Абалың кандай мигрант?

Кыргызстандын 750 миң жараны сыртта эмгек мигранты катары жүрүшөт Сүрөттүн автордук укугу CA-IR News
Image caption Кыргызстандын 750 миң жараны сыртта эмгек мигранты катары жүрүшөт

Кыргызстанда Миграциялык саясаттын жаңы концепциясы иштелип чыкты. Документ өкмөттүн кароосунан өткөндөн кийин кайрадан иштелип, коомдук талкууга коюлганы турат. Концепция 2030-жылга чейинки убакытты жасалчу иштердин программасын камтыйт. Бүгүн КСДП фракциясы миграция жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу өкмөттүн катышуусунда жыйын өткөрдү.

Мигранттардын так эсеби жок

Миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев концепция долбоору төрт негизги багытты камтырын билдирди.

'Концепциянын негизги максаты стихиялык миграцияны азайтуу, мигранттарга юридикалык жардамдарды берүү жана эң негизгиси - Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү, ички миграция маселесине да өзгөчө орун берилет. Бир ай ичинде терең талкуулап концепцияны кабыл алсак, анын үстүндө иштесек сөзсүз бул жерде жылыштар болот',- деди Айдаралиев.

Парламенттен өткөн КСДП жыйынында сөз негизинен сыртка кетип жаткан эмгек мигранттары тууралуу болду.

Өлкөдө экономикалык жактан активдүү жарандар саны саны 2 млн 468 миң адамды түзөт. Расмий маалыматтар боюнча алардын 750 миңдейи мигрант катары чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Чынында, жумушсуздук айынан сыртта агылгандар саны мындан алда канча көп экени, миллондон эчак ашканы айтылат.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков миграция жаатындагы мамлекеттик орган жыйынга жакшылап даярданбай келгени үчүн сынга алды. Айтымында, сыртка агылгандар саны боюнча өкмөттө сандар так эмес, келтирилген сандар ортосунда ажырым көп болууда. Андыктан Миграция кызматы өлкөдөн чыгып жаткан жарандардын так эсебин алуусу керек.

Өз кезегинде Миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев бул сынга макул эместигин Би-Би-Сиге билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Kabar
Image caption Айдаралиев: Миграция боюнча жаңы концепциянын төрт багыты бар

'Мыйзам боюнча миграция кызматы кетип аткан мигранттардын каттоого алганга мүмкүнчүлүгү жок. Аэпорттордо же чек араларды кесип атканда тиешелүү органдар тарабынан каралчу нерсе. Биздин мигранттар тууралуу сандарды биз Россия, Казакстандын миграция кызматтарынын сандары менен макулдашып алабыз. Анын үстүнө бул сандар дагы реалдуулукту толук чагылдырбайт. Күн сайын жаңыланып, өзгөрүлүп турчу нерсе. 5-6 миңге чейин айырмачылык болушу мүмкүн' - деди ал.

Баткенде ар бир үчүнчү үй-бүлөдө жок дегенде бирден мигрант чыгат

Чет өлкөлөргө жапырт эмгек миграциясы негизинен жакырчылыктын деңгээли жогору региондорго мүнөздүү көрүнүш. Сыртка кеткен мигранттардын басымдуу бөлүгү Баткен областынан, бул жердеги жалпы үй-бүлөлөрдүн 35%ында жок дегенде бирден мигрант бар. Бул көрсөткүч Жалал-Абад областында - 27%, Ош областында - 22%, Талас жана Ысык-Көл областында - 4%, Нарын, Чүй областтарында, Бишкек шаарында - 1,5%ды түзөт.

Кыргызстанда мигранттар менен көп жылдар бою өкмөт менен кош иш алып барып келген 'Замандаш' ассоциациясынын координатору Азамат Айтиев Миграция кызматы сырттагы мигранттар менен тыгыз иш алып бара албай жаткандыгын белгиледи.

'Сыртта жүргөн мекендештер менен тыгыз иш алып баруу керек. Биздин Миграциялык кызмат статистикалык органга эле айланып калган. Мигранттарын эсебин чыгарып, болжолдуу анализдерин эле айтышып. Россияда өкүлчүлүктөр ачылып эми эми гана жер-жерлерде иштегени көрүнө баштады. Түркия же Армениянын алалы, Миграция кызматы ал жактагыдай чоң статуска ээ мамлекеттик орган болушу керек эле', - деди ал.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 500 миңден ашуун, ал эми Казакстанда 100 миң чамалуу кыргызстандык иштейт. Бул өлкө менен Кыргызстан ЕАЭБ алкагында байланышы бар. Өлкө биримдикке мүчө болуп кирерде артыкчылык катары мигранттар абалы жакшырары белгиленген эле. Бирок иш жүзүндө андай болбоду дейт 'Замандаш' ассоциациясынын координатору Азамат Айтиев.

ЕАЭБге кирүү менен мигранттар абалы жакшырбады

'Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки мекендештирибиздин реалдуу абалы кагазга жазылгандан айырмаланып турат. Себеби ар бир кабыл алчу мамлекеттер, ошол эле Россия жана Казакстан өздөрүнүн эмгек рыногун коргогонго аракет кылышууда. Өздөрүнүн эмгек ресустарын иштеткенге кызыкдар да',- деди ал.

Ошенткен менен 'Замандаш' ассоциациясы Россидагы кыргызстандыктардын абалы башка мигрантттардан жакшырак болуп жаткандыгын моюндайт. Айтиевдин белгилешинче кыргызстандыктар Россияда ишке орношууда мурункудай бюрократиялык кагаз толтуруу машакатынан арылып, эмгек келишиминин негизинде иштеп калышты.

Перизат Эсенгулова Россияда иштеп жүргөн кыргыз кыз-келиндеринин бири. Ал беш жылдан бери мигрант, учурда чакан дүкөндөрдүн биринде кассачы болуп иштейт.

'ЕАЭБдин бизге эч кандай жардамы тийген жок, сезген деле жокпуз. Кыргызстан тараптан бизге эч кандай жардам болбойт. Ар кимибиз өз алдыбызча тытынып иштеп жүрөбүз. Документтерибизди тууралап деле жасап берген киши жок',-деди Перизат

Миграция маселесин каралган КСДП фракция жыйынында ошондой эле кыргыз жарандарынын коопсуздугу тууралуу сөз болду. Миграция кызматы 2016-жылы Кыргызстанга 171 мигранттын сөөгү келгенин билдирди.

Ошондой эле профилдик кызмат жыл аягына чейре 43 миң кыргызстандык 'кара тизмеден' чыгарыларына ишендирди. Былтыр Росссия 106 миң кыргызстандыкка өз аймагына кирүүгө тыюу салган.