Шайлоо 2017: Тобокелчиликтер жана чакырыктар

Кыргызстанда быйыл күздө президенттик шайлоо өтөт
Image caption Кыргызстанда быйыл күздө президенттик шайлоо өтөт

Күздө өтчү президенттик шайлоо буга чейинкилерден айырмаланып өтө кризистик учурда өткөнү жатат дешет байкоочулар. Терроризм, коом ичиндеги ажырым, диний фактор келе жаткан шайлоонун негизги коркунучтары аталууда. Кыргызстанда өткөн эки ыңкылаптын бири шайлоонунун жыйынтыгын бурмалоого байланыштуу болгонун эске алганда, таза эмес шайлоо өлкөнү үчүнчү ыңкылапка түртүшү мүмкүн деген да кооптонуулар бар.

Шайлоодогу коркунучтар

Шайлоонун тынч өтүшүнө бирден бир кепилдик бул-таза шайлоолорду өткөрүү. Бирок учурда өлкөдөгү оппозициялык маанайдагы саясатчылардын көбү шайлоо таза өтөт дегенге ынабай турушат. Жогорку Кеңеште 'Ата Мекен' фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев шайлоодо бийликчил эле талапкер жеңет деген ойдо :

'Келе жаткан президенттик шайлоо былтыр өткөн референдумдун эле экинчи сериясы болот. Бийлик адамы эле өтөт. Себеби, административдик, финансылык, а мүмкүн криминалдык ресурс дагы ошого иштейт. Бул президенттик шайлоо мурункулардан айырмаланып өтө кризистик учурда өтүп жатат', - деген эле депутат “Таза шайлоо-туруктуулуктун жана бийликти тапшыруунун кепилдиги” аталышында 12-майда өткөн жарандык форумда.

Күздө өтчү президенттик шайлоо алдындагы коркунучтар катары ал терроризм жана коом ичиндеги ажырымды белгиледи.

'Биринчиден, бул дүйнөлүк терроризм. Санк-Петербургдагы окуядан кийин Кыргызстан террористтер чыга турган дүйнөлөр катары картага кирди. 500дөн ашык Кыргызстандык Сирияда жүрөт. 60тан ашык кишиге кылмыш иши козголду. Алардын бир туугандары, пикирлештери Кыргызстанда да', - деди Иманалиев.

Эске салсак, быйыл 3-апрелде Санк-Петербург шаарында метродо теракт орун алып, андан 14 киши каза таап, ал үчүн 21 жаштагы кыргызстандык Акбаржон Джалилов айыпталган.

Былтыр 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинде жардыруу болуп, ал теракт катары бааланып, жыйынтыгында Кытай кыргызстандыктарды виза берүүнү катаалдантып отурат.

'Экинчи коркунуч – коомдо ажырым пайда болду. Анын башында мамлекеттик бийлик өкүлдөрү өздөрү отурат. Биз азыр оппозиция менен бийликке, эркин басма сөз менен Баш прокуратурага бөлүндүк, бул ажырым дагы күчөйт. Кудай сактасын, ага сырткы күчтөр кийлигишип кетсе эмне болот?' - деп суроо салат депутат.

Каныбек Иманалиев Кыргызстанда барган сайын дин жаатында абал курчуп, өлкөдөгү мусулмандар ич ара салафит, акрамий жана салттуу мусулман болуп тирешип жаткандыгына да токтолду.

Келе жаткан шайлоодо дин таасирин да эске алып кою ашыкча болбойт. Себеби, өлкөдо калктын 80%дан ашыгы ислам динин тутунушат жана коомдук пикирди калыптандырууда диний аалымдар ролу чоң.

Президенттикке талапкерлер эмитен эле өлкөдөгү диний аалымдар көңүлүн алууга өтүштү. Кечээ жакында талапкерлердин бири Темир Сариев Ислам университетине XVIII кылымга таандык Куран китебин белек кылды.

