ЕККУнун атайын миссиясы Бишкекке келди

ЕККУнун шайлоо боюнча миссиясы Бишкекке келди Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption ЕККУнун шайлоо боюнча миссиясы Бишкекке келди

ЕККУ күздө өтчү Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоочуларын жибереби же жокпу азырынча белгисиз. Уюмдун атайын миссиясы өлкөдө эл аралык байкоочуларга муктаждык бар-жогун иликтегени келди. Ал арада жергиликтүү укук коргоочулар шайлоо тууралуу жаңы мыйзам жарандык коомдун байкоочуларынын макамын чектеп жатат деп нааразы болушту.

ЕККУ: Биздин отчет, бүтүмдөр жалаң сындан турбайт

БШКнын чакыруусу менен Кыргызстанга келген Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократия жана Адам укуктары бюросунун Шайлоолор боюнча бөлүм башчысы Александр Шлык ал жетектеген миссия өлкөдө 26-майга дейре болорун билдирди:

''Биз Кыргызстанга үч гана күнгө келдик, сапарыбыздын максаты – Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоого байкоо салуу керекпи, ага муктаждык барбы чечүү. Эгер байкоо сала турган болсок анын форматы кандай болмокчу жана биз кайсы маселелерге ынтаа коюушубуз керек, мына ушул суроолорго жооп алганы келдик'', - деди Александр Шлык.

Эске салсак, ЕККУ Кыргызстанда былтыр 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого жана референдумга байкоочуларын жиберүүдөн баш тарткан эле.

Муну уюм Өзбекстан өңдүү бир катар өлкөлөрдөгү шайлоолорго да барганы жаткандыктан адистери тартыш болуп жатканы менен түшүндүргөн. Бирок айрым талдоочулар ЕККУнун бул кадамын саясат менен байланыштырышкан.

Себеби, ага чейин Кыргызстан Европа Коопсуздук жана кызматтыштык уюмун июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго сөз бергени үчүн айыптаган. Мындан улам кыргыз бийлиги уюмдун Бишкектеги борборунун макамы төмөндөйт, жөн гана кеңсе болот деп жарыялаган эле.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Шлык: Сапарыбыздын максаты – Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоого байкоо салуу керекпи, ага муктаждык барбы чечүү

Ошентсе да бул жолу БШК келе жаткан президенттик шайлоого көз салуу үчүн ЕККУ байкоочуларын жиберишин өтүнүп, уюмга чакыруу жөнөткөн.

24-майда өткөн ЕККУ өкүлдөрү менен жолугушууда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2015-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча бул эл аралык уюмдун тыянагы расмий бүтүмдөр менен көп жеринде дал келгенин белгилеп, мындан ары кызматташтыкка үмүтүн билдирди.

''Шайлоонун жыйынтыгы боюнча ЕККУнун отчет, тыянак жана сунуштарын 'сын үчүн сыноо' эмес, достордун сыны катары кабыл алып жатканыңар абдан жакты. Дос деген чын пейилинен жардам берүүнү гана каалайт эмеспи. Биз Кыргызстанда шайлоолордо байкаган бардык позитивдүү нерселерди баса белгилеп келебиз. Отчетторубуз жалаң эле сын менен коштолбойт. Сын менен катар жылыштарды да белгилеп жатканыбызды байкашса экен дейбиз. Берген сунуштарыбыздыз баары шайлоолор мындан да жакшы, таза өтсүн деген эле максатты көздөйт'',- деди Александр Шлык.

Аны менен кошо ЕККУнун башкы кеңсесинен Кыргызстанга үч киши: Демократия жана Адам укуктары бюросунун Шайлоолор боюнча башкы кеңешчиси Ана Русо, бюронун Кыргызстан боюнча куратору Алексей Громов жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын шайлоолор боюнча администрация жетекчиси Ирина Сабашук келген.

Байкоочубу же статистпи?

Ал арада 24-майда Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү парламентке кайрылып, коммерциялык эмес уюмдардын шайлоого байкоо жүргүзүү укугун чектөө аракети жүрүп жатат деген кооптонуусун билдирди.

20га жакын өкүлдөн турган “Жарандык активисттер түйүнү” бул тууралуу атайын кайрылуу менен чыгышты. Анда коммерциялык эмес уюмдан байкоочу болуп жаткандардын укугу “Шайлоолор жөнүндө” мыйзамдын 10-1-беренесин өзгөртүү менен чектелип жаткандыгына наарызылык айтылат.

Аталган мыйзам долбоору 17-майда Жогорку Кеңеште талкууланып, экинчи окууда кабыл алынган эле.

Кайрылуунун демилгечиси, 'Бир дүйнө Кыргызстан' укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова өзгөртүүлөр маңызы тууралуу буларга токтолду:

Image caption Төлөйкан Исмаилова: Жергиликтүү байкоочулар макамын чектөө аракети жүрүүдө

''Эң биринчи байкоочулардын аккредитациялоо боюнча жаңы эрежелер киргени жатат. Буга чейин шайлоо комиссиясына биз баланча уюмдан келдик деп мөөрү менен катыбызды берип коер элек. Эми болсо шайлоо комиссиясы байкоочуларды участкалык комиссияга байкоо салганга киргизүү керекпи же жокпу деп чечим кабыл алуу укугуна ээ болуп атышыптыр. Бул деген чон тоскоолдук да. Экичиден, сизди байкоо салганга кое беришсе дагы сиз ошол комиссия көрсөткөн бир бурчка отурушуңар керек экен. Ары-бери басып, эл менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк берилбейт, жөн гана отуруп анан кете бересиңер. Бул эми эмне деген өзгөртүү?'', - деп кейиди укук коргоочу.

Айтымында жаңы эрежелерге ылайык байкоочу эмес жөн гана статист ролун аткарып калчудай болуп турат.

Соңку шайлоодогу байкоочулар

Былтыр өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга көз салуу үчүн 181 эл аралык байкоочу катталган. Алар дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн, 46 эл аралык уюмдардан келген.

Булардын ичинде ШКУ, КМШ уюмдарынан, элчиликтерден жана башкы консулдуктардан, түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынан, Ислам кызматташтык уюмунун парламенттик биримдигинен, айрым өлкөлөрдүн БШКларынан өкүлдөр болгон.

Эл аралык байкоочулардын көбү шайлоо жана референдум ачык-айкын өткөнүн белгилешип, олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу оозанышкан эмес.

Адатта өлкөдө өткөн шайлоолорго жарандык коом өкүлдөрүнөн 1 миң 500 дөй байкоочу көз салып келишет. Былтыр өткөн добуш берүүдө айрым көз карандысыз байкоочулар бюллетендерди таңгагы менен үкөккө салуу, башка бирөө үчүн добуш берүү, каруселдер катталганын айтып чыгышкан.

Милиция шайлоого байланыштуу 27 мыйзам бузуу фактысы катталганын билдирген болчу.

Тектеш темалар