Орозо - тамактан кармануунун мааниси

Индуизмде кайсы кудайга ишенгенине жараша ар кандай орозо кармашат Сүрөттүн автордук укугу SAJJAD HUSSAIN/AFP/Getty Images
Image caption Индуизмде кайсы кудайга ишенгенине жараша ар кандай орозо кармашат

Рамазан диндеги эң белгилүү, ири орозо. Мусулмандар андан башка учурда да орозо кармашат. Тамактан кармануу, ал учурда дене мүчөлөрүң менен аң-сезимиңди да жамандан оолак кылуу дээрлик бардык диндерде бар.

Алардын ичинен мусулмандардын Орозо айы, айрыкча ысык күндөрдө каталыраак.

Орозо отуз күнгө созулат жана багымдат намаздан шам намазга чейин оозго наар алынбайт.

Мусулманчылыкта ал беш парздын бири. Мааниси тууралуу диний аалым Чубак Жалилов айтып берди:

“Орозо кудайга ишеничти, амалкөйлүктү, колунда жок, курсагы ачтардын кадырын билүүнү жана чын жүрөктөн кудай менен мамилени жөнгө салат. Орозо – бул, адамдын кудай менен мамилеси, кудайдын алдында өзүн көзөмөлдөөсү, эч ким көрбөгөн жерде да мусулман болуу мүмкүнчүлүгүн берген иш чара десек туура болот”.

Куранда “силерге чейин жашагандарга орозо милдеттендирилген өңдүү силерге да парз кылынды” деген аят бар. Орозо кармоодо тамак менен суудан баш тартуу жаман сүйлөбөө, ушак айтпоо, капа кылбоо өңдүү тыюулардын бири гана. Тамактан да баш тартуунун диндеги маанисин Жалилов мындай түшүндүрдү:

“Адамдын эң алсыз жери – дүүлүккөн жери, шахбат делет – бул, тамак, андан кийин жыныстык кызыгуулары. Адам тамактанбаганда көпкө чыдай албашы мүмкүн, уурулукка барышы мүмкүн. Айтор, бул – ачкачылык аркылуу адамды сыноо. Ал эми үйдө эмереги жок болсо, машинасы же бийлиги жок болсо өмүр бою чыдашы мүмкүн”.

Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын протоиерейи Дмитрий Шушпанов пост кармоо кудайга жакындоо аракети дейт.

Библияга ылайык, ар бир адамда эски жана жаңы башталыш болот. Эски башталыш адамдагы азгырыктардын топтому, ал эми жаңысы кудайга ишеним менен кайра жаралуу.

“Пост кармоонун максаты - күн караманын данына окшоп биздин табиятка отургузулган жаңы башталышты өстүрүү. Күнөөгө батырчу сезимдер менен жаман адаттар адамды толтуруп салбаш үчүн сыйынуу аркылуу тазалануу. Диний турмуштун негизги принциптеринин бири – жаман адаттар менен күрөшпөсө, ал адамды толугу менен багындырат. Посттун максаты ошол эски жаратылыш менен күрөшүү”, - деди Шушпанов Би-Би-Сиге.

Православияда ар аптанын шаршемби жана жума күндөрү пост кармоо бар. Көп күндүк посттордон Улуу пост, Рождество, Успение жана Петров посту келет.

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/GettyImages
Image caption Кыргызстандагы Айт намаз

Эң узуну Улуу пост 49 күн кармалып, калгандарынан катаалыраак. Анткени бул убакыт аралыганда эт жана сүт азыктарынан толук баш тартылат.

Дмитирий Шушпанов пост бир гана тамактан баш тартуу эмес экенин баса белгиледи:

“Абдан маанилүү принцип – бул дене жана ички дүйнөнү тыюу экенин унутпаш керек. Адам рух менен денеден турат. Дене үчүн пост кармоо бул жөн гана диета. Ички дүйнөнүн посту бул сезимдерди күнөөлөрдөн кармоо, кулагыңы, көзүңү жана башкаларды күнөөлөрдөн сактоо”.

Христианчылыкта карылар, оорулуулар, кош бойлуулардан сыткары түрмөдө отургандар, оор жумуш кылгандар, армиядагылар посттон бошотулат.

Протоиерей Шушпановдун айтышынча, жашылча-жемишти жеп, эт менен сүт азыктарыны баш тартуу жөнөкөй, жупуну тамактануу принцибине байланыштуу. Адам канчалык көп тамактанган сайын андагы кумарлар күчөйт.

Мисалы, индуизмде дин менен жашагандар дүйүм тамактан дээрлик дайыма карманышат. Ал эми көпчүлүк кимге ишенгенине байланыштуу посттун бир нече түрүн кармашат.

Бишкекте он беш жылдан бери жашап жаткан индуизм өкүлү Виже Кумар жылына эки жолу орозо кармап келатканын айтат. Мусулманчылыкта айт дегендей эле Наваратри майрамында ооз бекитишет. Ал жазда жана күздө тогуз түн, он күнгө созулат.

“Бизде да эртеден кечке ачка болобуз. Бирок кечинде сүт азыктары менен картошка гана жегенге болот. Эт жегенге такыр мүмкүн эмес. Мындан башка жыл бою жүргөн посттор көп. Жеке мен кудайга сыйыныш үчүн Наваратри кармайм. Үйүмдө жакшылык, адамдардын арасында достук, дүйнөдө тынчтык болсун деп кармайм”, - деди индиялык Кумар.

Орозонун организмге да пайдасы бар экени айтылып, аздыр-көптүр иликтөөлөр жүгүзүлүп келет. Бирок ар түрдүү ачка болуу режимдерин медицина бир тараптуу жакшы же жаман дебеген сыяктуу, орозону да дарыгерлер бир тараптуу баалашпайт.

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Image caption Кыргызстандагы православдар

Ал эми жергиликтүү дарыгерлер анын организмге таасирин диний принциптерден бөлүп карай албагандай.

“Ачка жүргөндө зат алмашуу оңой өтөт. Тамеки тарткандар, арак ичкендер азаят экен. Эртеси суусабайын деп көп, күчтүү, куурулган тамак иче албайт экенсиң. Тамакты терип ичип калат экенсиң, ал эми ал өтө пайдалуу. Ал эми кечинде тамактанганга бир нече күндөн кийин көнүп кетесиң”, - деди Би-Би-Сиге профессор диетолог Марина Эсенаманова.

Индуизм, мусулманчылык же христианчылык болсун баарында дүнүйөдөн, ашыкча жыргалчылыктан, мал-мүлктөн баш тартуу өңдүү эле тамакты керегинен ашыкча жебеш керек деген принцип бар. Мисалы, индуизмдин өкүлү, белгилүү ишмер Махатма Ганди минтип элестүү айткан: зарыл болбогон учурда бир жемишти алып жеген, ага жетпеген бирөөнүн акысын жегенге барабар.

Тектеш темалар