Жылкыбаев: Көлгө май куюлду деген болбогон кеп

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген туристтердин саны 147 миңге кыскарган. Бирок туризм департаменти турситтердин саны азайганы менен алар Кыргызстанда сарптаган каражаттын көлөмү мурдагыдан көбөйүп, 21 жарым млрд сомго жакындап барганын билдирди
Image caption Чек ара кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген туристтердин саны 147 миңге кыскарган. Бирок туризм департаменти турситтердин саны азайганы менен алар Кыргызстанда сарптаган каражаттын көлөмү мурдагыдан көбөйүп, 21 жарым млрд сомго жакындап барганын билдирди

Ысык-Көл районунун Бостери айылында көлдүн суусун белигисиз зат булгап жатат деген маалымат социалдык тармактарда бир топ талкууларды жаратып жаткан учур. Экотехинспекция өкүлдөрү бул чындыкка дал келбей турганын айтып, өсүмдүктөн бөлүнүп чыккан зат сүрөттө башкача көрүнүп жактандыгын түшүндүрүшүүдө. Алар ошондой эле бул боюнча лабораториянын да изилдөөсү жүрүп жаткандыгын Би-Би-Сиге айтып берди.

Белгисиз суюк зат көл суусуна кошулуп, сууну булгап жатат деген маалымат, сүрөттөр кечээ күнү интернетке тарагандан кийин социалдык тармактын колдонуучулары бул боюнча ар кандай пикирлерин билдирип, маалыматты бөлүшүп жатышат.

Сүрөттөр бир караган кишиге кадимки эле бензин же солярка сууга кошулуп, суу үстүндө калкып тургандай көрүнөт. Сүрөттөргө карап ал аз өлчөмдө эмес экенин да байкоого болот. Ушундан улам облус аймагында буга чейин да чечилбей келген саркынды суулар, табыгый чыпка болуп саналган токтойлордун маселеси дагы бир ирет көтөрүлдү.

“Бул көрүнүш эмнеден улам жаралганын аныктаганга чейин чынында эле жергиликтүү эл тынчсызданып жатышты. Кийин окуяны жеринен барып көргөндөн кийин суу булганбаганына өздөрү да күбө болду. Бул жаз мезгилинде өсүмдүктөрдүн гүлдөп, чаңдашуу учурунда боло турган кубулуш. Эч кандай зыяны жок. Катуу шамаал болгондо дал ошондой чаңдын баарын сууга айдаган, агымга жараша көл аны кайра жээкке сүрүп чыгырып аткан учур болгон. Кимдир бирөө көрүп калып түшүнбөй эле сүрөткө тартып жарыялап жиберген экен. Сүрөттөн караса кудум эле май кошулуп кеткендей көрүнөт. Биз эл менен кошо колубуз менен кармап, лабораториядан өткөргөндө эч кандай май же мазут заттары кошулбаганы анык болду. Бирок ошого карабай аны дагы бир жолу тактап элге көрсөтүү үчүн анализдерин күтүп атабыз”,- дейт Мамлекеттик Экологиялык техникалык инспекциясынын Ысык-Көл облустук инспектору Максат Кыштообаев.

Бул талкуунун эпкини менен мындан бир жыл мурун Ысык-Көлдө суу астындагы таштандылар тартылган видео да кайрадан интернет колдонуучулардын көңүлун бурду. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров атайын адистер менен иш алып барган учурда, Ысык-Көл өзүн-өзү табыгый жол менен тазалоого жетишпей жаткандыгы аныкталгандыгын айтууда. Салыштыруу үчүн бир нече жыл катары менен космосто тартылган фото сүрөттөр да муну далилдейт деп ырастоодо.

“Азыр көлгө мынча миллион турист келди, баланча миллиард каражат түштү деп жатканыбыз менен чындыгында өтө чоң көйгөй бар. Облус боюнча саркынды сууну тазалай турган бир да жай жок десе болот. Мисалы көлгө майда, чоңу аралашып олтуруп эки жүзгө жакын суу куят. Бирок бир да суу агып чыкпайт. Бул эмне агып кирсе ошонун баары ошол жерде топтолот дегенди билдирет. Эгер суу агып чыкса анда да кайсы бир жол менен тазаланып жатат десек болмок. Убагында карабай коюп көлдөрү сазга айланып кеткенден кийин миллиардаган долларларды жумшап тазалай албай аткан мисалдар бир топ. Азыр пластик баштык же бөтөлкөлөр үчүн дүйнөдө кандай көйгөйлөр чыгып атат. Ошонун баарын биздин көлүбүзгө салыштырып карап зээниң кейийт”,- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров.

Image caption Өткөн жылы келген туристтердин жалпы саны 3 млн 850 миңдин айланасында болгон.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген туристтердин саны 147 миңге кыскарган. Бирок туризм департаменти турситтердин саны азайганы менен алар Кыргызстанда сарптаган каражаттын көлөмү мурдагыдан көбөйүп, 21 жарым млрд сомго жакындап барганын билдирди. Өткөн жылы келген туристтердин жалпы саны 3 млн 850 миңдин айланасында болгон.

Өкмөткө караштуу туризм департаменти быйыл көлгө келчү туристтердин агымы дагы көбөйөт деген үмүттө. Алар дал ушундай маанилүү учурда такталбаган же кесепетин тийгизе турган маалыматтарды жарыялоодо этият болууга чакырат.

“Бостери айылындагы соңку окуя чыкканда дароо көзөмөлгө алдык. Эч кандай зыян же кесепети жок болуп чыкты. Ошончолук эле суунун же табияттын тазалыгы үчүн күрөшүп жатам деген киши болсо, такталбаган маалымат менен элдин баарын чуулдатпай тиешелүү кызматтарга кабарлап койсо болот эле да. Акыркы учурда тактап, чын бышыгын билбей эле жарыялап жиберген өнөкөт пайда болгондой. Антип тарап кеткен маалыматты дал ушундай маанилүү учур башталат деп атканда башка тилдерге которулуп, чет өлкөдөгү маалымат каражаттарына чейин тарап кетип атат. Мындан Кыргызстанга пайда барбы? Чындык болсо да бир жөн эле. Талдап көрсөк мурунку жылдары чыккан маалыматтар кайра кайталанып чыгып, келе турган туристтерди башка өлкөгө буруп жибериши да мүмкүн. Анда туристтерди жылдап күткөн элдин үмүтү, планы эмне болот? Ушул жагын да ойлоп коюшса”,- дейт өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.

Ал ошондой эле Ысык-Көл жайкы гана туристтик аймак болбостон жыл бою эс алууга шарты бар аймак катары мүмкүнчүлгүн толук пайдалануу аркеттери уланып жатканын айтат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар