Кыргызстан-Кытай алакасында жылыштар барбы?

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга болгон иш сапары жыйынтыкталып, бир нече келишимдерге жетишилди Сүрөттүн автордук укугу PRESIDENT.KG
Image caption Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга болгон иш сапары жыйынтыкталып, бир нече келишимдерге жетишилди

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Кытайга иш сапарынын жыйынтыктары коомчулукта дагы бир талкуунун бетин ачты. Президенттик аппараттан билдиришкендей, Атамбаев “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна катышып, Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-кытай фондун түзүү, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу маселелери талкууланды. Бул иш-чараларга байкоо салып турган кыргызстандык эксперттер кыргыз-кытай мамилесинде көптөн бери реалдуу иштерге караганда кур сөздөр көп болуп жатканын белгилешүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга болгон иш сапары жыйынтыкталып, бир нече келишимдерге жетишилди. Анын ичинде азык-түлүк жана айыл чарба товарларын Кытайга экспорттоо, орто жана чакан ишкерликти колдоо, Кыргызстан аркылуу кытай товарларын башка өлкөлөргө жиберүү сыяктуу келишимдерге кол коюлду.

Андан тышкары мамлекет башчысы Бээжинде “Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолун, Бишкектеги автожолдорду жаңылоо маселелерин да талкуулады.

Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин Жибек жолунун экономикалык алкагын түзүү боюнча демилгени ишке ашырууга Кыргызстандын катышуусунун маанисин белгиледи. Ошондой эле Кытай мындан ары да Кыргызстандын экономикасын бекемдөөгө жардам берүүнү улантаарын айтты.

Ал ортодо Кыргызстандын коңшусу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дагы Кытайга иш сапары менен барып, Кытай менен Өзбекстан жалпысынан 23 млрд. долларлык жүздөн ашык макулдашууга кол койду.

Сүрөттүн автордук укугу PRESIDENT.KG
Image caption Кытайда өткөн “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна көз салып турган байкоочулар Өзбекстанды мисал келтирип, Кыргызстанда бул жагынан алгылыктуу жылыштар болбой жатканына көңүл бурушууда

Кытайда өткөн “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна көз салып турган байкоочулар Өзбекстанды мисал келтирип, Кыргызстанда бул жагынан алгылыктуу жылыштар болбой жатканына көңүл бурушууда.

“Эмне үчүн кыргыз-кытай мамилеси жылбай жатат, эмне үчүн чоң инвестиция келбей жатат? Менин оюмча Өзбекстан тышкы саясатын эркин жүргүзүүдө. Себеби ресурсу көп, Борбор Азияда чоң мамлекет. Ал эми Кыргызстан өтө кичине, ресурсу аз өлкө болуп жатпайбы. Кытай бизе темир жол курууга кызыгып жатат”,- деди саясий талдоочу Марс Сариев.

Президент Алмазбек Атамбаев башында турган кыргызстандык делегация Кытайга 13-майда барып, алар “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна катышты. Отузга жакын өлкөнүн жетекчилери катышкан бул форумда Кытай көптөн бери сунуштап келаткан Жаңы жибек жолу долбоорунун жүзөгө ашырылышы талкууланды.

Сүрөттүн автордук укугу PRESIDENT.KG
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев башында турган кыргызстандык делегация Кытайга 13-майда барып, алар “Бир алкак – бир жол” эл форумуна катышты

Анын ичинде чоң долбоор катары “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууга байланышкан маселелерге да өзгөчө көңүл бурулду. Бирок ал долбоорду ишке ашырууга Кыргызстандын саясий эрки жетпейт дейт Марс Сариев:

“Эгер темир жол долбоору бүтсө, Борбор Азия өлкөлөрү Орусиядан кыйла көз карандысыз болуп калат. Ал Орусияга жакпайт. Кыргызстан болсо Орусиянын сөзүнөн чыга албайт. Геосаясат жагынан биз Кытай же Орусияны тандашыбыз керек. Эгер Кытайдын темир жолу бизден өтсө, анда аларга “кошулуп” кетебиз, аскер жагынан дагы. Бул маселе жакынкы жылдары чечилет деп ойлобойм”.

Экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев болсо темир жолдун салынышына Кыргызстандан башка өлкөлөр дагы кызыкдар экенин айтып, бул долбоор Борбор Азия үчүн пайдалуу деп эсептейт:

“Темир жол менен жүк ташуу беш эсе арзан. Эгерде темир жол курулуп калса, Кыргызстандын аймагынан өктөнү үчүн биз да каражат алабыз. Бирок бул долбоорго Орусия менен Казакстан макул эмес, анткени атаандаштык болуп калат. Биз бул эки өлкө менен бир уюмда болгонубуз менен, өзүбүздүн кызыкчылыкты коргоп, пайдалуу болсо, макул дешибиз керек. Эгер зыян десек, анда долбоордон баш тартышыбыз зарыл”.

Кыргызстан үчүн Кытай негизги экономикалык өнөктөш мамлекет деп саналат. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2016-жылы 1 млрд. 800 млн. долларга жетип, Орусияны артта калтырды. Расмий маалыматтар боюнча, Кытай 2012-2014-жылдар аралыгында Кыргызстанга 650 млн. юань грант берген. Андан тышкары Кыргызстан “Датка-Кемин” электр линиясынын курулушуна, Бишкек ТЭЦинин жаңылоо иштерине, “Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушуна жана башка ири долбоорлорго ири суммада кредит алды. Бирок бул кредиттин сарамжал жана туура пайдаланылбай жатканы тууралуу байкоочулар кыргыз бийлигин сындап келүүдө.