Кесип тандоодо экономика менен укук башкы сапта

Мисалы, Орусияда акыркы жылдары полиция, дарыгер, мугалим өңдүү социалдык кесипти тандагандар бир аз жогорулады
Image caption Мисалы, Орусияда акыркы жылдары полиция, дарыгер, мугалим өңдүү социалдык кесипти тандагандар бир аз жогорулады

Кыргызстанда өлкөгө зарыл орто кесиптин ээлери көбөйө баштады делген менен кесип тандоодо юриспруденция жана экономика башкы саптан түшө элек.

Орусияда ата-энелердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, баласынын аскердик кесип алышын каалагандардын саны беш жыл мурдагыга караганда эки эсе өскөн. “Коомдук пикирди изилдеген бүткүл орусиялык борбордун” эсебинде андай ата-энелер мурда алты пайыз болсо, быйыл 13%.

Мунун себебин арми баркынын өсүп жатканы, Крымды аннексиялоо өңдүү ар түрдүү себептерге байланыштырышат.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоосунда ата-энелер башкы фактор.

Орусиядан айырмаланып, Кыргызстанда тенденция өзгөргөн жок. Сурамжылоо, себептерин тактоо болбосо да бул өңдүү көрсөткүчтөрдү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынан билүүгө болот.

Саптын эң башынан юриспруденция менен экономика түшө элек.

2012-жылы контрактык негизде өлкө боюнча экономика багытына 1700, укуктук тармакка 700гө чукул студент өткөн. Педагогика өңдүү кесиптин ордун саноого кол манжалары жетет. Бюджеттик негизде окуган студенттердин саны боюнча филологияны тандагандар көп болуп, 340ка жеткен. Анткени аларга орун көп берилет.

Беш жылдан кийин көрүнүш дээрлик өзгөргөн эмес. 2016-жылы контракт аркылуу 1300дөн ашык студент укукчу болууну чечсе, 800 чамалуусу экономиканы тандашкан. Ал эми ондогон гана оруну бар педагогика бюджеттик негизде да толбой калууда дейт Билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы Абдыманап Жолдошов:

Image caption Жаштар акчалуу жана престиждүү кесипти тандашат

“Экономика менен юриспруденцияны тандоо 2000-жылдарга салыштырмалуу азайган менен дале алдыда. Медицинага, жаңы технологияларга ыктоо көп. Ал эми өлкө боюнча ветеринарларга, курулушчуларга, техника менен иштегендерге талап көп. Ага эч ким келбейт. Мугалимдер боюнча айтпай эле коёюн, бюджеттик орундар да толбой калат”.

Экономика менен юриспруденция престиждүү жана акчалуу тармак деген түшүнүктөн көп тандалат. Бирок Жолдошовдун айтымында, аны бүткөндөрдүн баары жумуш табалышпайт.

Бишкектеги 61-мектеп лицейин аяктап жаткан Амантур Урматов өзү жана теңтуштары экономикалык кесиптерди тандап жатышканын айтты. Себеби мектеп так илимдерге басым жасагандыктан математикага, физикага байланыштуу кесиптерди тандап жатабыз деп ойлойт:

“Экономикага кирген, акча менен байланыштуу, мисалы, маркетинг, бизнести башкаруу, банк иштери өңдүү кесиптерди көп тандап жатышат. Бул азыр популярдуу дагы, биз окуган сабактарга да байланыштуу. Кандай мектепте окуганына жараша болот го дейм. Мисалы, мен Борбор Азиядагы Америка университетине өтсөм, инженердик программалоону тандамакмын. Ушул эле окуу жайда эң популярдуу факультет бизнести башкаруу. Биздин класста медицинага, журналистикага кызыккандар да көп”.

Эксперттердин айтымында, ата-энелер балдары үчүн абройлуу, акчалуу жана туруктуу кесипти тандаганга аракет кылат. Мына ошол туруктуулук муктаждыгынан улам айлыгы аз болсо да дарыгерлик өңдүү кесип көптөгөн жылдардан бери абитуриенттер жактырган кесип эсептелет экен. Бирок албетте медицинанын өз өзгөчөлүктөрүнө жараша да болушу мүмкүн.

Ошол эле ишеничтүү делген классикалык кесиптердин бири мугалимдиктин аброюн Кыргызстан эч жакшырта албай жатат. Билим берүү тармагынын адиси Гүлмира Эсенгулова акча роль ойнорун байкап келет

“Мисалы, башталгыч класстарды окуткан мугалимдердин айлыгын бир аз көтөрүп койду. Бизде И.Арабаев университетинде магистратурада да, педагогикалык факультетте да башталгыч класстардын мугалимдери жетиштүү санда окуйт. Айлыгын кыйратып көбөйтбөсө да, жогорулады дегенди укканда эле ошол багытка кете башташты”.

Image caption Дүйнөдө кесип тандоодо медицина багыты дайыма алдыда

Энергетика жана муниципалдык тармакта иштечү кесиптер да жакшы тандалууда.

Эксперттер абитуриенттер менен ата-энелери аз акча, бирок такай айлык алган бюджеттик кызматкер болгон жакшыбы же көп акчалуу бирок туруктуу эмес жеке секторбу деген тандоодо болушат дейт. Ошондуктан мамлекеттик жана бюджеттик кызматтарды тандоо да артта калган жок. Анын үстүнө бул чиновник болууга кеткен жол деп билишет.

Окуу жайлары өз жолу менен да абитуриенттерди алышат. Бирок жалпы республикалык тестирлөө университетке өтүүнүн негизги жолу болуп калгандыктан анын жыйынтыгы да кесип тандоодо негизги ролду ойнойт.

“Кайда барасың десең, тесттин жыйынтыгына жараша дешет. Биринчи курстун студенттерин сурасаң, упайы жеткен үчүн ошо кесипти тандаганын айтышат. Жалпы республикалык тестирлөө жакшы иштеп жатпайбы”, - деди Миргүл Эсенгулова.

Быйыл Кыргызстанда 62 миң бала 11-классты бүтүп жатат. Жалпы республикалык тестирлөөгө жылдан жылга катышкандар саны арбып баратат.