Д. Зилалиев: Инвестициялык форумга экономикалык сунуштарыбыз көп

Дүйшөнбек Зилалиев Кыргызстанда инвесторлор менен иштешүү аракети жогору болуп жатканын айтууда.
Image caption Дүйшөнбек Зилалиев Кыргызстанда инвесторлор менен иштешүү аракети жогору болуп жатканын айтууда.

Кыргызстандын Экономика министрлиги Лондондо кезектеги инвестициялык форумду өткөрүп жатат. Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамкомитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев бул форумда кандай инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана долбоорлор жөнүндө сөз болуп жатканын Би-Би-Сиге айтып берди.

  1. Лондондо Кыргызстандын инвестициялык форуму
  2. Джон Маккеон: Ашыкча кийлигишүүдөн көп зыян тарттык

Дүйшөнбек Зилалиев: Биздин негизги багыттарыбыз өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу. Ѳнөр жай боюнча биз атайын иштебей жаткан ишканалардын тизмесин алып келдик. 44 өнөр жай ишканабыз азыркы учурда иштебей турат. Аларга жан киргизүүнүн биргелешкен мүмкүнчүлүктөрүн издеп, сунуштарыбызды билдирип жатабыз.

Энергетика боюнча дагы ири долбоорлорубуз бар. Ошол эле чоң ГЭСтердин долбоорлору. Андан сырткары, биздин өкмөт азыр шамал, күн сыяктуу түгөнбөй турган турган энергия булактарына орчундуу көңүл буруп жатабыз. Бул жагында дагы сунуштарыбыз болот. Ошондой эле жер казынасын пайдалануу боюнча дагы сунуштарыбыз болот. Биз конкурска чыгарган ири объектилер жөнүндө, алардын бааларын айтып беребиз. Көмүр кендери, сейрек металлдар боюнча даярдаган сунуштарыбыз бар.

Би-Би-Си: Кыргыз өкмөтү инвесторлорду чакырып жатып, алардын кызыкчылыгын коргоонун кандай кепилдиктерин сунуштап жатат?

Дүйшөнбек Зилалиев: Эң негизги кепилдик, процесстердин баарын ачык-айкын өткөрүп баштадык. Мурун лицензиялар жең ичинен берилип келсе, азыр аукцион жана конкурстарды ачык-айкын өткөрүп жатабыз. Комиссиянын мүчөлөрү негизинен ошол жергиликтүү калктын өкүлдөрү. Мурда лицензияларды ар кандай себептер менен алып койгон көрүнүштөр бар болчу. Азыр кандайдыр бир маселе болсо баары сот аркылуу чечилет.

Би-Би-Си: Инвесторлор жергиликтүү деңгээлдеги каршылыктардын болуп жатканынан иш токтоп калган учурларды айтып жатышат. Элдин каршылыгы чыкканда жергиликтүү бийлик органдары аларды чечүүнүн ордуна эмне үчүн четке чыга берип жатканын да инвесторлор түшүнбөй жатышат.

Д. Зилалиев: Бул көйгөй бар, айтылып эле келатат. Бирок чындык үчүн айтып коюш керек. Үч-төрт жылдын ичинде жасалган иштин натыйжасында чыр-чатактуу маселелер кескин түрдө азайды. Мисалы, башында биз жылына 60-70 жолу иш сапарга чыкчубуз, азыр бул азайды. Мурда бизде 26-27 конфликттүү жерлер бар эле, азыр болгону үч-төртү гана калды. Буюрса, ал жерлерде дагы түшүндүрүү иштерин күчөтүп, каршылыгын жойгонго аракет кылабыз.

Жергиликтүү бийлик органдарынын пассивдүү ролун туура белгилеп кеттиңиз. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, инвесторлорго жардам бербей жаткан айыл өкмөттөрү болуп келген. "Жер казынасы жөнүндөгү" мыйзамдын 7-беренесине ылайык, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана инвесторлорго жардам берүү жергиликтүү бийлик органдарынын түздөн түз милдети. Бирок азыркы күндө кырдаал бир топ өзгөрдү десем жаңылбайм. Чы-чатактарды чечкенге жергиликтүү бийлик бир топ эле жардам берип жатат.

Би-Би-Си: Инвестор демекчи, эң чоң инвестор "Кумтөрдө" отурат. Аны өзүнчө бир инвестициялык барометр деп койсок болот, башка инвесторлор да бул маселеге карап, өлкөнүн инвестициялык климатын сынашат эмеспи. "Кумтөр" долбоорун кайра түзүү боюнча өкмөт сүйлөшүүлөрдү баштаганына көп жыл болуп калды, бирок аягы көрүнбөйт. Канадалык "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүүлөр азыр кайсы баскычта турат?

Д. Зилалиев: "Кумтөр" долбоорун барометр деп айтканыңыз туура. Кечээтен бери сезип атабыз. Жумушчу жолугушуулар болгондо инвесторлор да сурап жатышат. Бул боюнча иш токтогон жок, жүрүп жатат. Бул аябай саясатташып кеткен маселе экен. Ошого карабай, атайын түзүлгөн топ сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ушул жай ичинде сүйлөшүүлөр кандайдыр бир жыйынтыгына чыгып, келишимге кол коебуз деп турабыз.

Тектеш темалар