Бир муунду түзгөн мигранттардын балдары

Кыргызстандан сыртка жумуш издеп кеткендердин саны жыл сайын өскөнү алар калтырган балдардын санын да көбөйтүүдө Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Image caption Кыргызстандан сыртка жумуш издеп кеткендердин саны жыл сайын өскөнү алар калтырган балдардын санын да көбөйтүүдө

Кыргызстанда кароосуз жүргөн ар бир беш баланын төртөөнүн ата-энеси эмгек миграциясына кеткендер. Азыркы кароосуз балдар эртең толук бир муун болуп чыгат деген көйгөй көптөн бери айтылып келет, бирок кандай чечим керек?

Өспүрүмдөр арасындагы суицидди териштире келгенде басымдуу бөлүгү ата-энеси менен жашабаган болуп чыгууда. Мигранттардын калтырылган балдары жакырлардын да катарын толуктайт.

Сыртка чыккан мигранттардын расмий санына карап, Кыргызстанда болжолдуу 200 миң бала ата-энесинин камкордугу жок жашап жатат деп эсептешет адистер.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2015-жылы 316 миңден ашык үйдү кыдырып, 61 миң баланын ата-энеси эмгек миграциясында экенин, анын басымдуу бөлүгү сыртка кеткенин айтууда.

ЮНИСЕФ берген маалыматка ылайык, социалдык кызматкерлер кыдырган 192 миң үй-бүлөдөн 72 миң баланын ата-энеси жумуш үчүн сыртка чыккан.

Интернатта жашаган балдардынн 10 пайыздан 40 пайызга чейинкисинин ата-энеси сыртка иштегени кеткен.

Ата-энеси узак убакытка таштап кеткен балдар коркунуч алдындагы топ катары саналат. Анткени алар каралбайт, билим албайт, эмгекке тартылат, ыдык көрөт. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Макуо билдирди.

“Бирок алар мамлекеттен жардам ала турган эч кандай категорияга кирбейт. Карай турган эч кимиси жоктор гана мамлекеттик интернаттарга жиберилет. Ошондуктан мигранттардын балдары коркунууч алдындагы балдар эсептелет. Алар зордук-зомбулукка кабылат, муктаждыктары канааттандарылбайт, укуктары тебеленет”.

ЮНИСЕФтин маалыматында, Кыргызстандагы балдардын жарымынын ата-энеси жаштар. Жаштар эмгек миграциясына агылган эң калың катмар.

Тажикстанда Орусияга көбүнчө эркектер кеткендиктен коргоосуз калган аялдар социалдык көйгөй болуп жатса, Кыргызстанда эмгек мигранттарын аялдар менен эркектер теңме тең түзөт. Андыктан бул жерде балдар маселеси курч.

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Image caption Эмгекке тартылган балдардын ичинен мигранттардын балдары коркунучка көп кептелет

Ички жер которуу да балдардын толук кандуу билим алып, камкордукка алынышына тоскоол. Ички миграциянын башкы себеби да жумуш. ЮНИСЕФ Бишкек четиндеги он бир жаңы конушту кыдырганда бир жылда отуз күндөн ашык мектептен калган үч жүзгө чамалуу баланы каттаган. Ал эми иштеген мектеп окуучулары бир жылда 80-90 күн мектептен калат экен.

Эл аралык миграциялык уюмдун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева көп жылдардан кийин бутуна туруп кайтып келген ата-энелер балдары менен бүлө болуп жашап кете албай, үй-бүлөлөр ыдырап жатат дейт.

Анын айтымында, он сегизге толо электердин өзү сыртка иштеп кетүү тенденциясы пайда болду. Муну Орусияга көптөгөн кыргыздардын кире албай калышына байланыштырат адистер. Балдарын ишке жиберип, алар кайра эле мигранттардын баласын багып же дагы башка ишин кылышат.

“Балдарды интернатка жайгаштырайын десең эки ата-энеси тең бар. Ата-энеси акча жиберип, бирок ал балага сарпталбаган учурлар көп. Казактсан менен Орусиядан ата-энесинин кароосу жок жүргөн балдар тууралуу дээрлик күндө кабар келет. Кээде балдар ата-энесин издеп кетип калган учурлар болот”, - дейт Молдобаева.

Статистика миграцияга кеткендер жыл санап өсүп келатканын көрсөтүүдө. Юкиэ Макуо бул тенденция алдыдагы жылдарда өзгөрбөйт деп эсептейт.

Ал балдарга бир жолку эмес системалуу чара зарыл дейт. Мындай чараларга балдардын такай жөлөкпул менен камсыз болушу, билим алуусу кирет.

Ал эми Эл аралык миграция уюмунун өкүлдөрү негизги көрүлчү чара бала менен ата-энени бириктирүү аракети дейт. Ал үчун уюмдун атайын долбоору иштеп, кайтып келген бир нече үй-бүлөгө материалдык муктаждыгын камсыздап кетүүгө көмөк көрсөтүштү.

Андан сырткары ата-эне сөз жок бирөөнү мыйзамдуу камкорчу кылып баласын тапшырып кетиш керек. Үй-бүлө кодексинин 76-беренеси ата-энени буга ансыз деле милдеттендирет. Бирок сотко каттап отурууну каалабагандыктан ата-энелер балдарын расмий камкорчуга калтырбайт.

Өкмөт болсо мигранттарды балдарына камкорчу таап, ага таштатуу аракетин көрүп жатканын айтат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Балдарды жана үй-бүлөнү коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова айтты.

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Image caption Чет жерге кеткен ата-энелердин балдары көбүнчө туугандарында калат

“2016-жылы мыйзамдуу камкорчуга 925 бала берилди. Анын 95% туугандары. Чоң ата, чоң апаларына калып калса, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Андай ар бир бала менен жеке иш алып барүү планы түзүлөт”.

Карыган чоң ата, чоң энелер расмий камкорчу боло албай калышы ыктымал.

Камкорчудан сырткары Орусия өңдүү кыргызстандыктар көп иштеген мамлекеттерди мигранттарды коргоо боюнча Конвенцияны кабыл алууга чакырыш керек дешет миграция эксперттери. Ал документ эмгек мигранттарын коргоп, аларга жардам бермек.

Андан тышкары Жогорку Кеңештин комитетинде Кодекске камкорчулардын функцияларын жергиликтүү бийликке өткөрүү боюнча долбоор каралууда. Бирок сыртка кеткен менен балдарына акча жибере албаган ата-энелер да кездешет.

Андыктан бул маселенин башы өлкө экономикасын өнүктүрүүгө барып такалат.

Кыргызстанда эки миллион 200 миңден ашык бала бар.

Кыргызстандан эмгек миграциясына чыккандардын 77 пайызы Орусияда, он беш пайызы Казакстанда, төрт пайызы Түркияда. Бул Эл аралык миграция уюмунун эсеби.