Атамбаев: Армиянын азыркы абалы жакшы

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда башкы салтанат өттү Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда башкы салтанат өттү

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө жыйырма беш жыл толду. Бул күнгө карата өлкөдө түрдүү иш-чаралар өтүүдө. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда башкы салтанат өтүп, ага катышкан президент Алмазбек Атамбаев кыргыз армиясы реформаланып, деңгээли жогорулаганын белгиледи.

Атамбаев Кыргызстанда аскердик башкаруу системасын реформалоо ийгиликтүү өткөнүн,соңку мезгилде кыргыз армиясына жакшы көңүл бурулуп жатканын белгиледи:

“Учурда аскер кызматынын кадыр-баркы көтөрүлүп, соңку жылдары армияда өз ыктыяры менен кызмат өтөгөн жогорку билимдүү жаштардын саны 30 пайыздан ашты. Аскер кызматкерлерин социалдык жактан камсыздандыруу, турак-жай берүү маселеси мурдагыдан жакшырды”.

Кыргыз армиясы өз алдынча болуп түзүлгөн чейрек кылымда эгемен мамлекет сыяктуу эле чоң сыноолордон өттү. Адистердин айтымында, кезинде куралы, жада калса кийими да жетишпей, 90-жылдары өлкө жетекчилери тарабынан армиянын кереги жок деген дагы ой-пикирлер айтылган. Бул улуттук армиянын түптөлүшүнө оор зыян тийгизген деп айтылып жүрөт.

Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Атамбаев соңку мезгилде кыргыз армиясына жакшы көңүл бурулуп калганын белгиледи

1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында көптөгөн кыргыз жоокерлери каза болуп, дагы ондогон аскер жаракат алганы баарына маалым. Бул каргашалуу окуядан кийин кыргыз армиясы өтө алсыз, өз курсагын тойгузууга да алы жетпейт деген сындар айтылган. Бирок бийликке улам келген президенттер армияны реформалоо сөзүн берип, куралдуу күчтөрдүн жакшырып келатканын айтып келет.

“Бийликке келген ар бир жетекчи өзүн мактайт. Айталы, Бакиев бийликте турганда биздин армия мыкты деген, Отунбаева дагы армия ошол жылда жакшырып калганын айткан. Биз бүгүн дагы ошол эле сөздү угуп жатабыз. Муну уккандан кийин буга чейин эмне, армия болгон эмеспи деген сезимдер пайда болот. Эгерде биз чындап эле куралдуу күчтөрүбүздү жакшыртабыз десек, анда чыныгы реформаны жасашыбыз зарыл. Улам келген жаңы бийлик башындагылар форманы өзгөртүп, бирин экинчисине кошуп койгонду реформа деп түшүнбөшү керек”,-дейт отставкадагы генерал Абдыгул Чотбаев.

2014-жылдын башында Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түзүлүп, ага Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскерлери бириктирилген. Кийин Улуттук гвардия дагы аталган штабга кошулган. Мындай чечимден кийин куралдуу күчтөрдө башкаруу өзгөрүп, аскер жетекчилери бул аркылуу армия кыйла тартипке салынарын билдирип келет.

Тектеш темалар