Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар көбөйдү

Учурда Орусияда жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктардын саны бир миллиондун тегерегинде деп айтылып келет Сүрөттүн автордук укугу CA-IR News
Image caption Учурда Орусияда жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктардын саны бир миллиондун тегерегинде деп айтылып келет

Орусиянын маалымат агенттиктери бул өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандыктар үч айдын ичинде КРге жарым миллиард долларга жакын акча которгонун маалымдады. Агенттиктер жазгандай, бул убакыт аралыгында 433 миллион доллар которулган.

Бул мурдагы жылдын үч айына салыштырмалуу 67 пайызга көп дегенди билдирет деп айтылууда.

Орусиялык “Meduza” жана ТАСС маалымат агенттиктери жазгандай, “акча которуунун мындай көлөмү жаңы рекорд катары каралууда. 2013-жылдын биринчи чейрегинде кыргызстандыктар өлкөсүнө 411 миллион доллар жиберген болчу”.

Кыргызстандын Улуттук банкы дагы бул маалыматты тастыктады.

“Быйылкы жылдын үч айында Кыргызстанга 433 миллион доллар которулган. Бирок өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 67 пайызга эмес, 48,9 пайызга көбөйгөн”, -деп билдирди Улуттук банктын коомчулук менен байланыш бөлүмү.

ТАСС агенттиги билдиргендей, соңку 12 жылдын ичинде кыргызстандык эмгек мигранттары өлкөсүнө 16,4 млрд. доллар которгон.

Учурда Орусияда жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктардын саны бир миллиондун тегерегинде деп айтылып келет.

Тектеш темалар