"Жол кырсыгы боюнча унчукпай жүрүш жасоо" акциясы башталды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетуна ылайык, жол кырсыгынан жылына бир миллион 250 миң адам өлөт
Image caption Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетуна ылайык, жол кырсыгынан жылына бир миллион 250 миң адам өлөт

Бишкектеги жарандык активисттер жол кырсыктарынан каза болуп жаткандар маселесин көтөрүп, парламент имаратынын алдына чыгышты. Айрыкча автоунаа алдында калып жаткан жаш балдар окуясына бийлик жана коомчулук көңүл бурсун деп максат кылган шаардык активисттер “жол кырсыгы боюнча унчукпай жүрүш жасоо” акциясын баштады.

Парламент имаратынын алдына чогулган активисттер колдоруна “Жол эрежесин сактоо – өмүрдү сактоо", “Өмүрдү сакта, ылдамдыкты азайт” деген плакаттарды кармап алышкан.

“Биздин негизги талаптарыбыздын бири – жол кырсыктарын болтурбоо же азайтуу боюнча бийликтин конкреттүү аткарган иштеринин жыйынтыктарын алуу. Жолго камера коюу менен эле кырсыктарды азайтууга мүмкүн эмес. Жол кырсыктарын болтурбоо тууралуу тиешелүү иштер тезинен жасалышы керек”, -деди укук коргоочу Рита Карасартова.

Бишкек сыяктуу миллион эл жашаган чоң шаарда жашоонун темпи барган сайын жогору болуп, автоунаанын саны да өсүүдө. Аны менен бирге жол кырсыктарынын саны да көбөйүп жатат деп айтылып келет.

Өткөн аптада жол кырсыгын азайтууга багытталган дүйнөлүк өнөктүк жыйынтыкталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы отчетуна ылайык, жол кырсыгынан жылына бир миллион 250 миң адам өлөт. Алардын көбүн 29 жашка чейинки жаштар түзөт.

Кыргызстанда жол кырсыктарына байланышкан кабарлар байма-бай чыгып, элдин үрөйүн учурган окуялар көп катталат. Бирок Ички иштер министрлиги жалпы статистика мурдагыга караганда түшүп жатканын айтып келет.

Бишкекте май айынын аягына чейин ыктыярчылар чоң жолдордон балдарды өткөрүшөт, жол эрежесин бузган унааларды, айдоочуларды сүрөткө тартып, тиешелүү органдарга жөнөтүп турушат. Аны уюштуруп жаткан "Балдардын укугун коргоо лигасы" айрыкча шаарда балдардын өмүрү тобокелде деп айтууда. (ErA)