Абдыкеримов: Сарымсак пайдалуу бизнес

Көлдүк ишкер Элдияр Абдыкеримов органикалык сарымсак тигип, түшүмүн сатып ишкерлик кылат
Image caption Көлдүк ишкер Элдияр Абдыкеримов органикалык сарымсак тигип, түшүмүн сатып ишкерлик кылат

Элдияр Абдыкеримов Ысык-Көл районундагы Кароол-Дөбө айылында жашайт. Бала кезинен талаада өсүп, жаштайынан жер иштетүүнүн сырларын мыкты өздөштүргөн Элдияр Европадан сарымсактын органикалык үрөнүн алдырып, өз талаасында өстүрөт. Сарымсактан киреше таап эле тим болбостон иш билги дыйкан анын үрөнүн башка дыйкандарга да таратууда. Максаты - түшүмдү көбөйтүп, экспорттук деңгээлге чыгаруу.

Көлдүн сарымсагынын экспорттук потенциалы чоң

Дыйканчылык кылып, жер иштетүүнүн түйшүгү түмөн, көпчүлүк жаштар талаа жумушунан качышат. Ал эми 30 жаштагы Элдияр тескересинче жер менен алектенгенди жакшы көрөт. Учурда ал эки гектар жерге сарымсак эгип, жергиликтүү 20дай адамды иш менен камсыз кылууда.

Агрономдук атайы билими жок жаш дыйкан эмне үчүн сарымсакты өстүрүүнү тандаганын деп түшүндүрүп берди.

Image caption Органикалык сарымсакта витаминдер көп болот

“Маркетинг кылдым, базарды, бааларды, сортторду изилдедим. Кайсы өсүмдүк канча турат, кайсы өсүмдүктүн экспорттук потенциалы жогору деген суроолор үстүндө кичи иликтөө жасап анан ушу сарымсакка токтолдум. Дүйнөгө деп айтпасам да ЕАЭБ аймагында сарымсакты экспортко чыгаруу шарттары жакшы. Сарымсакты Кыргызстандан көп алышат, айрыкча ушул көлдө өстүрүлгөн чеснокторду. Себеби көлдө климат Кыргызстандын башка аймактарынан өзгөчөлөнөт жана бул жерде өсүп чыккан продукция бир аз таттуурак болот”,-деди Элдияр Абдыкеримов.

Айтымында, учурда базарда сарымсак баасы 180-250 сомду чапчыйт, бирок муну кымбат деп айтууга болбойт, себеби тартыш маалда Кытайдын сарымсагы керек болсо 500 сомго чейин сатылат.

Органикалык сарымсакта витаминдер көп

Сарымсактан баар таап аткан ишкер органикалык сарымсактын өстүрүү өзгөчөлүгү тууралуу токтолуп, салттуу сарымсакты өстүрүүдөн эмнеси менен айырмаланарын айтып берди. Бул жерде болушунча экологиялык жактан таза, ашыкча химикаты жок түшүм алуу максат кылынат.

“Бул жерде башкы айырмасы – сарымсак тигилчү жерди химикаттар менен тазалабайбыз. Жакын да жолотпойбуз. Минералдык жер семирткичтерди да колдонбойбуз, органикалык семирткичтерди гана пайдаланабыз. Органикалык сарымсакта витаминдер көп болот. Ден соолукка пайдалуу болот. Башкы максатыбыз - таза продукция алуу жана аны биринчи өзүбүздүн рынокко сунуштоо. Себеби Кыргызстан өстүрулгөн чесноктор өзүбуз жегенге максимум 6-7 айга эле жетет. Андан кийинки жарым жыл Кытайдыкын же Өзбекстандыкын жегенге туура келет. Кытайда химикаттарды көбүрөөк колдонушат, алалы гербицид, пестициддерди. Ошондуктан ал чесноктордо витамин аз болот. Бирок Кыргызстан өстүрүлгөн чеснок көлөмү менен ички керектөөнү камсыздай албайбыз. Айла жок анан бизнесмендер алып келет”,-деди ишкер.

