Санаага салган жол кырсыктары

Бүгүн Ички иштер жана Билим берүү министирликтери “Абайла балдар” деген аталышта бир ай мурун баштаган долбоордун жыйынтыгын жарыялады.
Image caption Бүгүн Ички иштер жана Билим берүү министирликтери “Абайла балдар” деген аталышта бир ай мурун баштаган долбоордун жыйынтыгын жарыялады.

Бүгүн Ички иштер жана Билим берүү министирликтери “Абайла балдар” деген аталышта бир ай мурун баштаган долбоордун жыйынтыгын жарыялады. Маалыматка караганда, өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны өсүп, бирок андан каза таап же жаракат алгандардын саны бир топ кыскарган. Бирок активисттер соңку учурдагы үрөй учурган кырсыктар бул багытта тынымсыз иш алып баруу керектигин көрсөттү дешет.

Соңку кырсыктардын кесепети кызуу талкууланып жаткан чакта, бүгүн социалдык тармактарга жол коопсуздугу боюнча дагы бир видео тасма чыгып, интернет колдонуучулардын талаш талкуусуна жем таштады. Анда журналист, кайгуул милициясынын кызматкери жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты ортосундагы окуя тартылган. Шаардык кеңештин депутаты арткы же капталдагы терезелери турсун маңдайкы терезесинен бери толук караңыглатылган унаасы менен балдардын жол коопсуздугуна арналган иш чарага келген.

Журналисттер ал тиешелүү документтерин да көрсөтпөстөн басып кеткенине карабай инспектор эч кандай чара көрө албай калганын жазышты. Бир аздан соң ошол эле депутат мектеп окуучуларын куттуктап, жол эрежелерин сактоого чакырып жатканын көрүүгө болот.

Учурда интернет колдонуучулар муну кыжырдануу менен кабыл алып, тынымсыз бөлүшүп жатат.

ИИМ өткөн жылдын төрт айында жол кырсыктарына балдар кабылган 389 факт катталса, быйыл төрт айда 336 экенин ырастайт. Анын кесепетинен өткөн жылы ушул аралыкта 36 баланын өмүрү кыйылса, быйыл он бир бала көз жумган. ИИМ жаракат алгандардын да саны азайганын билдирди.

Image caption ИИМ өткөн жылдын төрт айында жол кырсыктарына балдар кабылган 389 факт катталса, быйыл төрт айда 336 экенин ырастайт.

Бирок жылдан жылга окуучулардын саны өсүп жатканын эске алганда алардын коопсуздугу үчүн азыркы аткарылып жаткан иштер жетишсиз дегендер да жок эмес.

“Мектеп, бала бакча сыяктуу мекемелер кан жолдун боюнда курулуп калганы аз келгенсип, тишелүү жол белгилери да жетишсиз же азыркы талапка жооп бербейт. Бир эле мисал Бишкектин автожолдоруна 120га жакын атайын тоскоолдуктар орнотулса, унаалар өтө албайт экен деп, өткөн кышта алардын жарымын кайра чыгарып алышкан. Калгандарынын да бир тобу жолго чөгүп, функциясын аткара албай калды. Биз эл аралык ыкмаларды эске алып, ал жерлерге жолдон 15-25 смге чейин көтөрүлүп турган өтмөктөрдү курууну сунуштап жатабыз. Ал жолдон бийик болгондуктан айдоочулар унаасын талкалап албашы үчүн каалабаса да токтойт. Ал ошол эле асфальттан жасала турган болгон соң өтмөк анчейин деле чыгымды талап кылбайт. Башкысы көп кырсыктын алдын алууга болот”,- дейт активист Мирсулжан Намазаалы.

Сүрөттүн автордук укугу ria
Image caption Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров мас абалында рулга олтургандарды өмүр бою унаа айдоо укугунан ажыртуу керектигин белгилеп келет.

Буга чейин Кыргызстанда ар кандай мекемелер бул багытта иш алып барганы менен анчейин натыйжа чыкпай жатканын серепчилер айтып келишет. Алар мектеп же министриликтин гана деңгээлиндеги иштер менен чектелбестен, жол коопсуздугу боюнча иштер эң жогорку деңгээлдеги жыйындарда да чечкиндүү кадамдарды талап кылат дешет.

“Адамдардын жолдо жүрүү, унаа башкаруу маданияты, сабаты жоюлмайын абал жакшырбайт. Сабаты деп жатканым, жол белгилери жөн эле чийме же сандар эмес. Ал билим, милдет жана жоопкерчилик экенин түшүнүү керек. Ал кадимкидей эле алиппе сыяктуу окулуп, кыйшаюсуз аткарууну талап кылган жазуу түрүндөгү эрежелер. Жаш балдар турсун аларды ээрчитип жүргөн ата-энелер да көп нерсени билбей турганын көп эле көрүп жүрөм”,- дейт “Жол коопсуздугу” бейөкмөт уюму былтыр уюштурган атайын долбоордун инстурктору Миргүл Эсенгулова.

Дүйнөдө автоунаанын саны эӊ көп делген Британия сыяктуу өлкөлөр жол кырсыктарынан бир топ эле оолак. Ал эми калкынын саны аз экенине карабай Кыргызстан Орусия менен Казакстандан кийинки орундан түшпөй келет. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров мас абалында рулга олтургандарды өмүр бою унаа айдоо укугунан ажыртуу керектигин белгилеп келет. Шаардыктардын сынына кабылып, нааразы кылган дагы бир жагдай шаардагы жер алдынан өтө турган өтмөктөрдү оңдоо иши башталып, жөө жүрүүчүлөргө ыңгайсыз болуп калганы талкууланууда.

Тектеш темалар