БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдын ала тыянактарын жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда шайлоо сегиз шаардык кеңеште жана 33 айылдык кеңеште өткөн

Жекшембиде өлкөнүн бир катар аймактарында жана шаарларында өткөн жеригиликтүү кеңештерге шайлоонун алдын ала тыянактары белгилүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда шайлоо сегиз шаардык кеңеште жана 33 айылдык кеңеште өткөн. Алдын ала маалыматтарга караганда көп жерлерде аз айырма менен социал-демократтар партиясы жеңишке жетишти.

Курч атаандаштыкта өткөн Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоодо "Өнүгүү-Прогресс" партиясы 26,15 добуш алып алдыга чыкты. Болжолу бул партия тогуз мандат алышы мүмкүн. Ал эми КСДП 23,17 пайыз добуш алып экинчи орунга чыкты, 8 мандат алат. Андан кийин "Ата Журт" партиясы 13,57% менен "Мекеним Кыргызстан" 13,55 пайыз бирдей добуш алды, аларга дагы төрттөн мандат алышы мүмкүн. Ошондой эле "Кыргызстан" 10,29% менен "Республика" 9,38 партиясы дагы шаардык кеңештен үч мандатка ээ болот. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы менен гана 31 мандаттуу шаардык кеңештеги орундар толук бөлүштүрүлөт.

21 мандаттуу Айдаркен шаардык кеңешине шайлоодо 22,57 добуш менен "Мекеним Кыргызстан" партиясы алдыга чыкты. Андан кийин "Республика" 20,80 пайыз, КСДП 18,97 пайыз, "Ата Журт" 14,29%, "Өнүгүү-Прогресс" 6,46 пайыз добуш алды. Калган партиялар жетиштүү добуш ала алган жок.

Кадамжай шаардык кеңешине шайлоону "Мекеним Кыргызстан" партиясы 24,71 пайыз добуш менен утту. "Өнүгүү-Прогресс" 19,51%, КСДП 17,34%, "Республика" 11,05%, "Кыргызстан" 8,67 пайыз, "Ата-Журт" 8,26 %, "Бүтүн Кыргызстан" 7,81%.

КСДП Ноокат шаардык кеңешине шайлоодо 53,6 пайыз добуш менен алдыга чыкты. Экинчиде "Элдик-Народная" партиясы 17,96 пайыз добуш алган. "Республика" партиясы 11,11%, "Замандаш" партиясы 8,96% добуш алган.

Калган шаарлардагы шайлоодо Көк-Жаңгакта, Кеминде, Кара-Балтада, Таш-Көмүрдө КСДП биринчиге чыгып, жеңишти камсыз кылган.

Көк-Жаңгакта КСДП 52,60 пайыз, экинчиде Кыргызстан коммунисттеринин партиясы 38,25%, андан кийин "Өнүгүү-Прогресс" 7,37% добуш алды.

Кеминде КСДП 32,75 пайыз, "Республика" партиясы 24,05%, "Патриот Ынтымагы" саясий партиясы 15,26%, "Кыргызстан" 11,33%, "Баба-дыйкан" дыйкандар, фермерлер саясий партиясы 7,98 пайыз добуш менен алдыга чыкты.

Таш-Көмүрдө КСДП 22,50 пайыз, "Республика" 21,20%, "Мекеним Кыргызстан" 17,57%, "Ѳнүгүү-Прогресс" 14,44%, "Ата-Журт" 9,88%, "Таш-Көмүр Жаштары" саясий партиясы 7,48 пайыз добуш алды.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуштар кол менен саналып бүткөндөн кийин гана расмий айтылат. (AbA)

Тектеш темалар