Бакиевдердин мүлкү кайда?

"Мекен шейиттери" уюму Бакиевдердин мүлкү боюнча комиссия түзүүнү талап кылууда. Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/Getty Images
Image caption "Мекен шейиттери" уюму Бакиевдердин мүлкү боюнча комиссия түзүүнү талап кылууда.

“Мекен шейиттери” уюму Бакиевдердин улутташтырылат делген мүлкүнүн чоо-жайы боюнча бийликтен комиссия түзүүнү талап кылды. Экс-президент жана анын туугандарына тийиштүү объектилер кимге, кандай шартта сатылганы, сатыктан Мамлекеттик мүлк фондусуна түшкөн каражаттын реалдуу көлөмү канча болгону кызык болууда.

“Мекен шейиттери” коомдук уюмунун теңтөрагасы Нурия Айдабосунова 2010-жылдын 7-апрелинде жакындарын жоготкондордун бийлик өкүлдөрүнө мындай мазмунда сурак менен кайрылууга моралдык да, юридикалык да укугу бар экенин белгиледи.

“Бакиевдер соттун үч интанциясында 7-апрелдеги окуяларда адам өлтүрүүгө жана ага чейин мамлекеттик чыгым келтиргени үчүн күнөөлү деп табылышты. Биз айтып жаткан 17 объект бул сотто каралып, далилденгендер, ошолор боюнча жоопту күтүп жатабыз”,- деди ал.

Апрель ыңкылабында жабырлануучулар Бакиевдердин мүлкүнүн тагдырын иликтей турган комиссияга “Мекен шейиттери” уюм атынан өкүлдөр киришин талап кылышты. Комиссияга ошондой эле Мамлекеттик мүлк фондусунан, Жогорку Кеңештен, Эсеп палатасынан аудиторлор кириши сунушталды.

Айдабосунова экс-президент Курманбек Бакиевге тийиштүү делип улутташтыруу үчүн мамлекетке өткөн жана алар кызыккан объектилерди тизмектеп да берди.

“Петрол Групп” (БНК), “Бишкектеги ликер-арак заводу” ЖЧКУлары; “Альфа Телеком” ЖАКсынын акцияларынын 49%ы; “Манас” аэпортунун 12,49 гектарга тете жер тилкесин ээлеген кичи терминалы; “Кристалл” МАКтын акцияларынын 100%ы; “Таш-Көмүр” ААКсынын акцияларынын 96%ы;

“Чатыр-Көл” кинотеатры, “Двадцать пятый кадр” ЖАКтын акцияларынын 99%ы; Ысык-Көл жээгиндеги “Витязь” пансионатына караштуу 91 коттедждүү 9,32 гектарга тете жер үлүшү , Кара-Ой айылындагы “Инвест-Трест” ЖЧКУсуна тийиштүү 10 гектар жер аянты; ушул эле көл жээгинде “Терра-Нова” ЖЧКУсуна караган 6,5 гектар жер; “Исык-Көл Аврора” пансионатынын аймагындагы “Аврора плюс” турак жай комплексине таандык 10 гектар жер тилкеси; “Сансей” ЖЧКУсунун аймагына кирген көл кылаасында 6,76 гектарлык жер;

“Медиа имидж” ЖАКтын (уставдык капиталына “Пирамида” ЖЧКУсу кирет)акцияларыны 100%ы; Бостеридеги “Достук” эс алуу үйү; “Солнышко” пансионундагы 11,29 гектар жер; президенттин иш башкармалыгына тийиштүү “Иссык-Куль Аврора” санаторийинин аймагында курулган үч кабаттуу конок үйү (жер тилкеси менен) Бакиевдерге жана алардын жакын саналаштарына тийиштүү делип, мамлекетке өткөн.

Бул объктилер тагдыры коомчулукка ачык жарыяланбай бүдөмүк болуп жатканына нааразылык айтылды.

“Качкын президенттин бул мүлкүн кимдер сатып алышты? Кандай баада? Мыйзам бузулган жокпу? Мамлекетке канча салык төлөндү? элге так билдирилсин. Бакиев жана анын туугандары чет өлкөгө качканда алып чыгып кеткен алтын жана башка баалулуктардын так эсеби берилсин”, - деди апрель окуяларында жолдошун жоготкон Гүлмира Жоробекова.

2010-жылы 7-апрелдеги окуялардан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн декрети менен 47 объект камакка алынган. Кийинчерээк 2011-жылдын 8-июнунда “Мамлекеттештирилген объектилерди натыйжалуу башкаруу жана тескөөнү камсыздоо" программасы ишке кирген.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бакытбек Мураталиев: Бакиевдерге тийиштүү 47 объекттин 25и мамлекет карамагына өтүп, 21ин менчиктештирүү иш-аракеттери уланууда.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонддун төрага орун басары Бакытбек Мураталиев 47 объекттин 25 мамлекет карамагына өтүп, 21ин менчиктештирүү боюнча аракеттер уланып жаткандыгын билдирди.

“Бүгүнкү күнгө менчиктештирилгендер: көлдө жайгашкан №56 коттеджи10 миллион 935 миң сомго сатылган, "Bavaria 38 Cruiser" деген яхта 2 миллион 335 миңге сатылган. “Дитис” ЖАКтын акцияларынын 33%ы 900 миллион 920 миң сомго, ал эми “Азия Агрорерус” АКтын акцияларынын 35%ы 16 миллион сомго сатылган. “Петрол Групп” ЖЧКУсынын акцияларыны 100%ы 137 миллионго, ЯК-40 деген учак 5 миллионго сатылган”, - деп билдирди Бакытбек Мураталиев.

Бакиевдердин мүлкүнө байлыныштуу быйыл 20-январда Жогорку Кеңеште мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жана анын жакын санаалаштарына таандык делген, камакта турган мүлктөрдүн сатылышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Буга Бишкек шаарындагы Максим Бакиевге тиешелүү, сатууга тыюу салынган, камактагы Скрябин 45-а көчөсүндө катталган 1,28 гектар жер сатылып кеткени себеп болгон эле.

30-мартта комиссиянын алдын ала бүтүмү чыгып, ага ылайык камактагы жер тилкеси мыйзамсыз сатылган делген. Комиссия жетекчилик кылган депутат Канатбек Исаев Максим Бакиевдин жакын санаалаштарына тийиштүү бирок улутташтырылбаган дагы 15 объект боюнча фактылар чыгып атканын ачыктаган эле.