Джон Маккеон: Ашыкча кийлигишүүдөн көп зыян тарттык

Джон Маккеон Кыргызстандын тоо-кен тармагына көп инвестиция жумшап жаткан британдык ишкер
Image caption Джон Маккеон Кыргызстандын тоо-кен тармагына көп инвестиция жумшап жаткан британдык ишкер

Кыргызстандын Экономика министрлиги Лондондо 25-майда инвестициялык форум өткөргөн жатат. Бул жыйындын алдында Би-Би-Си тоолуу өлкөнүн экономикасына инвестиция жумшап келаткан британдык ишкер Джон Маккеонду маекке тартып, Кыргызстанда чет элдик ишкерлер туш болгон негизги кыйынчылыктар жөнүндө сурады.

Д. Маккеон: Кыргызстан мен үчүн өзгөчө жер, жүрөгүмө абдан жакын, көптөгөн жакшы адамдар менен тааныштым. Мен өзүм ирландиялыкмын. Бизде адамдын айткан сөзү - анын мыйзамы, оюңдагыны айтасың - айтканыңды аткарасың. Бизнес ошентип жасалат. Кыргызстанда келишимдердин техникалык жана мыйзамдык котормосу, анын жергиликтүү калкка түшүнүктүү болуусу жагынан проблемалар болуп келет. Жергиликтүү коомчулуктар инвестор өзүнүн салган акчасынан пайда күтөөрүн түшүнүшү керек. Өз кезегинде инвесторлор алтын болобу, башкасы болобу, айтор өлкөнүн, элдин байлыгын, ресурстарын иштетүүгө келгени бааланышы керек. Келечекте инвестиция көп келип, иш алдыга жылсын десе, өкмөт чет элдик ишкерлердин муктаждыгын түшүнүп, аларды коргоого алса жакшы болмок.

Би-Би-Си: Өз тажрыйбаңызга таянып айта турган болсоңуз, чет элдик инвесторлор Кыргызстанда негизинен кандай проблемаларга туш келип жатат?

Д. Маккеон: Жеке мен ортомчу адамдардан чарчадым. Булар өтө көп нерсени убада кылат, бирок жасаган иштери жарытпайт. Инвесторлор тилди, маданиятты түшүнө бербейт. Ошентсе да мен ирландиялык болгонум үчүн англичандарга, америкалыктарга караганда кыргыздарды жакшы түшүнөм деп ойлойм. Кыргызстан абдан кооз өлкө. Анын кооз табиятын коргоо керек. Ошону менен бирге инвестордун талабы да эске алынса болмок. Мен Кыргызстанга акча салам деп бир топ каражатты жок кылдым. Мен корпорация эмесмин, жеке ишкер катары келгем. Бизнес тобокел экенин билип, ага даяр болуп келдим. Ошондуктан өзүмө карата да так, ачык мамилени күтөр элем.

Би-Би-Си: Сиздин бизнеске эмне тоскоол болду?

Д. Маккеон: Кийлигишүүлөр. Ар кандай саясий кызыкчылыкпы, жергиликтүү же сырткы кызыкчылык мененби, айтор, ашыкча териштирүүлөр болуп, көп каражат короттук. Акыры соттошууга туура келди. Жергиликтүү мыйзамдык системаны жакшы түшүнбөйбүз, ал эми чет элдик инвестор коргоого жана ачыктыкка муктаж. Транспаренси - ачыктык - бул мурунку советтик өлкөдө жаңыдан калыптанып жатканын түшүнөбүз, өкмөт аны камсыздоого аракеттениши керек.

Би-Би-Си: Чет элдик инвесторлорго жергиликтүү эл каршы чыккан учурлар көп болот. Сиздин оюңузча, өкмөт ушул маселени жайгаруу үчүн жетиштүү чара көрүп жатабы?

Д. Маккеон: Мында эки тарапты тең үйрөтүү керек. Инвестор өзүнүн каражатын салып, чон тобокелге барып жатат. Ресурстар дүйнөнүн көп эле жерлеринде бар эмеспи, көп өлкөлөрдө алтын же башка да түрдүү кендер бар. Саясий тобокелдикти инвесторлор өздөрү таразалап алар. Ал эми өкмөттөр жергиликтүү эл менен чет элдик ишкерлер ортосунда, мындайча айтканда, котормочу болушу керек. Инвестор ошол элдин, өлкөнүн байлыгын иштеткени келгенин түшүнүшү зарыл.

Ал эми жергиликтүү эл өзүнүн талаптарын инвесторлорго так, ачык билдириши керек. Бул реалдуулукка негизделген талап болушу керек. Көрүнгөн тоону эңсебей, эки тарап тең реалдуу пайданы күтүшү керек. Так ушул ишти өкмөт жүргүзсө жакшы болот эле.

Би-Би-Си: Ушунча жылдан бери бизнес долбооруңуз толук ишке ашпай жатканына карабай, сиз дале болсо Кыргызстанда ишиңизди улантууга бел байлап жатыпсыз. Өлкөнүн бизнес чөйрөсүндө эмненин өзгөрүшүн каалайт элеңиз?

Д. Маккеон: Кыргызстанга адеп барганда Чолок-Кайыңдыга каражат салганбыз. Бирок айрым адамдардын кийлигишүүсүнөн улам, бул долбоордон кур калдым. Азыр болсо башка долбоорду иштетүүнү көздөп жатам. Ал элге да чоң пайда алып келерине көзүм жетет. Туура тейленген учурда инвестиция кандай пайдалуу болоорун көрсөтө алган үлгү болот деп үмүттөнөм. Бул багытта биз министрликтердин, өкмөттүн, жергиликтүү коомчулуктун кызматташуусуна муктажбыз, биз алар менен иштешүүгө даярбыз.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар