Канатбек Муратбеков: Инвесторлорду текшерүүнү азайттык

Канатбек Муратбеков экологиялык жана техникалык көзөмөл текшерүүлөрү жылына 70 миңден 15 миңге чейин азайды дейт.
Image caption Канатбек Муратбеков экологиялык жана техникалык көзөмөл текшерүүлөрү жылына 70 миңден 15 миңге чейин азайды дейт.

Лондондо өтүп жаткан инвестициялык форумда кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн негизсиз текшерүүлөрдү тыйып жатканын белгилешти. КР Мамэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбеков экологиялык жана техникалык көзөмөл текшерүүлөр кыйла эле кыскарганын Би-Би-Сиге билдирди.

К. Муратбеков: Мурда текшерүүчүлөр абдан көп болчу. Бүгүнкү күндө мен жетектеген инспекция он беш багытта иш алып барып жатат. Демек, он беш багытта инвесторлордун же ишкерлердин үстүнөн текшерүүлөр болот. Бирок ошол он беш багытты бириктирип, бир эле инспекция иш алып барып жатат.

Мурдакыдай дайны жок текшерүүлөр болбой калды. Азыр текшерүү үчүн Интернетке алдын ала жарыялайбыз. Же болбосо он күн калганга чейин эскертүү беришке милдеттүүбүз. Текшерүүгө Экономика министрлигинин макулдугу менен гана барабыз.

Текшерүүлөр бүгүнкү күндө ачык-айкын өткөрүлөт. Мурдакыдай ар ким каалаган учурда текшере албайт. Биздин инспекция түзүлө электе мурда жылына 44 миңден 70 миңге чейин текшерүүлөр болуп келген. Азыркы күндө текшерүүлөр саны он төрт-он беш миң. Бул деле көп, ошондуктан биз аны азайтуунун үстүндө иштешибиз керек. Биз текшерүүчү орган эмес, алдын ала жардам берүүчү органга айландырышыбыз келечекте.

Би-Би-Си: Тоо-кен тармагында элди биринчи кезекте ойлондурган маселе экология эмеспи. Бирок ошол экологияга жамынып алып, кайсы бир күчтөр жасалма тоскоолдук кылган учурлар да болуп жатканын айтып жатышат инвесторлор.

К. Муратбеков: Буга чейин лицензиялар колдон колго өтүп, же аны ким кандай шартта алып жатканы менен элдин иши да болгон эмес. Бүгүнкү күндө лицензия алыш үчүн жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү элдин алдында ачык аукцион өткөрүү шарты өзүнүн жыйынтыгын бере баштады. Эл өзү күбө болуп жатат. Ошондуктан каршылыктар дагы азайууда.

Буга чейин туура, көп себептер болуп келген. Инвесторлор өзүнө социалдык көп милдеттенмелерди алып алган. Эл ага ишенген. Инвесторлор убагында милдеттенмелерди аткарбагандыктан каршылыктар болуп келген. Ѳкмөт тарабынан жакшы шарттар түзүлүп атат. Мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүлөрдү азайтуу аракетин көрүп жатабыз. Ошол эле учурда экологиянын тазалыгын көзөмөлгө алышыбыз керек.

Би-Би-Си: Экологиялык зыян демекчи, 2011-жылы мамлекеттик комиссия Кумтөрдө экологиялык чоң зыян болгонун аныктап чыккандан кийин экологиялык доо коюп сотко бердиңер эле. Азыр ошол сот иштеринен эмне натыйжа бар?

К. Муратбеков: "Кумтөр" компаниясы экологияны бузду, такыр эле талкалап салды деп айта албаймын. Бирок мурдакы кетирген кемчиликтери, мыйзам бузуулар боюнча сотко бергенбиз. Райондук сотту утуп алдык, эми шаардык сотто иш каралып жатат.

Бүгүнкү күндө "Кумтөр" ишканасына көп эскертүүлөрдү берип жатабыз. Алар ошол көрсөтүлгөн кемчиликтерди тез арада жоюп жатат. Ошол эле убакта, 2009-жылы алар көп карым-катнаштарды мыйзамдаштырып алгандыктан, көп тоскоолдуктар бар сот жакта. Биз ага карабай аракетибизди жасайбыз.

Тектеш темалар