Айылда жергиликтүү кеңеш депутаттарына сый-урмат чоң

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы эсептелүүдө Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Image
Image caption Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы эсептелүүдө

Жекшембиде Кыргызстанда сегиз шаардык жана 33 айылдык кеңешке шайлоолор өттү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча сегиз шаардын бешинде бийликтеги КСДП алдыга чыкты. Жалпысынан 22 партия катышып, айрым шаарларда биринчи жолу шайлоого катышып жаткан партиялар жакшы жыйынтыкка жетишти.

Кыргызстанда неге жергиликтүү кеңешке шайлоолор тездик менен өтүп турат? Шайлоолор сапатында кандай өзгөрүүлөр бар? Дегеле жергиликтүү кеңеш депутаттарынын кандай ыйгырым укуктары бар? Кененирээк кийинки талкууда сөз болду. Ага Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Курманбек Дыйканбаев жана учурдагы жергиликтүү кеңеш өкүлү Эламан Үсөнов катышты.

Би-Би-Си: Жекшембиде 41 жергиликтүү кеңешке шайлоолор өтүп анын дээрлик жарымы – жыйырмасында шайлоо мөөнөтүнөн мурда өттү. Ал кеңештер айыл өкмөт башчылары менен шаар мэрлерин шайлай албай койгонуна байланыштуу февралда таркатылган эле. Бул көрүнүш эмнени түшүндүрөт? Тез-тезден эле кеңештер алмаштырала берсе бул жериндеги маселелерди чечүүгө канчалык таасирин берет?

К.Дыйканбаев: Бул нерселер саясий оюндардын аркасында болуп жаткан нерселер. Себеби, шайлоодо жеңип чыккан саясий партиялар коалицияларды түзө албай, айыл башчы, мэрлерди, шаардык кеңеш төрагаларын шайлай албай ушундай көрүнүштөр болуп жатат. Жергиликтүү бийликке келген адамдар жоопкерчиликти сезбей, экинчиден саясий оюндар жүрүп өз милдеттерин аткарбай жатышат. Мына жекшембиде өткөн шайлоого 25 миллион сом акча бөлүндү. Депутаттар ушундай оюндар жүргүзсө эмне үчүн ал салык төлөөчүлөр жана элдин эсебинен болушу керек?

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images

Би-Би-Си: Жергиликтүү кеңеш депутаттарына маяна төлөнбөйт, бирок негедир жер-жерлерде макамына кызыгуу артышабы же кандай, айтоор депутат болууну самагандар көп. Эламан, жергиликтүү кеңеш депутатысыз. Ушул статус сизге эмне берет? Кандай ыйгарым укуктарыңыз бар?

Э.Үсөнов: Ар кимдин өз максаты болсо керек. Көпчүлүгү айылдагы маселелерге көңүлкош карап тура албайт. Жеке кызыкчылыгы үчүн депутаттыкка барып жаткандар да болушу мүмкүн. Айылда жергиликтүү кеңеш депуттарына сый-урмат чоң. Мектеп директорунан тартып айыл өкмөт башчысына чейин депутаттарга башкача, өзгөчө мамиле жасашат. Ошол нерсе да кызыктырышы мүмкүн.

Би-Би-Си: Мына сиз жергиликтүү маанидеги маселелерди чечесиз, алар кайсылар? Тизмектеп бересизби?

Э.Үсөнов: Жергиликтүү кеңеш депутатынын милдети–айылдык бюджетти кабыл алып, анын ишке ашуусун көзөмөлдөө. Айыл өкмөтү кандай иш алып барууда тескөө, негизгилери эле ушулар. Өзүңүздөр билесиздер бюджетти кабыл алууда көптөгөн маселелер болот. Инфраструктура, билим берүү тармактарына акчалар көп бөлүнөт, ошолорду бөлүштүрүү менен алекпиз.

К.Дыйканбаев: Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш депутаттарынан кем эмес. Алардын деле ар бир министрлик, өкмөткө кат менен кайрылып, көзөмөлдөө укуктары бар. Элдин жашоо-шартына түздөн түз таасир эте турган бийлик. Бирок жылдан жылга жергиликтүү бийликтин сапаты начарлап баратат. Болбосо төрт-без мыйзам бар: жергиликтүү бюджет, менчиктерди караган. Мисалы айылдык кеңеште депутаттар ошол аймакта жашаган жетим-жесирлердин салыгын азайтып коюу укуктары бар. Ошону сессияга коюп караса деле болот, бирок карашпайт. Жергиликтүү бийлик бюджетке кошумча каражат табууга шарты бар, ал деле колго алынбайт. Мыйзамдарды окубай депутаттыкка келип алышат, иштебей эле саясат менен алек болуп анан мөөнөтү бүткөндө же бүтө электе таркап кетип жатышат.

Би-Би-Си: Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо бизде мажоритардык система боюнча жүрөт. Эмнеге мындай калыптанып калган жана бул система өзүн канчалык актап атат?

К.Дыйканбаев: Ушул маселени кайра карып чыгып өзгөртүү керек. Президенттик шайлоо бүткөндөн кийин административдик-аймактык реформа кылуу зарыл. Мисалы дейли, көлдө бир айыл бар ал жактагы шайлоочулар саны болгону 200, түштүктө да ошондой эле бир аймактык бирдик бар, бирок ал жакта шайлоочулар саны 15-20 миңге жетет. Экөөндө тең айылдык кеңешке шайлоолор болот, курамындагы депутататтар саны боюнча бир аз эле айырма болушу мүмкүн. Мындай шартта бул баягы советтик сельсовет эле системасы болуп калып атат да, ошондуктан аны жою керек. Шайлоочулар санына карап айылдык аймактарды карап чыгуу керек. Жеринде маселелер чечилип, өзгөрүүлөр болсо борбордо да тынч болот.

Би-Би-Си: “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам өзгөргөндөн бери шайлоо сапаты канчалык өзгөрдү?

К.Дыйканбаев: Өзгөрүүлөр бар,мисалы шаардык кеңештерде партиялар аркылуу күчтүү талапкерлер бийликке келип жатат. Анан белгилей кетчү жери, жергиликтүү кеңеште эркектер көбүрөөк болуп жатат. Сөз болуп жаткан мыйзамда аялдар үчүн атайы квоталар каралган эмес. Шаардык кеңеште каралган, бирок ал иштебейт. Себеби шайлоолордон өтүп алгандан кийин партиялар тизмени кайра карап чыгып атышпайбы. Демек, мыйзамдарды көзөмөлдөш керек, өзгөрүүлөрду демилгелеп туруш керек. Мен ойлойм таза, сапаттуу шайлоолор өтүп турса жергиликтүү бийлик бара-бара салмактуу болуп аткаруу бийлиги менен теңтайлаш болот.

Тектеш темалар