Тамекисиз бир күн

Кыргызстанда ар бир экинчи эркек чылым чегет Сүрөттүн автордук укугу Credit: MAXIM MARMUR / Staff
Image caption Кыргызстанда ар бир экинчи эркек чылым чегет

Дүйнөлүк Саламаттык уюмунун соңку иликтөөлөрүнө ылайык Кыргызстанда тамеки чеккендер саны 425 миңден ашты. Өлкөдө барган сайын эркектер арасында тамекиге карата көз карандуулук өсүүдө. Мындай жүрүш менен жакынкы 40 жылда тамеки айынан өлкөдө эртелей эле өмүрүнөн ажырагандар саны 212 миңге чыгышы мүмкүн. Бул көрүнүштүн алдын алуу үчүн тамекиге каршы чараларды күчтөндүрүү зарылдыгы белгиленди.

Тамеки биздин жалпы душманыбыз

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Ярно Хабихт Кыргызстандагы тамекиге каршы күрөшүүдө жылыштар бар деди. Бирок ал Тамекиге каршы күрөшүү конвенциясында айтылгандар толук жүзөгө ашырылып жатат дегенден алыс.

“Өлкөдө ар бир экинчи эркек тамеки чегет жана бул алардын эртелей өмүрүн алууда. Өлкө мындан социалдык эле эмес экономикалык жоготууларга да тушугуп жатат. Кыргызстанда азыр тамеки чеккендердин 213 миңин эртелей эле жоготуп алуу коркунучу бар. Тамеки салыгына бааны жогорулатуу менен өлүм-житимди 65%га кыскартууга болот. Бул 78 миң адамды тирүү сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар дегенди билдирет. Бул сандын үстүндө ойлонуп көргүлөчү. Тамеки биздин жалпы душманыбыз”,- деди Ярно Хабихт.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption 31-май Бүткүл дүйнөлүк Тамекисиз күн катары белгиленет

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү коомдук жайларда пассивдүү тамеки чегүүгө тыюу салган катаал мыйзам кабыл алынса бул дагы 17 миңдей адамдын өмүрүн сактап калат эле деди.

Ири масштабдуу маалыматтык кампаниялар буга кошумча дагы 16 миң жарандын өлүмүнүн алдын алмак.

Жаштар тамекиден насвайга өттү

Кыргызстанда “Тамекинин терс таасиринен жарандарды коргоо тууралуу” мыйзамы биринчи жолу 2006-жылы кабыл алынып, андан бери маал-маалы менен толукталып келет.

Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты Альфия Самигуллина жакында мыйзамга дагы өзгөртүүлөр демилгеленип жаткандыгын ачыктады. Себеби, соңку иликтөөлөр жаштар арасында тамекиден насвайды көбүрөөк колдонууга өтүп жаткандыгын көрсөттү.

“Тамеки чегүүгө каршы жаңы мыйзам долбоорунда ушул насвай, электрондук чылым жана кальяндарга каршы көзөмөл күчөтүлөт. Тилекке каршы, насвайды чеккен кыздар көбөйүп атат. Жаштар тамекиден четтеп атат бул жакшы нерсе, бирок ошол эле убакта насвайга берилип атканы кейитет. Себеби насвай чылымдай эле ден соолукка зыян жана ал чакырган эле ооруларды чакырат”,- деди депутат.

Кыргызстанда насвай мектеп окуучулары арасында кенен жайылган, ал эми андан уулу студент курагындагылар үчүн кальян кызык.

Былтыр ЖК депутаты Махабат Мавлянова насвай жасап, сатууга каршы мыйзам долбоорун сунуштаган. Бирок Баткендеги насвай өндүрүүчүлөр демилгеге каршы чыгып, мыйзам долбоорунун тагдыры бүдөмүк калган.

Ал эми депутат Дастан Бекешовдун кафе-ресторандарда кальян чегүүгө тыюу салуу мыйзамдык сунушу 17-майда үчүнчү окууда кабыл алынды.

Тамеки таштагың келсе 2103 номерине чал

Саламаттыкты бекемдөө республикалык борборунун кызматкери Чынара Бекбасарова өлкөдө былтыртан бери чылымга болгон көз карандулууктан арылгысы келгендер үчүн кеңештер берчү телефондору иштеп жаткандыгын айтты. Бир жылдын ичинде ага 5 миңге чукул киши кайрылып, алардын арасында өздөрү тамеки тартпаса да жакындарынын саламаттыгына камсанагандар да бар.

Адистин пикиринде бул эң туура, себеби көп жылдар бою чылым менен жашап андан дароо баш тартуу ден-соолукка кооптуу. Андыктан тамеки таштоо алдында адистерден кеп-кеңеш алып кою ашыкча болбойт.

Сүрөттүн автордук укугу Credit: VYACHESLAV OSELEDKO / Stringer
Image caption Жакынкы 40 жылда тамеки айынан өлкөдө эртелей эле өмүрүнөн ажырагандар саны 212 миңге чыгышы мүмкүн

Кан басымы 140 болгондор үчүн тамеки таштоо кыйынга турат, орусча айтканда синдром отмены деген бар. Андай адамдардын кан басымы криз болуп кетиши да мүмкүн. Инфарктка да алып келиши ыктымал. Ошол себептен чылым таштоодо врачтын көзөмөлү керек. Алар кан басымды жөнгө сала турган дары жазып, электрокадриограммасын карап берет. Наркологдор болсо тамекини таштата турган препараттар тууралуу маалымат беришет”,- деди Чынара Бекбасарова.

Чылым рак чакырат

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Муралиев тамеки тартуу көптөгөн залалдуу ооруларга алып келерин эскертти.

“Мисалы темаки чеккенден каза болгондордун 28% бул 35 жаштан 60 жашка чейинки эркектер, ал эми 17% - 70 жаштан өйдө курактагылар. Алар көбүнесе өпкө, рак ооруларынан каза тапкандар болууда. Бронхит, бирок залалдуу шишик оорулары башкача көп. Жеке эле өпкө органдары эмес, тамеки тартканда ооз көндөйүнөн, эриндеринен, тилинен рак болгондор бар”,- деди министрдин орун басары.

31-май Бүткүл дүйнөлүк Тамекисиз күн катары белгиленет.