Лондондо Кыргызстан инвестициялык форум өткөрөт

Кыргыз өкмөтү Лондондогу инвестициялык форумду экинчи жолу өткөрүп жатат.
Image caption Кыргыз өкмөтү Лондондогу инвестициялык форумду экинчи жолу өткөрүп жатат.

Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Улуу Британиядагы элчилиги өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана экономикалык жетишкендиктерин көргөзүү максатында Лондондо кезектеги инвестициялык форумду өткөргөнү жатышканын билдирүүдө.

25-майда өтө турган жыйында өлкөдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана жаңы долбоорлор жөнүндө маалымат берилмекчи. Ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу, жеке менчик секторду өнүктүрүү жана Европанын рыногуна экспортко чыгууга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Кыргызстандын өкмөтү тарабынан жасалып жаткан мыйзамдык чараларга да көңүл бурулмакчы.

"Биз былтыр биринчи инвестициялык форумду өткөргөнбүз. Кыргызстанды британдык ишке чөйрөгө таанытууда анын мааниси чоң болуп жатат. АНдан бери көп иш чараларды өткөрдүк. Маданият, тарых, туризм тармактарында көп иш чараларды өткөрдүк. Албетте, бул жерде биринчи кезекте өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү маанилүү милдет болуп жатат. Ошого жараша Кыргызстанды тааныган британдык компаниялардын да саны өстү. Британдык ишкер чөйрөсү көбүнчө тоо-кен тармагына, гидроэнергетика, айыл чарба жана билим берүү тармагына кызыкдар болуп жатышат",-деди Би-Би-Сиге Лондондогу кыргыз элчилигинин кызматкери Турдакун Сыдыков.

Бул форум ушул жылдын башында Улуу Британиянын Кыргызстанга барган соода миссиясынан кийин болуп жатат.

Бул иш чара Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы менен Chaarat Gold Holdings Limited ишканасынын колдоосу астында өтүүдө. (КС)

Тектеш темалар