КСДПнын президенттике талапкери Жээнбеков тууралуу пикирлер

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттикке ат салышат Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттикке ат салышат

Социал-демократтардан президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкер катары чыгышы күтүлгөн кадам болчу дешүүдө аналитиктер. Ал эми шайлоодо утуп калса, кандай президент болоору, өлкө саясаты кайсы багытта кетери боюнча пикирлер бир кылка эмес.

Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши чыгарган президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду эми партия съездинде бекитиш керек. Борбордук шайлоо комиссиясы каттаганда кызматын тапшырат.

Өкмөт башына ким келет, өкмөт кандай өзгөрөт деген суроо турат. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү биринчи вице-премьер министр премьердин милдетин аткарып турат, парламент жайкы каникулдан кийин өкмөт курамын карайт деген билдирүү жасады.

Ал эми бийликтеги партиянын өкүлү Жээнбеков шайлоону утуп калса, кандай президент болоору азыркы президент Атамбаевдин бийликте калып же калбашына көз каранды дейт саясатчы Азимбек Бекназаров:

“Жээнбеков көз карандысыз саясат жүргүзө алабы? Маселе так ушунда турат. Менимче, жүгүзө албайт. Анткени президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясын кармап отурат. Мисалы, Путин Медведев менен беш жыл иштебеди беле, так ошондой болот. Же 2011-жылы Атамбаев менен Отунбаевадай болот. Атамбаев Отунбаеваны конституциялык укугуң менен иш кыл дебеди беле. Бул жолу дагы Атамбаев премьер болсо президентти ошентип коёт”.

Бекназаров эл аралык мамилелер боюнча жөндөмүн алганда Жээнбековдун Атабаевден көп айырмасы жок деп эсептейт. Жада калса, парламентте бир нече ирет депутат болуп, азыркы президентке салыштырмалуу тажрыйбасы артык болушу мүмкүн деген пикирде.

Сүрөттүн автордук укугу KLOOP.KG
Image caption Азимбек Бекназаров КСДП мүчөлөрү президент көрсөткөн талапкерге иштеп берет деген

Бирок ал президенттикке келсе, авторитардык режим уланат деп кошумчалады Бекназаров.

Ал эми саясат таанучу Калнур Ормушев Жээнбеков бир катар маанилүү кызматтарда турган менен ишинин жыйынтыгын билбейбиз дейт. Ал беш жыл Ошто губернатор болуп турганда аймактын социалдык маселелерин чечип чечпегени жакынкы табигый кырсыктардан көрүндү дейт:

“Беш жыл Оштун губернатору болуп турду. Бул дээрлик президенттикиндей эле мөөнөт да. Жакында болгон жер көчкүгө байланыштуу болгон трагедиялуу окуя облустун экономикалык, социалдык абалы мурункудай боюнча калганын көрсөттү. Ошондуктан ал өлкөнү кризистен чыгарып кетет деп айтыш кыйын”.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Жээнбеков премьер-министрликке келгенде акыркы күндөрү стратегия жазганын, ал тажрыйбалуу болгон менен чоң жетекчилик кызматка даяр эмес экенин көрсөттү дейт. Ал ошондой эле саясий оюндун сценраийи аткарылып жатканы бардыгына айдан ачык болуп калганын кошумчалады.

Image caption Саясат таануучу Марс Сариев КСДП сырттан талапкер тандайт деп күткөн

“Бул киши жалпы эл колдой турган талапкер эмес. Көпчүлүк баягы эле коммунисттик системада иштеген, партократтар келүүдө деп жатышат. Болбосо шайлоочуларда жаңы муундан, жаңы көз карашка ээ, демократ, мыйзамчыл, чынчыл адам келсе деген күтүү бар. Андай күтүүгө бул адам такыр жооп бербейт. Анткени режимдердин баарында жакшы кызматтарда иштеген”, - деди Би-Би-Сиге Сооронкулова.

Ал эми саясат таануучу Марс Сариевден КСДПдан президенттикке болжолдуу талапкер ким болот деп мурдараак сураганыбызда, “элди ойлосо, азыркы саясаттан тыш бирөөнү коёт” деген өз каалоосун жаңырткан божомолун айткан эле:

“КСДП азыркы саясаттан тыш, күтүлбөгөн бирөөнү коюшу ыктымал. Анткени ал Кыргызстанды өнүктүрүп кетиш үчүн зарыл болуп турат. Эгер партия өзүнүн тар кызыкчылыгын ойлосо, албетте, Сапар Исаков, Сооронбай Жээнбеков өңдүү талапкерлери көп. Бирок бизге турукташып калган кландык жана башка структураларга каршы турган талапкер керек. Антпесе алар дагы өркүндөп, талап-тоной берет”.

Сооронбай Жээнбековдун мамлекетке кылган кызматынын жыйынтыгы сынга кабылган менен ал тууралуу оң пикирлер көп.

Кызматтык өсүштүн бардык баскычын баскан, чарбачыл, тажрыйбалуу деп мүнөздөшөт. Эң негизгиси ал тууралуу сөз кылган кесиптештеринин эсинде эч ким менен чыр-чатакка барбаганы, жакшы мамиле курганы калганын байкоого болот.

Андай пикирди 1990-жылдары колхоздо чогуу иштешкен Кара-Кулжа районунун Жаңы-Талап айылынын тургуну, Замира Калмурзаева да айтууда:

“Кичипейил, адамгерчиликтүү, элди-журтту жакшы жетектей алган киши. Элди абдан жакшы түшүнөт, мыкты уюштуруучу”.

Дагы бир эски кесиптеши Кара-Кулжанын Кашка-Жол айыл өкмөтүндө жашаган Жамшитбек Бакиров да жердеши тууралуу жулуу ойдо:

“Элге кызмат кылган киши. Биз чогуу иштегенде оор, тартыш мезгил болчу, ошондой учурда элге мамилеси абдан жакшы эле. Азыр кайсы кызматка койсо да татыктуу, анткени кызматтын бардык баскычын басты”.

Сооронбай Жээнбеков Агрардык окуу жайдын экономикалык бөлүмүн бүтүргөн. 1976-жылы бир жыл мугалим болуп иштеген. Өз районунда зоотехник болгон, коомунисттик партияда иштеген. Совхозду, колхозду жетектеген. 1995-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2007-жылы бир жылдан аз убакыт айыл чарба министри болду. 2010-2015-жылы Оштун губернатору болду. 2015-жылы Мамлекттик кадр кызматынын башчылыгына келди. Өткөн жылы мартта президенттик аппарат жетекчисинин орун басары, апрелден тарта премьер-министр болуп иштөөдө.

Жогорку Кеңеш экинчи окууда жактырган мыйзам долбооруна ылайык, президенттик шайлоо 15-октябрга коюлууда. Анда 15-июнга чейин талапкерлер мамлекеттик кызматын тапшырыш керек болот.