Элдик курултай максатына жете алабы?

Облустардан келген делегаттар
Image caption Облустардан келген делегаттар

Бишкекте өткөн элдик курултайда эки маселе каралды. Курултайды бийликти көзөмөлдөөчү орган катары түзүп, Башмыйзамга киргизүү жана жаңы паспортто улутту белгилөө.

Курултайдын жыйынтыгында аны элдин атынан саясий орган катары таануу үчүн Конституциянын экинчи жана 52-беренелерин өзгөртүү, паспортто улутун жазуу жана саясий куугунтукоону токтотуу талаптарын өкмөт менен парламентке жиберилмей болду.

Талаптарды аткарууга 28-июнга чейин мөөнөт чектеп, эгер аткарылбаса, өзүн "Улуттук-мекенчил күчтөр" атаган топт Жогорку Кеңешти таратуу жана башка талаптарды коймокчу, өзүн оппозициялык күч катары жарыяламакчы.

Делегаттар менен чакырылган коноктордун дээрлик баары бул эки маселени колдоп сүйлөштү:

Image caption Курултай жер жерлерде 17-майда өткөн

"Курултайдын мага жакканы - бийликте ким болбосун эл шайладыбы, элдин алдында бир жылда бир отчет бер деп жатканы. Ошондо эле кемчилиги көрүнөт. Отчет берсе, президенттин, премьер-министрдин, губернаторлордун кадыр-баркы өсөт. Отчетун уккан эл "азамат, экинчи жылга да иштеп бер" десе кандай эргүү менен иштейт. Азыр болсо баары коркуу менен иштейт, качан билип калышат, качан иш козголот деп, чиновниктердин токсон пайызы жүрөк ооруулу", - деди Баткенден келген мугалим айым.

Ал эми уюштуруучулардын башында турган мурдагы баш прокурор, убактылуу бийликтин өкүлү Азимбек Бекназаров эл сынынан өтпөгөндөр кетет деди:

"Бийлик ар бир айылга отчет берет, анткени ар бир айыл баа берет. Бишкекте чогулуп алып эле биз баа берип койбойбуз. Канча айыл өкмөт "эки" койду, канчасы колдоду деп эсептейбиз. Көпчүлүк "эки" койсо, ал кетиш керек".

Экс-президент Роза Отунбаева элдин бийлигинин формасы катары курултай чынында демократиянын башаты экенин айтып, бирок аны ишке ашыруу жеңил эмес деди:

Image caption Элдик курултайдын башындагы Азимбек Бекназаров бул идея менен президенттик шайлоого аттанышканын айтууда

"Балким бирпаста эле биз баралбайбыз. Бул жерде абдан көп маселелер бар экен. Ушунун баарын жакшылап ченеп, өлчөп, мыйзамга киргизилсе, кантип киргизебиз деп ойлонуш керек. Анткени курултайдын нравалык, моралдык, маданий жагынан сүрү болуш керек".

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов мыйзам менен гана бул аракеттерди ишке ашырыш керектигин сунуштады. Болбосо жыйындарда айтылган талаптар, сөздөр аткарылбай жататпайбы деп суроо салды уюштуруучуларга:

"Курултай биздин мамлекет үчүн керек, аны колдошубуз керек. Ал эми анын функциялары мыйзам кабыл алынгандан кийин белгилүү болот. Бүгүн ушул жерге келгенге жараша Башмыйзамдын 52-беренесин кандай кылып өзгөртөбүз деген сөзүңөр ачык болгондо туура болмок. Роза Исаковна отурат, мен бу кишини абдан сыйлайм, азыркы Конституцияны баарыңар биригип кабыл алдыңар, Азимбек. 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз дедиңер, анан тескериңерден кеттиңер. Убактылуу өкмөттөн он төрт киши бир ойго келе албай койдуңар".

Көптөгөн жылдардан бери талкууланып келаткан курултайдын максатына жетүү бат иш эмес экенин Роза Отунбаева да белгиледи. Президенттик шайлоо менен жарыша аны ишке ашыруу канчалык мүмкүн? Уюштуруучулар менен чакырылгандар бүгүнкү курултай мурда башталган чоң жараяндын бир жыйыны деп, ал ишке ашмайын улана берет дешти.

Ал эми чакырылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Осмоновдун ою мындай:

Image caption Курултайга азыркы бийлик өкүлдөрү да чакырылган, бирок келген жок

"Президенттик шайлоо өткөндөн кийин Элдик курултай институтун Конституцияга киргизип, мыйзамдаштыруу жагына катуу киришип калышты окшойт деген ойдоймун".

Өзүн "Улуттук-мекенчил күчтөр" атаган топтун төрагасы, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров курултай идеясы менен алар президенттик шайлоого баратышканынын буга чейин Би-Би-Сиге ачык эле айткан.

"Бүгүн Кыргызстанда идеясы бириктирген күч барбы, жок! Биз идея менен барабыз, ал идеяны киргиздик - Элдик курултай институту. Аны Конституццияга бийликти багыттоочу жана көзөмөлдөөчү орган катары киргизип жатабыз. Идея менен барган команда кандайдыр бир күчкө ээ болот"

Курултайды саясий системага киргизүүгө караганда революция өткөрүү жеңил болгондуктан эки жолу аны ишке ашырганбыз деген Бекназаров азыр эл көтөрүлгөндөн тажады дейт. Демек Курултай ал үчүн элди жыйноонун дагы бир ыкмасы экенин жашырбайт.

Image caption Мар Майжиев конституциялык кеңеш түзүш керек дейт

Курултай институтуна бийликти берүүнүн ар кандай жолдору көп жылдардан бери көтөрүлүп келет. Бирок азыр сунушталып жаткан формада курултайдын иштешине каршылар да бар. Алар бийликти элдин атынан көзөмөлдөгөн парламент бар экенин жүйө келтирип, ордуна парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртууга аракет жумшаш керек дешет.

Мурдагы мамлекеттик катчы, азыр үй камагындагы Дастан Сарыгулов да курултай аркылуу бийликти элге бериш керек деген идеяны сүрөп келгендердин башында эле.

Жакында президент Алмазбек Атамбаев Элдик курултай институтун түзүш керек деди.