Ага башында органикалык сарымсак үрөнүн табыш оңойго турган жок. Бул үчүн Европа өлкөлөрүнө чыгууга туура келди. Элдияр Франциядан сарымсактын таза үрөнүн алдырып келип былтыр гана органикага өткөн. Биринчи жылы эле аракетинин жыйынтыгы жаман болгон жок, гектарынан 11 тонна түшүм ала алды.

Эми болсо жергиликтүү дунган дыйкандары келип андан үрөндүк алууга кызыкдар болууда.

Сарымсактын түйшүгү түмөн

Бирок сарымсактын пайдасына жараша түйшүгү да түмөн. Алалы, Элдияр сарымсакка байланыштуу бардык жумушту кол менен бүтүрөт. Быйыл экинчи ирээт гана сарымсак отургузуп жаткандыктан атайы жабдыктарды алууга бир аз каражаты жетишсиз болду.

Image caption Сарымсактын иммунитети бир аз чабал келет, ооруларга туруксуз

“Сарымсактын жумушу жетиштүү. Себеби, бардык иш кол менен жасалат. Бизде азыр аны тигүү техникасы жок болууда, сатып алалы дейбиз бирок кымбат болууда. Өсүмдүктү тигип анан түшүмүн жыйнап алгыча бут процесс кара күч менен жасалат. Тигүү, казуу, чогултуу деген бар. Картошка менен кызылча айдагандар жеңил, не дегенде ал жакта эгүү, тигүу жана түшүмду жыйноо (посадочный и уборочный) машиналары бар. Азыр сарымсакты тигүү боюнча, сажалка дейбиз, ушундай техниканы өз алдынча жасап жатабыз, бүтө элекпиз. Быйыл же эмдиги жылы ишке кирип калат деп пландап жатабыз. Тракторлор бар эмеспи ошолорго тиркелчү агрегат болот, ал сеялкага окшош анан дөңгөлөктүү келип чеснокту өзү жерге көмүп отургузуп кете бергендей болот”,-деди Абдыкеримов.

Чыргоо өсүмдүк

Сарымсак ачуу болгону менен ооруларга туруштугу жок, абдан чыргоо (капризный) өсүмдүк дейт ишкер:

“Башкаларга салыштырмалуу иммунитети да бир аз чабал келет. Ага жармашчу оорулар да абдан көп, анын ичинен гематода дегени бар экен. Ал чеснокко жабышса даарысын табуу өтө оор. Даабасын тапса болот, бирок ал оор химия болот. Андан кийин сарымсактан кандай түшум аласың шектүү болуп калат. Органикалык ФИТОП-ФЛОРА С деген сертификацияланган семирткич бар, биз ошону колдонобуз”,- деп кошумчалады Элдияр.

Ошентсе да сарымсак жер тандабаган өсүмдүк. Башкача айтканда Кыргызстандын кайсы регионунда болсо да ысык-суук дебей өстүрсө боло берет. Үрөнү күзгү жана жазгы деп бөлүнөт. Ишкер өстүрүп жатканы күздүк сарымсак. Октябрь айында тигип, эми түшүмүн июль-августта жыйнап алганы турат. Учурда аны отоо маалы.

Сарымсактан паста же чипсы жасаса болот

Сарымсакты тигип, түшүмүн алып дүңүнөн өткөрүп алууга эмне жетсин. Бирок дыйкандарда дайым тобокелчилик деген болот. Андыктан кайра иштетүү жагын да караштырып кою ашыкча болбойт дейт ишкер.

“Сарымсакты кайра иштетүү деген да бар. Алалы аны паста кылып же кургатууга мүмкүн, жөн эле кургатпай чипсы жасоого да мүмкүн. Бул боюнча пландарым бар, быйыл эксперимет жасап элге сарымсактан паста сунуштап көрөлү деген идеялар бар”,- деп жыйынтыктады сөзүн Элдияр Абдыкеримов.

Тектеш темалар