Чет өлкөлүктөр 66 кыргызстандык баланы асырап алды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат жыйыны
Image caption Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат жыйыны

Соңку үч жылда кыргызстандык алтымыш алты баланы чет өлкөлүк жарандар асырап алды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бүгүн тараткан маалыматына ылайык, Кыргызстандын өзүнүн ичинде болсо үч миңден ашуун бала асыроого берилген.

Бишкек шаары боюнча гана миңдеген адамдар бала багып алуу үчүн жылдап кезекте турган учурда борбордогу наристелер үйүндө ондогон балдар тарбияланууда. Бул балдар ден соолугу боюнча ар кандай мүчүлүштүктөргө ээ. Андыктан жергиликтүүлөр оорулуу балдарды багып алууну каалашпайт. Мындай учурда балдарды негизинен чет өлкөлүктөр алып кетишет. Медицинасы өнүккөн өлкөлөрдөгү колунда бар адамдар оорулуу балдарды асырап алып, сакайтып алган учурлар көп эле болот дешет адистер.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде иштеп келаткан адис Жаңыл Жумабаеванын айтымында, чет өлкөлүктөр алып кеткен балдардын арасында алда-канча жакшы жылыштар болгондору бар.

“Чет өлкөлүктөр асырап алган 66 баланын ичинде экөөсү даун синдрому бар балдар эле. Алар тууралуу бүгүн отчет алдык. Мектепке татынакай барып окуп атышыптыр. Ал жакта оорулуу же ден-соолугунан кемтиги бар балдарды жектөө же психологиялык басым жасоо деген нерсе жок да. Биздин балдар абдан жакшы көнүп калыптыр. Биз муну АКШга 20 күнгө барып, асырап алынган балдар жана ата-энелери менен болгон жолугушуу учурунда да байкадык. Нооруз жана Эгемендик майрамда сөзсүз кезигишет экен. Балдар 18 жашка чыккандан кийин Кыргызстанга келип жакындарын көрүп кетсе болот, бирок алар азыр жашыраак”.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, соңку үч жылда 66 кыргыз балдарын чет өлкөлүк жарандар асырап алган. Балдардын жашы көбүнчөсү төрттөн жети жашка чейинкилер болуп, алардын 95% патологиялык оорулуу балдар болгон. Кыргыз наристелерине кызыкдар болгондор көбүнчөсү АКШ, Финляндия жана Швеция өлкөлөрүнүн жарандары.

Кыргызстандын талаптарына ылайык, балдар улуттук деңгээлде асыроого алынбай, толук жетим болуп, анан ден-соолугунда мүчүлүштүктөр болгон учурда гана чет өлкөлүктөргө берилет. Андыктан оорулуу балдар Кыргызстандагы наристелер үйүндө кыйналгандан көрө, башка өлкөлүк болсо дагы кандайдыр бир деңгээлде мээрим төгө ала турган ата-энелерге берилгени оң дешет эксперттер.

“Учурда Кыргызстанда чет өлкөлүктөргө балдарды асыроого көмөктөшкөн 12 компания иш алып барууда. Алар дагы өлкө шарттары жана асыроочуларды тыкыр көзмөлдөн өткөрүп турат.Эл аралык стандарттар боюнча, атап айтканда, Гаага конвенциясына кол койгон өлкөлөргө отчет келип турат. Андыктан балдарды жакшы шарттуу ата-энелерге берген оң”, - деди “Балдарды коргоо лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова

Бирок, медалдын экинчи жагы да бар. Кыргызстандан кеткен балдардын баары эле чындап наристе тилеген үй-бүлөлөргө туш келет деп эч ким кепил боло албайт. Буга чейин парламенттик жыйынында айрым депутаттар кыргызстандык балдарды чет өлкөлүк атуулдар кандай максат менен аларына кызыгып, алардын андан аркы тагдырына кооптонууларын да билдиришкен. Андыктан оорулуу балдарды асырап алуунун жакшы жактары менен, кемчиликтерин да унутпай, текшерүүгө алуу керек дешет социологдор.

“Майып, оорукчан балдарга ал өлкөлөрдө абдан эле жакшы карашат, шарттары жакшы. Бирок бардык эле алган ата-энелер чындыгында биздин балдарга жакшы ата-эне болуп бере алабы? Биз кээде маалымат каражаттары аркылуу көрүп калабыз балдарды урганын, эзгенин, зомбулук көрсөткөнүн. Бул жагы көйгөй. Ушак-кептерди да угуп келебиз, наристелердин дене органдарын колдонушат деген. Ал жактарга эч ким бара албагандан кийин элчиликтер көзөмөлгө алышы керек”, - дейт социог Таалай Шаршамбиева.

Кыргызстандан чет өлкөлүктөргө берилген соңку үч жылдагы 66 бала мыйзамдуу жол менен кетип, учурда мамлекеттик органдар көзөмөлүндө. Аларды багып алган ата-энелерден Гаага конвенциясына кол койгон өлкөлөр бир жылда эки жылы отчет алып турат дешет расмийлер.