Шайлоодо арыздарды кароо тартиби талкууланды

БШКда шайлоодогуталаштарды жайгаруу жол-жоболору талкууланды Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption БШКда шайлоодогуталаштарды жайгаруу жол-жоболору талкууланды

Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарындагы арыз-даттанууларды кароо жол-жобосу толуктоолорго муктаж. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Венециан комиссиясынын айрым эксперттери менен БШК мүчөлөрүнүн жолугушуусунда айтылды. Шайлоочулардын арыздары БШКнын жалпы жыйынында эмес, комиссия алдындагы жумушчу топтор тарабынан каралары да суроо жаратууда.

Венециан комиссиясы шайлоо реформаларын колдойт

Борбор Азиядагы Венециан комиссиясынын долбоорлор менеджери Светалана Анисимова Европа Кеңеши учурда Кыргызстандагы шайлоо системасын реформалоо боюнча программалык колдоо көрсөтүп жаткандыгын билдирди. БШК бул программа алкагында негизги бенефициар эсептелип, Венециан комиссиясы беш багыт боюнча колдоо көрсөтүүдө.

'Шайлоо системасын реформалоо боюнча бийликтегилерге көмөк көрсөтүү, шайлоочулар тизмесин так камсыздоо үчүн БШК менен Каттоо кызматына жардам берүү, шайлоо маалында арыздарды кароо системасын жакшыртуу, шайлоочулардын өздүк маалыматын коргоо жана шайлоо катышуучуларынын потенциалын көтөрүү беш багыты боюнча иш алып баруудабыз',-деди Анисимова.

Ал июнда Кыргызстанга Европа Кеңешинен өкүлдөр келип, Венециан комиссиясы алкагында шайлоо системасы боюнча милдеттенмелердин аткарылышына байкоо салышарын билдирди.

Венециан комиссиясынын юристи Сергий Кальченко шайлоодогу талаштуу жагдайлар боюнча арыздарды кароонун Европа стандарттары менен тааныштырды. Эксперт Кыргызстандын шайлоо мыйзамдары менен таанышып чыкканын айтып, сунуштары менен бөлүштү.

'Борбордук шайлоо комиссиясынын документтерин карап чыгып, арыздарды кандай жазуу керек сунуштарды көрө алган жокмун. БШК төрайымы арызда эмне камтылышы тууралуу комиссия чечими бар деп жатат, бирок мен аны көрө албадым. Арыздын формасы же аны кандай жазуу керек сунуштама көрүнүктүү жерде, мисалы комиссиянын сайтында жайгаштырылса жакшы болмок', - деди ал.

Кыргызстан Венециан комиссиясына мүчө болгондон кийин шайлоого байланыштуу келип түшкөн арыз-даттанууларды БШКнын сайтына өз убагында жарыялоого милдеттүү. Бул кийин ошол жагдайда келип түшкөн даттанууларды кароодо башкача чечим чыгарууга жол бербейт жана мыйзамды колдоонунун бирдиктүү принцибин камсыздайт.

Жумушчу топтордун ыйгарым укуктары суроолор жаратты

Жолугушууда Кыргызстанда шайлоо маалында келип түшкөн арыздарды кароо ирээти, жол-жобосу боюнча да талкууланды. Венециан комиссиясынын эксперттерине өлкөдө шайлоочулардын даты БШКнын жыйынында эмес, атайы жумушчу топтор тарабынан каралары кызык болду.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Венециан комиссиясынын эксперттери Бишкекке келди

'Арыздарды кароо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу топторунун ыйгарым укуктары да суроо жаратат. Мындай орган болгону жакшы нерсе, бирок арыздар мыйзам боюнча жумушчу топтордор тарабынан эмес, БШКнын жыйындарында, бардык мүчөлөрдун катышуусунда каралышы керек. Жумушчу топ жардамчы гана орган болушу керек',-юрист деди Сергий Кальченко.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова эмне себептен арыздарды жумушчу топ караган практикасы калыптанып калганын деп түшүндүрдү.

'БШКга мүчө 12 киши бар. Кайсы мүчө кайсы суроо же маселе боюнча кызыкса ошол жумушчу топко бөлүнүп иштейбиз. Баардыгыбыз ошол жерден чечим кабыл алыш оор. Бул себептүү коллегалар бөлүшүп алышып алдын ала карап, анан жыйынтыгын сунуштама катары киргизебиз. Арыз туура берилген, айтылгандар тастыкталганбы же жокпу деп. Адатта жумушчу топтун жыйындарына ошол арызга тийиштүү тараптарды чакырабыз',-деди БШК мүчөсү.

Шайлоодогу талаштуу жагдайларды жайгаруу, арыздарды кароо жол-жобосу тууралуу өткөн жолугушууда постсоветтик аймактагы башка өлкөлөрдун тажрыйбалары да каралды.

Активисттер БШКга нааразы

Кыргызстанда 2016-жылы 11-декабрында жергиликтүү кеңешке шайлоолор жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү.

Кош добуш берүү жыйынтыгында БШКга шайлоочулардан 63 арыз түшүп, алардын 18 референдумга байланыштуу даттануулар болду.

Image caption Рита Карасартова: БШКга арыздануу шарттары татаалдашты

БШКга буга чейин арызданып жүргөндөрдүн бири, Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова комиссиянын даттардын кароосу ашыкча эле бюрократиялашканын айтты. 'Буга чейин биз БШКга кайрылганбыз өткөн шайлоодо. 'Кошумча добуш берүү участкалары түзүлүп ал жакка жаш балдарды киргизип атышат, деканы отурду жанында' деп. 'Бюллетендери көрүнүп шайлоо сыры бузулуп атты' деп баарын жазсак, 'кана?, далилдеп бергиле' дешти. Мына деп көрсөтсөк деле, аларды далил эсептешкен жок. 'Декан ким экен?' дешет, ал бизге фамилиясын айтмак беле, биз аны эптеп кууп чыктык. Ошондой маселелер менен кайрылсак, 'ооба, силер туптуура айттыңар' деп коюп эле, 'ит үрө берет, кербен жүрө берет' кылып атышат',-деди активист.

Рита Карасартова БШК үстүнөн арыздануу жагы да катаалданып калганын кошумчалады. Буга чейин шайлоого байланыштуу түз эле сотторго кайрылуу мүмкүн болсо, эми шайлоого байланыштуу даттар алгач участкалык анан аймактык комиссиялардан өтүп, анан барып БШКга келерин айтты.

БШК бул эреже жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоолорго карата гана иштерин, парламенттик жана президенттик шайлоодо арыздар менен түз эле БШКга кайрылууга болорун билдирди.

Кыргызстанда күзүндө президенттик шайлоо өтөт, добуш берүү күнү алдын ала 15-октябрга белгиленүүдө.