Нил Маккейн: Кыргызстан инвесторлорго ишеничтүү өлкө

Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору
Image caption Нил Маккейн - Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору

Лондондо кыргыз инвестициялык форумунун өткөрүүгө көмөк көрсөткөн Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн инвесторлорду Кыргызстандын инвестициялык потенциалын натыйжалуу пайдаланууга чакырууда.

Нил Маккейн: 2016-жылы Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы Бишкекти регионалдык борбор кылып тандап алганбыз. Ал үч өлкөнү - Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстанды тейлейт. Борбор деп Бишкектин тандалганы кыргыз өкмөтү менен бир катар реформалык процесстер боюнча кызматташуубуз дурус нукта экенин көрсөтүп турат. Мисалы, электрондук башкаруу, камсыздоо, мыйзамдык транзиция, жергиликтүү каражат рыногун өнүктүрүү, жана башкаларды айтсак болот. Инфраструктурадан тартып, финансылык мекемелерге инвестиция салуу сыяктуу иш чаралар аймакта кызматташуунун мыкты үлгүсү боло алат. Биз аны башка өлкөлөргө жайылтууну көздөп жатабыз.

Би-Би-Си: Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасынын кандай инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана тобокелдиктерин көрүп жатат?

Нил Маккейн: Кыргызстан чакан мамлекет, анын рыногу да чакан. Мындай өлкөлөргө эл аралык инвесторлорду тартуу оңой эмес. Бирок Кыргызстан Кытай менен Казакстандын ортосунда жайгашып, стратегиялык мааниге ээ. Ошону менен бирге минералдык сектордо бир топ табигый ресурстары, алтыны бар.

Бул форумдун демөөрчүсү, мисалы, "Чаар-ат" алтын кенин иликтеген компания - чет элдик инвестиция менен иштеп жаткан компаниялардын бири. Ошондуктан банктын Лондондогу башкы кеңсесинде өтө турган бул жыйынга биз Лондон Ситиден жана Европадан бир катар инвесторлорду чакырдык. Биз, албетте, реалдуулукту эске алуубуз керек. Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы инвесторлорду колдоону гана эмес, биринчи кезекте кыргыз өкмөтүнө көмөктөшүүнү көздөйт. Бул жыйындын натыйжасында өлкөгө карата кызыгуу көбөйүп, инвесторлор мүмкүнчүлүктөр кандай экенин көрүү үчүн Бишкекке келишет деп үмүттөнөбүз. Кыргызстандын 2015-жылы Евразия экономикалык Биримдигине мүчө болуп киргени анын потенциалын өзгөрттү. Муну өлкөнүн пайдасына колдонсо болот.

Би-Би-Си: Кыргыз өкмөтүнүн чет элдик инвесторлор менен кызматташтыгын аксатып жаткан себептерди жоюуга ЕККБ кандай көмөк көрсөтө алат?

Нил Маккейн: Биз Кыргызстандагы кен иштетүү секторуна 80 миллион евро каражат салганбыз, демек бул тармакты жакшы түшүнөбүз. Бул жакта өлкөнүн кен байлык экспортунун 80 пайызын камсыздаган эң ири эл аралык инвестор бар, андыктан бул компаниянын иш аракеттери өтө саясатташтырылганы табигый көрүнүш. Биздин банк бул маселеде келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө жардам сунуштап келебиз.

Маанилүү бир жагдай, "Кумтөр" алтын долбоору тогуз жылда ишин жыйынтыктагандан кийин башка инвесторлордун келиши үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө умтулуп жатабыз. Кен иштетүү долбоорлору демейде узак мөөнөт талап кылат эмеспи. Ошондуктан Кумтөрдөн түшкөн киреше токтогонго чейин анын жаңы булагын камсыздоо үчүн бүгүн аракеттене башташ керек.

Албетте, өлкөнүн репутациясы, кадыр-баркы өтө маанилүү. Бүгүнкү жыйында биз инвесторлорго Кыргызстан инвестиция үчүн ишеничтүү өлкө экенин жеткирүүгө аракет кылабыз. Мыйзамдын үстөмдүгү кыйла күчтүү - мында да Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын, башка да финансы институттарынын салымы бар. Албетте, өлкөнүн өкмөтү жүргүзгөн реформалардын да натыйжасы жок эмес.

Азыр бардык тараптардын көңүлү күзүндө өтчү президенттик шайлоого кадалып турат. Пландагы көп иштердин жүзөгө ашышы шайлоодон кийинки учурга туш келет. Биз мыйзамдуу бийлик алмашуу орун алат деп үмүттөнүп турабыз.

Биз бийликке күчтүү өкмөт келип, биз көздөп жаткан бир катар реформаларды аткарат деп күтөбүз. Мисалы, энергетика секторунда тариф реформасы жүрсө, гидро электр энергиясынын потенциалы ачылат деп ойлойбуз.

Тектеш темалар