Оппозиция президенттикке бирдиктүү талапкер чыгарабы?

Бийликтеги КСДП партиясы президенттик шайлоого премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү. Ал эми оппозициядан күзгө белгиленген президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер сүрөлүп чыгышы күмөндүү. Жеке амбиция, ич ара ажырым, регионалдык трайбализм, орток идеянын жоктугу бийликке каршы топтордун бир күчкө биригишин мүмкүн кылбай турат. Дегеле бүгүнкү күнү парламенттен сырт оппозицияны кимдер түзөт жана алардын саясий айдыңдагы каруусу канчалык?

"Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүнбү?"

Кыргызстандагы учурдагы парламенттен сырт оппозиция күчтөрүн ажырымдоо кыйын. Мурунку Бакиевдин тушунда иштеген чиновниктер жана депутаттар, улутчул күчтөр, Атамбаевге таарынычы бар Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, айтоор, кайнаса каны кошулбагандар көп.

Ошентсе да оппозиция атынан бирдиктүү талапкер көрсөтүү боюнча ушу күндөрү тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр өтүп жатканы тууралуу түкшүмөлдөр чыгууда.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Элмира Ибраимова: Бирдиктүү талапкер боюнча талкуу бар, бирок бүтүм жок

Президенттикке ыктымал талапкер Эсеп палатасынын мурунку төрайымы, оппозициядагы саясатчылардын бири Элмира Ибраимова бул маалыматтарды ырастады.

"Оппозициялык чөйрөдө бул маселени талкуулоо аракети бар. Бирок бул узак мөөнөттүү процесс, андыктан азырынча кандайдыр бир бүтүмгө келишкени тууралуу уга элекмин. Азыр бул тууралуу айтышка эртелик кылат",-деди Ибраимова.

Президенттик шайлоону утурлай өлкөдөгү саясий күчтөрдүн топтолуп, ирилешүү аракеттери байкалууда.

Мурунку өкмөт башчы , "Ак-Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевди оппозициялык саясатчы деп айтууга болбос. Бирок ал биринчилерден болуп шайлоого карата саясий талаада күчтөрдүн башын кошууга аракетин жасады.

17-апрелде анын демилгеси менен Бишкекте "Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик" аттуу талкуу уюштурулуп, ага негизинен азыркы бийликке оппозициялык маанайдагы саясатчылар: Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Элмира Ибраимова, Аликбек Жекшенкулов жана башкалар чогулушту.

Жыйында бийликке жакын арада бирдиктүү кайрылуу жолдоо чечими кабыл алынып, анда президенттик шайлоо алдында мыйзамдуулукту камсыздоо, таза саясий атаандаштыкка шарт түзүү сунуштары берилет делди.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Темир Сариев: Шайлоого аттангандардын баары мекенчил, андыктан биригүү мүмкүн

"Бул жерде бир-эки адамдын биригүүсү тууралуу сөз болгон жок. Бул жерде идеялардын, программалардын биригүүсү тууралуу сөз болуп жатат. Көп айтылган сөздөр бири-бирине шайкеш келип жатат. Аны иштеп отуруп, кеңешип чыкса болот, мамлекеттин багыты боюнча. Анткени баары мекенчил. Бардыгынын ойлору түз чыгып жатат. Бирок жолдору кичине айырмаланашы мүмкүн. Анан экинчиси, бул жерде команда түзүү тууралуу сөз болду. Мен ойлойм, бул экөө тең реалдуу. Биринчиси, бир жакшы программа, идеянын алдында бириксе, экинчиси ошонун негизинде бир команда түзүлсө, анда бүгүнкү айтылган сөздөрдүн баары реалдуу болот", - деген эле "Ак-Шумкар" партиясынын лидери.

Image caption Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Зайнидин Курманов.

Оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирген ал жыйынга Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Зайнидин Курманов да катышып, талкуунун катышуучуларына ал президенттик шайлоодо бирдиктүү талапкерди алып чыгуу жана аны баарылап сүрөө идеясын сунуштады.

