирүү долбоорун жетектөөдө. Ушул тууралуу сүйлөп жатып, Исаков долбоор президенттик шайлоо платформа эмес деп, өзү талапкерлигин койбосун айтты.

Андан кийин эле КСДПнын болжолдуу талапкери катары өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аты чыгууда.

Анткен менен КСДПда Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков өңдүү белгилүү саясатчылар көп болгондуктан ким талапкер болоору азыркыга чейин табышмак.

Бирок саясатчы Азимбек Бекназаров социал-демократтар азыркы президент кимди көрсөтсө, сөз жок ошол кишиге иштейт дейт:

"Алар президент кимди айтса, ошону колдошот. Аларга шашылыштын деле кереги жок, байлыктын, бийликтин ээси ошолор. Керек учурда чогулуш кылып, көрсөткөн адамга баары иштей башташат. Бөркүңөрдөй көргүлө, буларда команда бар. Анткени Кыргызстанда бийликке ким келсе, ошо менен иштеше берген 30 пайыздай социалдык топ пайда болуп калган".

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун билдирүүсүнөн кийин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкерлиги көбүрөөк болжолдонууда

Муну менен Бекназаров партия ичиндеги дымагы күчтүү саясатчылар бир талапкерге макул болбой жатышат деген пикирлерди жокко чыгарууда.

Ал негизи шайлоо жарыялана электе талапкерин расмий билдирүү мыйзам бузгандык болор эле дейт:

"КСДПныкы даяр да, аларга жарнаманын деле кереги жок. Кыргызстандагы шайлоодо үч касиет керек. Биринчиси, талапкердин деми күчтүүбү, ар кандай мыйзам бузууларга туруштук бере алабы? Экинчиси, материалдык базасы барбы, үчүнчүсү командасы барбы? КСДПнын лидери, Атамбаевдин талапкерлеринде ушул үч касиет тең бар".

Саясат таануучу Марс Сариев КСДПдан президенттикке талапкер болуп азыркы саясаттын ичинде жүрбөгөн бирөө да келип калышы мүмкүн деген ойдо:

"Мен КСДПдан системадан сырткаркы бирөө келип калышы мүмкүн деп ойлойм. Мисалы, БУУнун Афганстандагы атайын саясий миссиясынын мурдагы директору Таалат Масадыков. Анткени азыркы абалга жараша системадан сырттагы адам келбесе, Кыргызстан ушу турушунан алдыга жылбайт дагы, "калыптанбаган мамлекетке" айланып кетет".

Image caption Bishkek School of Public Relations коомунун жетекчиси Гүлнура Торалиева:

Марс Сариевдин оюнда КСДП салмактап көрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Анткени Россия, Казакстан өңдүү сырткы өлкөлөрдүн да пикири маанилүү дейт ал.

"Путиндин Кыргызстанга сапары шайлоого байланыштуу деген божомолдор болду. Жеке сапар менен Шойгу, Кириенко жөн эле келип атат дейсиңерби, ал президенттик шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу. Борбор азиядагы кырдаал азыр өзгөрдүүдө. Россия үчүн аймактагы коопсуздук жана системалуу лидер маанилүү. Ага азыр Чеченстандай болбой, колдон тамак берип бактырбаган, Кыргызстанды өзү көтөрүп кеткен лидер керек", - деди Сариев.

Ал эми партия өзү жакында өтчү съездинде талапкер тандаарын айтып келатат. Бул тууралуу КСДПдан депутат Айнуру Алыбаева билдирди:

"Баары партиянын съездинде белгилүү болот. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан мүчөлөр келет. Алар кандай чечсе, канча талапкерди чыгарса ошого жараша чечилет. Балким үчөө, балким бешөө чыгар".

Президенттик шайлоого талапкерлигин белдүү саясатчылардан Өмүрбек Бабанова, Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев расмий жарыялашкан.

Ал эми талапкердин элге таасир этүүсү жана үгүт жагынан алганда КСДП эч нерседен уттурган жок дейт PR адиси, Bishkek School of Public Relations коомунун жетекчиси Гүлнура Торалиева:

"КСДП талапкерин кеч чыгарса да болот. Анткени башка партияларга караганда ресурсу көп. Ошондуктан алар шашкан жок. Талапкерин көрсөтсө да ал азыр эл аралап, ЖМК менен иштешип, сыртка чыгып жаткан киши болот. Башкача айтканда, бул партиянын катасы эмес, баарибир иш жүрүп жатат. Талапкерин көрсөтүүдө шашпай жатышкан болсо, демек алар өзүнө ишенет".

Ал арада Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана регламент боюнча комитети шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырды. Ага ылайык президенттик шайлоо 15-октябрга мерчемделүүдө.

Социал-демократтар партиясынын республикалык съезди майдын аягына болжолдонгон.