Бишкектеги аттракциондор канчалык коопсуз?

Панфилов паркы
Image caption Панфилов паркы

Ошто сегиз адамды кырсыкка алып келген каруселдин кулоо себептерин жана жоопкерчилигин эч ким мойнуна ала элек. Бул окуя Кыргызстандагы бардык эс алуу бактарындагы аттракциондордун техникалык абалы тууралуу маселени көтөрдү. Анын ичинде эл тынымсыз агылып турган Бишкектеги каруселдердин коопсуздугу да орчундуу маселе катары каралууда.

Бишкектеги Панфилов паркы шаардын так ортосунда жайгашкандыктан күнүнө миңдеген адамдар агылат. Күндүзгү саат 3-4 төрдөн баштап, түнкү он экилерге чейин тынбаган бул каруселдердин баасы бир түшүү үчүн 50сомдон 75сомго чейин жетет. Аттракциондорго кире бериште баасы гана чоң болуп жазылып турганы менен, техникалык коопсуздуктар туралуу кенен маалымат жок.

Сырттан байкаган кишиге өзгөчө кооптуу көрүнгөн бул каруселдерге байланыштуу кандай суроо бербе ал жерде иштеген операторлор жөн гана кызматкер экенин айтып, жоопкерчиликти жетекчиликке шылтайт. Акыры парктын администрациясын таап, жетекчиси Дмитрий Петровду маекке тарттым. Ал Панфилов паркындагы аттракциондордун коопсуздугу тууралуу мындайча оюн ортого салды:

“Мындан жети жыл мурда, атап айтканда 2009-жылы бул парк ижарага алынган. Ошондо биз бүт аттракциондорду жаңылап, эскилерин жарактан чыгарганбыз. Оңдоп-түзөө иштери бир нече ай жүргөн. Андан бери 7-8 жыл өттү арадан, кандайдыр бир даттануу же бузулуу, жабыркоо боло элек. Ошого карабастан жыл сайын ремонт, майлоо, оңдоо иштери жүрөт. Улам жаңы техникалар дагы кошулуп турат. Көпчүлүк ойлошу мүмкүн каруселдерди иштеткен операторлор көчөдөн келип эле ишке кирген деп. Жок, биз ар бир кызматкерди атайын техникалык билим менен алабыз, жоопкерчилик бар да бизде дагы. Ошон үчүн дагы канча адам келбесин былк этпей эле иштеп атабыз”.

Бишкекте жергиликтүүлөр жана коноктор каруселдерге түшүү үчүн негизги үч паркка барышат. Асанбай, Панфилов жана Ата-Түрк эс алуу бактарында жалпы болуп жүзгө жакын карусель бар. Алардын техникалык абалынын начардыгын, кооптуу экенин айтып тургундар кээде нааразылык билдиргени бар.

Ал эми расмийлер парктар жеке менчик эс алуу жайлары болгондуктан мамлекеттик органдар аны текшергени менен, эч биринде тыюу салуу укугу жок экенин бетке кармайт.

“Бизде текшерүү үчүн техникалык регламент деген болот. Ага атайын нормативдик-укуктук акт керек. Ал акт 2018-жылы кабыл алынганы жатат. Биз азыр канчалык текшерсек дагы эч бир аттракционго жабуу тууралуу тыюу сала албайбыз, мыйзамдык укугубуз жок. Болгону эскиргени же техникалык абалынын начардыгын айтып сунуштама кат жазабыз”, - дейт Өнөр-жай коопсуздугу боюнча сектор башчысы Таалайбек Айдаркулов.

Ошто сегиз адам карусель кулап кырсыкка учуругандан кийин бүт Кыргызстан боюнча эс алуу жайларындагы коопсуздук маселеси орчундуу темага айланды. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатканы менен, Оштогу аттракцион жалгыз эмес экенин айтып, коркунучтуу абалда иштеп жаткан баша дагы каруселдер көп экенин айткандар көп. Ал үчүн ар бир эс алуу жайынын админстрациясы жоопкерчиликти мойнуна алып, ремонттоо же эскилиги жеткендерин иштен чыгаруу аракетин көрбөсө, бир эле окуя бүт эс алуу жайларынын атын булгап жатат деп тынчсызданат ишкерлер.

“Бир жылда эки жолу текшерип турууну талап кылган аттракциондор бар. Иштөө мехнизмени байланыштуу алар. Андыктан ар ким өзүнүн кардарынын коопсуздугуна жооп бериш керек. Мисалы, биз өзүбүздүн аттракциондорубуз үчүн толук жооп бере алабыз”, - деди "Балдардын эс алуусу" ишканасынын директору Дмитрий Петров.

Расмийлердин ишендиришинче, Бишкектеги аттракциондорго байланыштуу буга чейин адам өмүрүнө зыян алып келген кырсык бир да жолу катталган эмес. Бирок кандай болгон күндө да Оштогу окуя бүт эс алуу жайларынын жетекчилери үчүн чоң сабак болду дешет байкоочулар.

Тектеш темалар