Пикиринде, бийликтеги партияны келе жаткан шайлоодо жеңүү үчүн амбицияларды жыйыштыруу керек:

"Президенттикке талапкерлер акылга салып калчап, 2010-жылдагыдай биригүү аракет жасашат деп ойлойм. Ал убактагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү деле белгилүү, дасыккан амбициясы ашып ташкан саясатчылар эле. Бирок алар анда акылга салып калчашты да. Кимде акча көп болсо ошол жеңип чыгарына көздөрү жетти, себеби ал убакта эч кимисинде деле көп ресурс жок эле. Акча мультмуллионерде көп болуп чыкты, ага ставка жасашты жана ал жеңип чыкты. Бийликтеги партияны жеңем дешсе биригүүлөру керек. Болбосо алар азыр Франциядагы шайлоодогудай болушат. Экинчи айлампага эки эле талапкер чыгат"-, деген божомолу менен бөлүштү Кыргыз-славян университетинин профессору Зайнидин Курманов.

Президенттик шайлоого карата өлкөдөгү оппозициялык күчтөр былтыртан тарта эле биригүү аракеттерин башташкан. Бирок ал биригүүлөр идеялык бирдиктүү ураан же программа эмес, жердешчилик факторуна негизделгенин серепчилер белгилеп жатышат. Былтыр түптөлгөн түштүкчүл саясатчылар үчилтигинен кимиси президенттикке чыгат?

Ташиев, Келдибеков, Мадумаров үчилтиги

Парламенттен сырт калган оппозициялык "Ата Журт", "Бүтүн Кыргызстан" саясий партияларынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Жогорку Кеңештин мурунку спикери Акматбек Келдибеков 2016-жылдын 30-ноябрда президенттик шайлоого карата биригип жатышкандыктарын жар салышкан.

Тандем мүчөлөрү шайлоодо негизги күч болорун да айтышкан эле.

"Биздин негизги биздин максат – эмдиги жылы 2017-жылы боло турчу президенттик шайлоо. Ал шайлоодо үчөөбүздүн бирөөбүз мамлекеттик башкарып, элибиздин эртеңки келечегин аныктоо үчүн бел байладык", - деген эле анда Ташиев.

Үчилтик ал союздан бир эле адам президентикке көрсөтүлөрүн билдирип, бирок конкреттүү кимиси талапкер болорун ачыктаган эмес.

Эске салсак, бул альянска киргендерден Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров 2011-жылы президенттик жарышка катышкан.

Бирок бул Акматбек Келдибековдун президент болуу амбициясы жок дегенди түшүндүрбөйт.

Быйыл жыл жаңырары менен айрым жергиликтүү ЖМКлар Келдибеков Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан кеңседе өзүнүн республикалык шайлоо штабын ачканын, аны УКМКнын мурдагы жетекчиси Таштемир Айтбаев башкара турганын жазып чыгышкан эле. Ошондой эле ал жер-жерлерде өкүлчүлүктөрүн ачып, штаб башчыларын дайындоого киришкени маалымдалган.

Келдибеков анда бул маалыматтарды тастыктаган да төгүндөгөн да эмес.

Шайлоого жарым жылча убакыт калганда ал президенттикке барабы же жокпу дагы деле так айтуудан алыс.

Оппозициядан бирдиктүү талапкер сүрөлөбү суроосуна деле аны жообу бүдөмүк.

"Эми бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кырдаалга жараша болот, кырдаал ошого мажбурлашы мүмкүн. Бир адам жеңбеш керек, команда менен чыгып команда менен жеңип келип, ошол команда жалпы жеңишке жеткенден кийин, Кыргызстандагы бүт жоопкерчиликти мойнуна алып иштеш керек. Президенттикке барамбы же жокпу, Кудай буюрса көрөбүз. Кудай буйурса чечебиз", - деди Акматбек Келдибеков.

Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти, саясат тануучу Эмилбек Жороевдин белгилешинче, шайлоо алдындагы бул биригүүдө жердешчилик негизги фактор болгону көрүнүп турат.

Image caption Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти, саясат тануучу Эмилбек Жороев.

"Бүтүн Кыргызстан" жана "Ата Журт" партиялары, өзгөчө алардын лидерлери бирикти дегенден бир аз өтүп-өтпөй эле үч киши үч жакка тартып жатканын байкап атабыз. Биринчи жыйынында "үчөөбүздүн бирибиз президентикке барабыз' дегени менен азыр, жок эле дегенде, экөөсү аттанып аткансыйт. Алар бийликтен сыртта калгандардын, бийликтен үмүтү барлардын оппозициясы болуп атат. Кайсы бир деңгээлде, каадасынча бизде калып жаткан биздеги түндүк-түштүк бөлүүнүсү. Жалпысынан алып караганда, бийлик түндүктөн чыгып аткан болсо, кээ бир түштүктүн саясатчылары биригип оппозициячыл маанайды карманышканы бар",- деди Эмилбек Жороев.

Кыргыз саясатында түндүк-түштүк деген фактор дайым ойноп келген. Байкоочулар түндүк-түштүк болгон аймактык жиктешүү маселеси келе жаткан шайлоодо да чыгарын белгилеп жатышат.

Альянска кирген үч саясатчынын кызмат жолуна үңүлөлү. Камчыбек Ташиев муруну президент Бакиевдин тушунда Өзгөчө Кырдаалдар министри, кийин депутат; Акматбек Келдибеков Салык кызматынын төрагасы, Адахан Мадумаров парламент спикери, кийин Коргоо кеңешинин катчысы болуп, айтоор баары эле, аткаруу жана мыйзам чыгаруучу бийлик бутактарында иш алып барган.

Апрель ыңкылабынан кийин Акматбек Келдибеков парламентте көпчүлүк орунга ээ болгон "Ата-Журт" фракциясынан спикерликке көрсөтүлүп, кийин бийликтеги КСДП жана "Ата-Мекен" фракцияларынын саясий маневрларынан улам төрагалыктан түшкөн.

Келдибековдон тышкары үчилтикке кирген эки саясатчынын президенттик шайлоого катышуу тажрыйбасы бар. 2011-жылы өткөн президенттик шайлоодо талапкер болушкан Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев ал шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюшкан.

Эске салсак, учурдагы президент Алмазбек Атамбаев ал шайлоодо 62,52% добушка ээ болгон.

Соңку кездери оппозициянын бульдозери атыккан саясатчы Азимбек Бекназаровдун учурдагы бийликке карата риторикасы бир аз өзгөргөнсүйт. Сөз болуп жаткан тандем тууралуу пикирин билдирип жатып, ал Конституция жана президентке келгенде жалпы улуттук кызыкчылыктар жогору коюлушу керектигин белгиледи.

"Түштүктүк саясатчылар өткөндө бирикти. Ким демилге кылды мен кийинчерээк билим калдым, бирок мен да катыштым. Ошол жерде “өзүбүздүн кулунубуз, бөлүнбөйлү” деп айтып калышты. Мен ошол жерде сүйлөп айттым: “мени туштүктүк деп чакырганыңар үчүн ырахмат, бирок мен кыргызмын. Оппозиция, бийлик дебеш керек бүгүн. Конституция жана президент маселесинде жалпы улуттун президенти болсун деп максат кылышыбыз керек. Бирок мен ошол жерде да айттым "бүгүн бул жерде отургандар бийликтен четте калган адамдар отурабыз. Ошондуктан бул түштүкчүл күчтөр биригибез дегенге жатпайт. Анткени түштүктүн бир топ өкүлдөрү бийликте да отурат. Мисалы, Соорoнбай Жээнбеков премьер-министр, ал түштүктүн кулуну эмеспи. Түрмөдө жаткан Текебаев түштүктүн кулуну эмеспи?" деп ошол жерде оюмду айттым", - деди Азимбек Бекназаров.

Парламенттен сырт оппозиция барбы?

Кыргызстандагы учурдагы парламенттен сырт оппозицияда мурунку Бакиевдин тушунда иштеген чиновниктер жана депутаттар, улутчул күчтөр, Атамбаевге таарынычы бар Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, айтоор, кайнаса каны кошулбагандар көп.

Көп жылдар бою Акаевдин, Бакиевдин, эми Атамбаевдин тушунда оппозиция болуп келген мурунку Башпрокурор Азимбек Бекназаров учурдагы бийликке каршы саясий топтордун баарын эле оппозицияга теңөөгө болбостугун белгиледи.

