Энелер күнү жана алардын көйгөйлөрү

"Эне болуу- бакыт" аттуу иш-чара учурунан
Image caption "Эне болуу- бакыт" аттуу иш-чара учурунан

Кыргызстанда жекшембиде белгилене турган “Энелер күнүнүн”алдында президент Алмазбек Атамбаев 1618 энеге “Баатыр эне” орденин ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Ошол эле учурда Кыргызстан энелердин төрөт учурундагы өлүмү жогорку деңгээлде турган өлкө катары калууда.

Ушул жекшемби Кыргызстанда “Энелер күнү” белгиленет. Ага карата президент Алмазбек Атамбаев 1618 энеге “Баатыр эне” орденин ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Ал эми алты баладан ашык төрөгөн энелерге жылдагыдай “Эне даңкы” медалы берилет, Кыргызстанда быйыл алардын саны 500дөн ашты дейт Улуттук статистика кызматы.

Ал арада парламентте энелердин социалдык абалын иликтеп, сунуштарды иштеп чыгуу маселеси көтөрүлүп, өкмөткө тапшырмалар берилген. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, бул боюнча азыр бир катар стратегиялык долбоорлор иштеп жатат:

“Азыр бизде перинаталдык программа кабыл алынып, жакынкы аранын ичинде башталышы болгону турат. Июнь айынын ичинде алгачкы пайдубалы куюлмакчы. Акча жагы дагы, юридикалык жагы да такталып бүткөн. Андан башка Кыргызстанда энелердин ден-соолугуна арналган репродуктивдүү стратегиялык маселе бар”.

Деген менен Кыргызстанда энелерге байланыштуу чечилбей жаткан көйгөйлөрдү айтпай кетүү мүмкүн эмес дешет эксперттер. Ал эң жөнөкөй бала төрөлгөндө башка өлкөлөр сыяктуу сүйүнчү акча берүү же энелик капиталдын жоктугунан тарта, социалдык камкордуукка алуу, эне өлүмүн азайтуу сыяктуу олуттуу көйгөйлөргө чейин барат. Булардын ичинде баса белгилечү жагдай, эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүнө ылайык, акыркы он жылдыкта энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү туруктуу жогору болуп, төмөндөбөй жатат. Учурда Кыргызстандагы энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде эң жогору.

“Кыргызстанда энелердин ден-соолугуна чоң маани беришибиз керек. Анткени бизде эне өлүмдөрү башка өкмөттөргө, өлкөлөргө салыштырмалуу бийик болуп жатат. Колдон келсе социалдык жардамды көтөрүп, апаларга жардам берүүбүз шарт. Ооруканада мыкты шарттар, үйдө жакшы жашоо болсо өлүм азаймак”, - дейт БУУнун калк фондунун аткаруучу өкүлү Медер Омурзаков.

Төрөт учурундагы энелердин өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү негизинен тоолуу облустарда орун алууда. Көз жаруу учурундагы өлүмгө алып келген себептер Кыргызстанда негизинен сапатсыз же жетиштүү эмес тамактануу, тамеки чегүү, алкоголизм сыяктуу зыяндуу адаттар менен байланышкан. Талаптагыдай тамактанбагандыктан боюндар бар энелердин ар бир экинчисинде аз кандуулук менен ооруйт.

Кыргызстанда жылына 150 миңдей бала жарык дүйнөгө келет. 100 миндей төрөттөн орточо 39 эне каза табат. (SA)