Үй-бүлөнү пландоодо өкмөттүн жардамы зарыл

Үй-бүлөнү пландоо тууралуу Кыргызстанда дале маалымат жетишсиз дешет адистер
Image caption Үй-бүлөнү пландоо тууралуу Кыргызстанда дале маалымат жетишсиз дешет адистер

Эл аралык донорлор бойго бүтүүдөн сактоочу каражаттарды Кыргызстанга берүүнү 2015-жылы токтоткон, ал ушул жылдын этегинде түгөнөт. Үй-бүлөнү пландоого мамлекет каражат бөлбөсө, анын көп түрдүү социалдык кесепети бар.

Эл аралык донорлор Кыргызстанга акысыз контрацептивдик каражаттарды берүүнү 2015-жылы токтотот турганын алдын ала эскерткен жана план ушундай эле. Бир жагынан республика 2014-жылы өнүкпөгөн өлкөлөр тизмесинен чыгып, өнүгүп жаткандарга кошулган.

БУУнун Калк фонду 1992-жылдан тарта бир катар бойго бүтүрбөөчү каражаттарды акысыз алып келет.

Эми бул милдетти өкмөт алыш керек дейт БУУнун Калк фондунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков:

Image caption Кыргызстанда контрацептивдик таблеткаларды кодонуу аз

"Эми кандайдыр бир мехнизмдерди иштеп чыгып, өкмөт өзү аз камсыз болгон катмарга каражат бөлүш керек. Ал эми камсыздандыруусу бар жарандарга жеткиликтүү".

Камсыздандыруусу барлар контрацептивдик каражаттардын төрт түрүн 50-60 пайыз арзандатуу менен алалат. Эл аралык уюмдун жардамы камсыз болбогон аялдардын 30 пайызына жетчү.

Кыргызстанда ден соолугуна же социалдык абалына байланыштуу тобокел тобунда 160 миң киши бар. "Репродуктивдик саламаттык" программасынын жетекчиси Нургүл Сманкулова өкмөттөн канча каражат керек экенин айтты:

"Кургак учук өтүшкөндөр, шизофрения, СПИД менен жабыркагандар жана аз камсыз болгондор, көп балалуулар, майыптар ушул топко кирет. Булар 160 миң киши. Бирок кур дегенде 20 пайызына контрацептивдик каражат берсек, ага 88 миң доллар керек. Ушул топко кирген бойго бүтүрбөөгө өзү кызыктар 10 пайыз аялга берсек деле жакшы деп жатабыз, ага жылына 44 миң доллар керек".

Ошентип майып балдар, аз камсыз болгон балдар менен үй-бүлөлөр, энелер менен балдардын өлүмү, ВИЧтин тарашы жана башка социалдык оор кесепеттердин алдын алыш үчүн мамлекеттен 44 миң доллар гана сурашууда.

Image caption Үй-бүлөнү пландап, дем алып төрөө бала менен эненин саламаттыгына зарыл

Эл аралык донорлордун берген каражаты ушул жылдын аягына чейин жетет. "Биз өкмөттүн жардамына абдан муктажбыз" дейт "Үй-бүлөнү пландоо альянсынын" башчысы .Бактыгүл Бозгорпоева.

"Контрацептивдик каражат орточосу 200 сом болсо, колунда жок бүлө бюджетинен ай сайын бул акчаны бөлө албайт. Өкмөт муну каржылап бербесе, анда аборт көбөйөт, энелердин өлүмү өсөт. Жылына үч-төрт аял аборттон каза болот",- деди Бозгорпоева.

Өкмөт кандай аракет көрүүдө? Саламаттык сактоо министрлигинин алдыдагы саналуу жылдарга контрацептивдик каржаттарды дагы башка донорлордун акчасына алып туруу шарты бар. Бул тууралуу министрликтин бөлүм башчысы Айгүл Бообекова айтты:

"Азыр биздин запаста дагы бар. Алдыда дагы деле донорлордун акчасына сатып алабыз деп жатабыз. Донорлордон такыр көз карандсыз болуп, бул нерсени өкмөт колуна алса деген маселе коюлуп жатпайбы".

Акыркы жылдары балдар өлүмү салыштырмалуу азайды. Энелер өлүмүнун көптүгү боюнча Кыргызстан Борбор Азия менен Чыгыш Европада алдыңкы катарларда турат.

Бойго бүтүрбөөчү каражаттардын отуз пайызы донорлор тарабынан камсыздалган менен дары базарында анын сатылышы өстү дейт эксперттер. Демек бул элдин түшүнүгүндө кандай болбосун жылыш болуп жатканын көрсөтөт дешти алар.

Донорлордун жардамы кыскарса, бул тармакта жеке менчик дарыканалардын үлүшү көбөйүшү мүмкүн. Бирок өзгөрүүлөр өкмөт менен парламенттин чечимине жараша болот.