"Ким оппозиция бүгүн? Атамбаевге каршы топтор десең, көчөгө чыксаң баары Атамбаевди сөгүп атат. Оппозициялык саясий күч деп, идеясы бар, ошонун тегерегинде бириккен адамдарды оппозициялык күч деп айтат. Мен өмүр бою Акаевге, Бакиевдерге оппозиция болгом, бизде идейный күч менен болчу. Азыркыларда андай болбой жатпайбы. Эмне деп айтып атышат? "Атамбаев Максимдин мулкүн, жерин ээлеп алган. Ширшовдукун ээлеп алган, сен-марoдер, мен-мародер, сенин аялын бай, сеники - кембагал", ушул оппозициябы? Бул саясат эмес да. Бул жеке таарынычтардан чыгып аткан оппозиция. Мен муну оппозиция деп эсептебейм. Биз Акаевге оппозиция болгондо Кыргызстандын жеринин бүтундүгү үчүн эки топко бөлүнүп күрөшкөнбүз. Азыркы оппозиция ошондой мамлекеттин, улуттун деңгээлинде же бир идея үчүн күрөшүп атканын айтып бергилечи. Андай нерсе жок, баары жеке амбиция менен сөгөт. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда оппозиция жок", - деди Азимбек Бекназаров.

Ал 2005-жылы "Жоогазын ыңкылабы" алдында оппозиция чоң күчкө толуп, Акаевдин режимине каршы биригип, бир нече саясий күчтөрдөн турган "Кыргызстан элдик кыймылы" түптөлгөнүн эске салды.

Ал эми 2009-жылы Бакиевге каршы "Бириккен элдик кыймыл" негизделип, лидерлери акыры барып бийликти кулатканын эскертти. Пикиринде, анда оппозицияда биригүү үчүн идеологиялык күчтүү ураандар болгон.

Чынында, 2009-жылы өткөн президенттик шайлоо алдында Кыргызстандагы бийликке каршы саясий күчтөр бириккенге мажбур болгон. Ошол жылы 20-апрелде БЭК лидерлери оппозициядан президенттикке Алмазбек Атамбаев бирдиктүү талапкер катары чыгарын жарыялашкан.

"Бириккен оппозиция менин талапкерлигимди жылдырууну чечти. Мен, албетте, бул чечимге макул болуп аны аткаруум керек. Мен өлкөдө кантип тартипти орнотуу керек билем. Мен өлкө экономикасын кантип көтөрсө болот билемин", - деген эле ошол кездеги оппозициялык лидерлердин маалымат жыйынында учурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Image caption Cаясат талдоочу Сейтек Качкынбай эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң күчтүү оппозиция ошол 2009-2010-жылдардагы Бакиевдин тушунда болгонун белгилейт.

Бирок, ошол жылы 24-июлда өткөн шайлоодо бийликтеги президент Курманбек Бакиев жеңип чыгып, оппозиция шайлоолорду мыйзам бузуулар менен өттү деп айыпташкан.

Эгемен Кыргызстан саясатына сереп салып, саясат талдоочу Сейтек Качкынбай эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң күчтүү оппозиция ошол 2009-2010-жылдардагы Бакиевдин тушунда болгонун белгилейт:

"Оюмча Бакиев доорундагы оппозиция күчтүү болду. Роза ападан баштап “Ата Мекен”, КСДП өндүу ошол убактагы прогрессивдүү күчтөр Бакиевге оппонет болушуп, бир топ маселелер боюнча туруштук берип турушту макул болбой. Анда деле идеологиялык анык басымды көп байкай алган жокпуз, бирок Бакиевдин уулу Максим, булар авторитардык режимди тандаган менен Ли Куандин меритократиясын колдоного аракет кылды. Секретариатты түзбөдүбү, ал жерге чынында кыйын балдар топтолду. Буларга социалисттик идеядагы Атамбаев менен Текебаев каршы турду, силер барын эле менчиктештирип атасыңар, социалдык маселелер да болуш керек деген сыяктуу ошол убакта кайсы бир мааниде идеологиялык кагылышуу болду. Бакиевдер непотизмге көп чөгүп кетишти, ошого карата бүткүл республикалык кыжырдануу пайда болгон", -деди Сейтек Качкынбай.

