ЕКѲБ “Манас” аба майданын модернизациялоого кредит бөлдү

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption “Манас” аба майданын көп эл аралык авиа компаниялар транзиттик максатта дагы пайдаланышат.

Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы "Манас" аба майданынын жүргүнчүлөр терминалын модернизация кылууга 4,7 миллион доллар кредит бөлдү. Ошондой эле 500 миң доллар инвестициялык грант кошумча берилди. Тийиштүү кредиттик макулдашууга 25-майда Лондондо болгон кыргыз инвестициялык форумунда кол коюлду.

Кредиттик каражаттар жүргүнчүлөр терминалынын вентиляция жана жылытуу системасын эл аралык стандартка ылайык жаңыртууга жумшалмакчы.

Кыргызстандын эң башкы "Манас" аба майданын көп эл аралык авиа компаниялар транзиттик максатта дагы пайдаланышат.

"Биз бул долбоорду колдоого алганыбыз үчүн кубанычтабыз, анткени ал "Манас" менен ЕКѲБдүн ортосундагы кызматташтыктын башталышы. Регионалдык маанидеги аба майдандарын модернизациялоо банктын транспорттук стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат",-деди ЕКѲБдүн Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Наталья Ханженкова.

Бул мамлекеттик ишкана кепилдиги жок кредит алып жаткан биринчи долбоор болуп калды. ЕКѲБ ошондой эле "Манас" аба майданына финансылык башкарууну жакшыртуу жана энергиялык ээфективдүүлүктү жогорулатуу үчүн өзүнчө техникалык жардам көрсөтмөкчү.

ЕКѲБ бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын экономикасынын ар кандай тармактарына 770 млн АКШ долларын инвестиция кылып жумшады. Алардын ичинен үчтөн бир бөлүгү инфраструктуралык долбоорлорго туура келет. (КС)

Тектеш темалар