Ислам шериктештиги оюндары: Кыргызстандыктар 17 байге алды

Алтын медалды кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова тагынды Сүрөттүн автордук укугу JONATHAN NACKSTRAND/AFP/Getty Images
Image caption Алтын медалды кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова тагынды

Азербайжанда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндары бүгүн жыйынтыкталууда. Бул оюндарга Кыргызстандан жетимишке жакын спортчу барып, өлкөнүн эсебине төрт алтын, беш күмүш, сегиз коло медал чогулду.

Кыргызстандык спортчулар жалпысынан он жети медал менен өлкөсүнө кайтып келе жатышат.

Алтын медалдарды кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, грек-рим күрөшчүсү Каныбек Жолчубеков, дзюдочу Юрий Краковецкий, эркин күрөшчү Муслим Евлаев тагынды.

Ал эми коло медал уткан дзюдочу Отар Бестаев бул оюндарга көп даярдык көрдүк дейт:

“Ислам шериктештиги абдан кадыр-барктуу оюндардын бири. Ошондуктан биз ага көп даярдандык. Эң биринчи кезекте машыктыруучуларга ыраазычылык айтабыз. Бизди Баку шаарында абдан жакшы маанай менен тосуп алышты. Аларга да рахмат айтабыз. Мен коло медал алдым, аны алуу мага оңойго турган жок. Оор беттештер өттү”.

Cпортчулардын оюндарга барып келүүсү үчүн мамлекеттин эсебинен беш миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Анын ичинде спортчулардын кийим-кече, тамак-аш, жатакана сыяктуу чыгымдардын баары каралган.

“Бул оюндарга Кыргызстанда өзгөчө маани берилет. Ошондуктан тынбай даярданып жатканбыз. Эмгектин акыбети кайтып, Ислам шериктештиги оюндарында бул жылы жакшы жетишкендиктерге жеттик. Мурдагы оюндарда мынчалык байгелерге ээ болгон эмес элек”,-дейт Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Нурдин Султанбаев.

12-майда Азербайжандын борбору Баку шаарында башталган IV Ислам шериктештиги оюндары бүгүн жыйынтыкталат. Бишкек убактысы боюнча түнкү саат он бирде бул спорттук оюндун расмий жабылыш аземи өтөт.