29 баланын ууланышы боюнча маселе парламентке жетти

12-майда Ноокендин Тоскоол-Ата айылынан 13 бала ууланып, аймактык ооруканага түшкөн. Алардын сана кийинчерээк 29га жеткен.
Image caption 12-майда Ноокендин Тоскоол-Ата айылынан 13 бала ууланып, аймактык ооруканага түшкөн. Алардын сана кийинчерээк 29га жеткен.

Ноокендеги 29 баланын массалык улануусу жөнүндөгү маселени териштирүү парламентке чейин жетти. Депутаттар балдар эмнеден ууланганына дарыгерлер так диагноз коё албай жатканын сынга алууда.

12-майдагы Ноокендеги мектеп окуучуларынын массалык улануусунан бери арадан дээрлик бир апта өтсө дагы алардын эмнеден ууланганынын себептери так аныкталбай жатат. Дарыгерлер суудан, тамак-аштан же аба-ырайдан болушу мүмкүн деп болжоп жаткан учурда бул маселе парлементте көтөрүлүп, депутаттар так диагноз кое албай жатканы үчүн медицина кызматкерлерин айыптоодо. Жогорку Кеңештин жыйында депутат Айтмамат Назаркулов сөз сүйлөп, эмне үчүн бул маалыматтар ачык айтылбай жатат деп зекиди:

“Окуяны жашырып атышат, а балдар болсо ооруканада жөн эле жатышат. Дарыгерлер күндүн аптабы тийди деп көзү ачыктык кылып жатат. Анда бүт кыргызстандыктар оорубайбы? Бул эмне деген диагноз? Ал жерде массалык уулануу болуп жатат. Дарыгерлерге маалымат берүүгө тыюу салыныптыр, айылдагылар болсо дүрбөлөңгө түшүүдө. Бул окуя боюнча атайын комиссия түзүп, текшерип чыкпасак болбойт”.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 12-майда Ноокендин Тоскоол-Ата айылынан 13 бала ууланып, аймактык ооруканага түшкөн. Алардын сана кийинчерээк 29га жетип, балдардын баары 5-орто мектептин 6-класска чейинки окуучулары жана бир мугалим экени аныкталган. Дарыгерлер сууга, тамак-ашка анализ жүргүзгөндө аларды таза экени аныкталган. Андыктан күндүн ысыгынан же быша элек мөмө-жемиштерден ууланышы мүмкүн делген түрдүү версиялар айтылып жатат.

Image caption Ууланган балдар 5-6-класстын окуучулары. (бул сүрөттүн окуяга тийешеси жок)

“Саламаттык сактоо тармагы маалыматты жашырып атат дешүүдө, эч кандай жашырууга кызыкдар эмеспиз. Жалган барибир чыгат. Балдар кайрыла баштаган биринчи күндөн тартып эле ата-энелери менен, өздөрү менен сүйлөшүп, эмне жегендерин сурадык. Демейде анализ үчүн акыркы үч күндү алабыз. Суунун, балмуздактын, тамак-аштын анализдерин лабораторияга бергенибизде нормадан ашкан эч нерсе табылган жок. Демек маселе башкада. Бул балдардын көбү алыстан келип окуйт экен, балким аларга жолдо жана дене-тарбия сабагында күн өткөн же жолдон туура эмес жемиш жеп алышкан. Бул албетте менин оюм. Бирок балдар да бир нерсени жашырып жаткандай”, - деди Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков.

Себептери аныкталбай жаткан уулануунун айланасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин короосуна бир топ эле таш түштү. Көпчүлүктү уулануу себептерин эл ишенип ден-соолугун табыштаган министрлик кантип аныктай албай жатат деген суроо кыжалат кылууда.

Ал арада мурдагы министр, дарыгер Накен Касиев Би-Би-Сиге өз пикири менен бөлүшүп, көйгөйдүн тамыры техникалык жабдыктардын жоктугунда, медицинанын өнүкпөй жатышында деген оюн ортого салды:

“Азыр турмуш өзгөрдү, химиялык препараттар айыл чарбасынан баштап бүт продукцияларда колдонулууда. Тамак-аштын сапаты начарлады. Ошондуктан сөзсүз түрдө ооруну, ууланууну тез аныктай алчу жаңы жабдыктар алынышы керек. Алганда дагы эл аралык уюмдарга кеңеш сурап кайрылуу керек. Канча акча кетет, кандай жабдык алынат дегенди Саламаттыкты сактоо министрлиги так аныктап алып, өкмөттөн кайрылса болот. Азыр өзгөчө аймактардагы абал начар, аларды жакшыртпаса болбойт”.

Кыргызстанда массалык ууланууга байланыштуу фактылар быйыл жылдагыга салыштырмалуу көп катталууда. Жыл башынан бери тамак-аштан ууланган отуздан ашык учур катталган болсо, андан жалпы жүз элүүдөй адам жабыркаган. Алыс узабай, мындан туура бир ай мурда Базар-Коргондун Могол айылынын 33 тургун тамак-аштан ууланып ооруканага жаткырылган.