Парламент депутаттарына кылмыш иши козголду

И.Чудинов менен А.Жапаров
Image caption И.Чудинов менен А.Жапаров

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго жана бир катар жогорку кызматтарды ээлеген кишилерге паракорчулук беренеси менен козголгон кылмыш ишти териштирип жатат.

Аталган мекеменин маалыматы боюнча, 2009-жылы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду мыйзам бузуу менен ошол кезде өкмөт башчы болуп турган Игорь Чудиновдун буйругунун негизинде "Машина сыноочу станция" ишканасына 200 млн. сом бөлп берген. Насыянын 2012-жылдын аягында кайтарылары белгиленген.

Бирок бул карыздарды төлөө мөөнөтү мыйзамсыз түрдө узартылып, насыянын көлөмү да өсүп кеткен.

“Биздеги маалыматтар боюнча, "Машина сыноочу станция" ишканасынын акцияларына Чудиновдун кайненеси, Жапаровдун жубайы жана башка адамдар ээлик кылган. Соттук эксперттин кортундусуна ылайык, аталган ишканага түшкөн насыялардын 68 млн. 248 миң сому максатсыз пайдаланылган. Ошентип Игорь Чудинов, мурдагы айыл чарба министрлери Ч.Узакбаев, Т.Айдаралиев, мурдагы экономика миниcтри А.Жапаров жана башка адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринeн улам мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген”,-деди УКМК өкүлү Рахат Сулайманов.

Бирок бул айыптоолорду "Бир бол" фракциясынын депутаттары четке кагып, Жапаров маалымат агенттиктерине берген комментарийинде "бул кылмыш иш боюнча аны эч ким чакырбаганын, кылмыш ишти маалымат каражаттарынан билгенин" айтты.

Аэ эми Жапаров менен бирге бул ишке аралашкан деп айыпталып жаткан мурдагы айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев болсо өз дарегине айтылган сөздөрдү туура эмес деп баалап, бул иш ал министр кызматына келгенге чейин болгонун билдирди.

Бул кылмыш ишин тергөө учурда Улуттук коопсуздук кызматына тапшырылды.