Шайлоодогу чакырыктар

Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 11-майдагы журналисттер менен болгон жолугушууда алдыдагы шайлоонун чакырыктары тууралуу токтолгон. Ал буга чейинки шайлоолорго негизги беш чакырык мүнөздүү болуп келгенин айтты. Алар: кир технологияларды колдонуу менен добуштарды бурмалоо, бюллетендерди таңгагы менен салуу, каруселдер, шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн добуштарды уурдоого катышы жана административдик ресурсту колдонуу.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо таза өтөрүүнө ишендирет

Бирок бул жолу БШК жогорку уюшкандыкта жана даярдыкта иш алып барып, шайлоо таза өтөт дегенге кепилдик берүүдө.

'Билесиздер буга чейинки шайлоолордо добуштарды бурмалоонун негизги эки жолу болуп келген: бюллетендерди таңгагы менен таштоо жана башка адам үчүн добуш берүү же башкача айтканда “каруселдер”. Шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар аркылуу таануу жана добуштарды автоматтык санакка алуу бул эки маселени чечет. 2015-жылы өткөн президенттик шайлоодо биз бул шайлоо моделин колдонгонбуз. Шайлоонун эртеси күнү добуш берүу жыйынтыгына карата эч кимде шек саноо болгон эмес. Соңку 20 жылда биринчи жолу ушундай пост шайлоолук тынч таң атты эле', - деген эле Нуржан Шайлдабекова.

Ошентсе да айрым жарандык коом өкүлдөрү жана саясатчылар добуштар иштетүлчү БШКнын башкы серверинде көз боемочулуктар болбойбу деп кабатыр. БШК баары ачык, айкын жана калыс болорун, добуштар эсебин чыгарууда серверге таасир этүүгө мүмкүн эместигин ишендирип келет.

Шайлоодогу тобокелчиликтер

Саясат тануучу Сейтек Качкынбай бийликтеги күчтөр келе жаткан шайлоодо бийлигин сактап калыш үчүн бар аракетин жасайт жана административдик ресурсту колдонуудан тартпайт деген пикирде. Ал КСДП партиясы жеңишке жетишүүгө ишенимдүү болгондуктан президенттикке Сооронбай Жээнбековду жылдырыштыбы деп божомолдойт:

Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай шайлоо таза өтпөсө тополоң чыгып кетиши мүмкүн дейт

'Бийлик эмнеге харизмалуу, көрүнүктүү инсанды президенттикке жылдырган жок. Балким мунун артында бизге айтылбаган кандайдыр бир пландар болушу мүмкү деген ойлор келет. Мүмкүн алар мыйзамдан сырт аракет кылып, өз күчүнө таянып өзүнүн оппоненттерин камап же аларга кара пиар колдонуп шайлоодон чыгарып, дагы башка ыкмаларды колдоно турган болсо анда арийне бул – тобокелчилик. Бул бийликтин өзүнө эле эмес жалпы өлкөнун коопсуздугуна да коркунуч келтирет. Себеби кайрадан тополоң чыгып, үчүнчү төңкөрүш чыгып кетиши да ыктымал',- деди серепчи.

Эске салсак, 2005-жылы Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоолор өтүп, эл аралык байкоочулар баасында шайлоолор таза өткөн эмес. Добуштар бурмаланды делип, эл арасында нааразычылык өсүп, толкундоолор аягы жоогазын ыңкылабы менен бүткөн эле.

Бул жолу да капыс шайлоо таза өтпөй калса не болуп кетет максатында саясатчылар алдын алуу аракеттерин көрүшүүдө. Алалы 12-майда жарандык коом атынан президенттикке талапкерлерге Жигитче келишим сунушталган. Анда 'шайлоо таза өтпөсө, добуштарды бурмалоо орун алса, талапкерлер мыйзам чегинде акыйкат үчүн күрөшүү укугуна ээ, бирок алар келишимге кол койгондон кийин өлкөнү бүлүккө салып, абалды чыңалтпоого сөз берет' делет.