Байкоочулар 2010-жылдан тарта өлкөдөгү саясат кескин өзгөрүүлөргө учурап, ошол убакта оппозициядагы саясатчылар бийликке келип, ал эми апрель ыңкылабына чейин бийликте болуп келгендер, тескерисинче сыртка сүрүлүп, оппозицияга өткөнүн, саясатта орун алмашуу болгонун белгилешет. Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Зайнидин Курманов апрель ыңкылабынан кийинки соңку алты жылда өлкөдөгү саясий күчтөрдүн орун алмашуусу болду дейт.

"2010-жылдан бери эч кандай оппозиция болгон жок, аты эле болду, бирок оппозициялык ишмердикти көрө алган жокпуз. Парламенттен тыш оппозиция ич ара бөлүнгөн, чачкын жана ырааттуу эмес. Мурунку оппозиция бийликке кетип, анын ордуна мурунку чиновниктер тобу келди, ал эми чиновниктер эч качан оппозиция боло албайт. Алар тапшырма аткарганды гана билишет. Ошол себептүү азыр биз 'азуусу жок' оппозицияга ээ болуп отурабыз", - деди Зайнидин Курманов.

Ал эми Азимбек Бекназаровдун пикиринде, күч болуш үчүн оппозиция, ириде, идеялык биригүүгө муктаж, бул үчүн шайлоону таза өткөрүү талабын жалпы ураан кылып алса болот.

"Атамбаев бүгүн кетем деп атат. Конституцияга киргизип алган жок, мурдагы эки президентке окшоп, колунан келет болчу. Ал ага барган жок. Бийликтин тынчтык жол менен өткөрүүсүн Атамбаев бүгүн камсыз кылып атат. Биз ошону ачык, так айтып баалай билишибиз керек. Экинчи маселе - Атамбаев мураскорун коюп коебу деген маселе. Мураскорун кою - ал табигый процесс. Кандай гана бийлик болбосун өз адамын коюп кеткиси келет. Бул саясий күрөштүн өзөгүн түзөт. Сен андан кыйын болсоң андан күчтүү бол, идеялык жактан, андан күчтүү биримдикте бол жана шайлоодо жеңе бил. Ошого аракет кыл. Бүгүн кимдин командасы күчтүү? Атамбаевдики күчтүү. Акча кимдики көп? Атамбаевдин мамлекеттик бюджети иштеп атат. Духу жагынан ким күчтүү бүгүн? Атамбаев күчтүү, каалаганын камап атат. Атамбаевдин духу күчтүү, акчасы көп, аныкынан күчтүү командасы бар лидерди тандоого аракет кылышыбыз керек. Жаратыш керек ошондойду", - деди Азимбек Бекназаров.

Электорат добушу бөөдө ысырап болбойбу?

Кыргызстанда соңку жолу президенттик шайлоо 2011-жылы өтүп, анда 86 киши талапкер катары катталган. Шайлоого жарым жылча убакыт калганда президенттикке барарын расмий, ачык жарыялаган саясатчылар саны 10го жетпей турат. Бирок шайлоого чукул алар саны кыйла көбөйөрү күтүлүүдө.

"Буга чейин талапкерлердин саны канча болгону баарыбызга белгилүү, бул жолу дагы талапкерлердин саны көп болот болушу керек. Көп талапкерлер болсо, бизде бул демократия деп айтылат. Жок, бул демократия эмес, ал — жоопкерсиздик. Анткени шайлоочулар кимди тандаарын билбей калат жана кимге добуш берери кыйын болот.Талапкерлер көп чыкса, баары жарым-жарым пайыздан добуш алат, ошентип электораттын 50 пайызынын добушу жөн эле ысырап болот, реалдуу талапкерлер болбогон добушка ээ болушат", - деди Зайнидин Курманов.

Серепчилер бийлик үчүн оппозиция бирикпей шайлоого бириндеп чыгып, электорат добушун чачыратышы ыңгайлуу экенин белгилеп жатышат. Себеби, колдо турган бюджет кызматкерлери, мугалим, догдурлар бийликке кеминде 300 миңден кем эмес добуштарды камсыздап берери бышык. Калган добуштар оппозиция бирдиктүү талапкер көрсөтпөгөндөн кийин бириндеп бекер эле ысырап болуу коркунучу бар.

Тектеш темалар