"Таза коом" каржылоого муктаж

"Таза коом" улуттук долбоору быйыл апрелде коомчулукка жарыяланган Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg
Image caption "Таза коом" улуттук долбоору быйыл апрелде коомчулукка жарыяланган

Бишкекте эл аралык донор, бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда улуттук “Таза коом” программасынын бет ачары өттү. 2040-жылга чейин өкмөттү санариптештирүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн кеминде 250 миллион доллар изделүүдө. Ал арада Борбор Азия менен Түштүк Азияны интернет аркылуу байланыштыра турган трансчектүү телекоммуникациялык желе курулуп, долбоордун Кыргызстанга тийиштүү компонентин Дүйнөлүк Банк каржылоодо.

Кыргызстанды маалыматтык хабга айлантуу амбициясы

Донордук конференцияны өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ачып, “Таза коом” долбоорунун максаты - жогорку технологиялык инфраструктураны куруу менен маалыматтык тармакты уюштуруу экенин айтты.

“Кыргызстанды Борбор Азиядагы Европа, Азия жана Жакынкы Чыгышты байланыштыра турган маалыматтык хаб кылууга жетишүүбүз керек”,- деди премьер-министр.

“Таза коом” долбоору үчүн инвесторлорду тартуу максатында уюштурулган иш-чарага дүйнөдөгү алдыңкы санариптик өкмөттөрдүн D5 биримдигинен да өкүлдөр катышышты. Алар кантип “акылдуу шаарларды” курса болот, ар бир айылга интернеттти жеткиликтүү кылуу үчүн эмне кылуу керек, 21-кылымда адистерди даярдоо кандай жүрүүсү керек өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жээнбеков: Кыргызстан Борбор Азиядагы Европа, Азия жана Жакынкы Чыгышты байланыштыра турган маалыматтык хаб болот

“Биз бүгүн донорлорго, бизнес өкүлдөрүнө, жарандарга 'Таза кооом' долбоорунун бет ачаарын жасап жатабыз. 11-июнда бизге БУУнун Башкатчысы Антонио Гуттерес Кыргызстанга келет. Ошондо биз донор-өнөктөштөр менен отуруп дагы сүйлөшөлү деп атабыз, кандай долбоорлорду колдон алышып кеткенге алардын мүмкүнчүлүктөру бар. Бирок айтып коюш керек, 'Таза коом' алкагындагы көп долбоорлор каражат талап кылбайт. Ага саясий эрк эле талап кылынат”,- деди “Таза коом” долбоорунун координатору Талант Султанов.

“Таза коом” 250 миллион долларга муктаж

Ошентсе да конференциянын жүрүшүндө Кыргызстанды санариптештирүү долбоорун ишке ашыруу үчүн талап кылынчу сумма ачыкталды. Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков “Таза коом” улуттук долбооруна карата буга чейин техникалык-экономикалык негиздеме болгонун ачыктады.

“Эми бул долбоорго канча каражат талап кылынат так айта албайм. Кытайда “China Telecom” деген компания үч жыл мурун бул долбоордун ТЭОсун жасашкан. Булар болжолдоп 360 миллион доллар керек дешкен. Бирок андан бери Кыргызстанда опто-волокондук көп чиймелер, инфрактруктуралар салынды. Тиешелүү адистер менен да кеңешип көрдүк, анан болжолдуу түрдө 200-250 миллион доллар керек болот деп ойлоп атабыз”,- деди Сапар Исаков.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Исаков: “Таза коомго” 250 миллион доллар талап кылынат

Ал Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, АКШ, Орусия, Түштүк Корея, Жапония жана башка мамлекеттер жардам берүүгө даяр экенин кошумчалап, “Таза коом” программасы боюнча атайын трасттык фонду түзүлөрүн билдирди.

“Тиешелүү трасттык фонду түзгөнү жатабыз. Ошол фондго каражат бериңиздер, ал фонд кандай иштери тууралуу эрежелерди чогуу иштеп чыгалы деп атабыз. Бирок эрежелер бизге абдан жеңил болуш керек. Траст фонддон тиешелүү каражаттарды алганга мүмкүнчүлүгүбүз болуш керек деген маселе болуп жатат”-, деди Сапар Исаков.

“Таза коом” менен Digital CASA багыты бир долбоорлор

Кыргызстанда “Таза коом” долбоору менен катар санариптештирүү жаатында дагы бир эл аралык Digital CASA долбоору ишке ашууда. Анын максаты - Борбор Азия менен Түштүк Азияны интернет аркылуу байланыштыра турган трансчектүү телекоммуникациялык желени куруу. Digital CASAнын алкагында да Кыргызстанда санариптик инфраструктура куруу каралган, анын чыгымын Дүйнөлүк банк көтөрүүдө. Эксперттер эки долбоор кайсы бир жерлеринде бирин-бири кайталашы мүмкүндүгүн белгилеп жатышат.

“Кыргызстанда азыр Дүйнөлүк банк Digital CASA долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоордун максаты Орто Азияны менен Түштүк Азияны интернет аркылуу кошуу, байланыштыруу. Санариптик CASA менен 'Таза Коомдун' көп синергиясы, окшош компоненттери бар. Мисалы, CASAнын Кыргызстанда инфраструктура куруу деген компоненти “Таза коомдукуна” окшошуп кетет, ошого жакын компонент. Балким биз чогуу иштешебиз. Дүйнөлүк Банк азыр 20 миллион долларга макул болду. Кааласаңар 50 миллион долларга чейин көтөрсөк болот деп атышат. Бирок бул дагы талкууланчу маселе ”-, деди “Таза коом” координатору Талант Султанов.

Мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоору быйыл апрелде коомчулукка жарыяланган. Долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени айтылган.