Президенттикке талапкерлер активдүүлүгүн көрсөтүүдө

Президенттик шайлоонун үгүтү расмий башталбаса да талапкерлер активдүү иш жүргүзүүдө Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Image caption Президенттик шайлоонун үгүтү расмий башталбаса да талапкерлер активдүү иш жүргүзүүдө

Президенттикке талапкерлигин биринчи жарыялаган Темир Сариев чет жердеги ири иш чараларга катышууда. КСДП талапкери Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматта тургандыктан артыкчылыгы бар. Шайлоо алдында кайсы талапкер кандай үгүт жасоодо?

Ары-бери каттаган Темир Сариев

Президенттикке талапкер Темир Сариев 27-майдан 29-майга чейин өткөн Шанхай эл аралык форумуна катышып, ал жерден Санкт-Петербургдагы экономикалык форумга кетти. Шанхайдагы Азиянын интеграциясына арналган форумга 700дөй эксперт катышкан. Ал эми Петербургда экономикалык форум жылда өтөт.

Темир Сариевдин мындай иш аракеттерин айрым басылмалар демек сырттан колдоосу бар деп жазууда. Ал өлкөдө да иш чараларду уюштурду.

25-майда Ислам университетине барып, диний аалым Чубак Жалиловго 300 жылдык Куран китебин тапшырганы да журналисттердин көңүлүн бурду. Муну динге берилгендердин добушун алуу аракети катары баалашты.

Саясат таанучу Медет Түлегенов шайлоочулар үчүн кимди ким сырттан колдогону биринчи фактор эмес дейт.

Сүрөттүн автордук укугу SOCIAL MEDIA
Image caption Президенттикке талапкер Темир Сариев Шанхайдагы эл аралык форумга барды

“Анткени талапкерлердин дээрлик баары “Орусия менен бирге алдыга, Кытай биздин өнөктөшүбүз” жана башка чакырыктарды айтышат. Ошондуктан кандайдыр бир эл аралык иш чараларга баруу талапкердин жалпы салмагын көрсөтүү аракети деп эсептейм. Мындай кадамдар ал көлөкөдөгү эмес, шайлоодон мурда деле бардык маселелерде активдүү позициясы бар, салмактуу саясатчы экенин билдирүү”, - деди Түлегенов.

Башка саясат таануучу Марс Сариев өкмөт башчы болуп турганда Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдигине сүрөгөнү үчүн Орусиянын Темир Сариевге көз карашы түз, бирок Орусия бир талапкерге токтоло элек деп ойлойт.

Дагы бир эксперт, саясат таануучу Чынара Эсенгул талапкерлердин баары мурдагы тажрыйбасына, байланыштарына жараша иш аракет кылып жатат деп эсептейт.

Алдыда Өмүрбек Бабанов

Сүрөттүн автордук укугу SOCIAL MEDIA
Image caption "Республика-Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов медианы активдүү колдонууда

Марс Сариев жергиликтүү агенттиктердин рейтингдеринде “Республика-Ата-Журт” партиясынны лидери Өмүрбек Бабанов башта келатканын белгиледи. Медет Түлегенов да анын партиясында башкаруу жолго коюлган, үгүт иши уюшкан деди.

Бабанов медиада, социалдык тармактарда активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Ал “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакт Төрөбаевге салыштырганда Сариевдей эле нейтралдуу талапкер эсептелет.

Марс Сариев рейтингдерде Өмүрбек Бабанов менен кийинки талапкердин арасы өтө алыс экенин эскертип, экинчи фавориттин орду бош деди. Ал бул жерди КСДПнын Жээнбековдон башка талапкери алышы мүмкүн деген ойдо.

Бийликтеги партиянын талапкери бүйүр кызытууда

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Image caption Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кытайдын премьер-министри менен кол алышууда

Башка эскперттердин арасында да социал-демократтар курултайында Жээнбековдон башка талапкерди да чыгарышы мүмкүн экенин каңкуулап жатышат. Марс Сариев андай болсо, кырдаал эгемендүүлүктүн башында четтен Аскар Акаев тандалгандай, КСДП ичинде түндүк-түштүккө бөлүнүүдөн кийин системадан тыш бирөөгө токтолуштары мүмкүн дейт:

“Чыныбай Турсунбеков талапкерлигин коюп чыкса, түштүк-түндүк регионалдык бөлүнүү ачык болуп калат. Карап көрсөң, ошого баратат, анткени Иса Өмүркулов да чыгып жатат. Анда “пат” абалы болуп калат. Анткени Кыргызстан үчүн андай бөлүнүү ылайык эмес. Ушул себептен системадан тыш, компромистүү бир талапкер чыгышы мүмкүн”.

Ал эми системадан тыш талапкер деп Марс Сариев БУУнун Афганстандагы атайын саясий миссиясынын мурдагы директору Таалатбек Масадыковду айтып жатат.

Бирок “КСПДчы”, Чүйдүн мурдагы губернатору, президенттин айылдашы Сагынбек Абдрахманов гезиттердин бирине партиянын катардагы мүчөлөрү саясий кеңештин жыйынында аны талапкер көрсөткөнүн айтты. Андыктан байкоочулар партиянын алдыдагы курултайында бул кишинин талапкерлигин да эске алууда.

Сариев азыркы талапкер саясатчылардын басымдуусу комсомолдор, советтер союзунун акыркы бөлүгүндө иштешкен, партияларында иштешкени жагынан окшош экенине көңүл буруп, жаңы талапкерге муктаждык бар экенин белгиледи.

Дагы бир саясат таануучу Чынара Эсенгул КСДП башка дагы талапкерди чыгарып отурууга негиз жок деп эсептейт:

“Теориялык жактан карасак, саясий партиялар бир эле талапкерди чыгарып жүрүшөт. Анткени максатына жетип, партиясы жеңиш үчүн бүт күчүн бир кишиге жумшашат. Менимче экинчи талапкердин чыгуу ыктымалдыгы көп эмес. Болгондо да баары эле бир муундун өкүлдөрү, айырмасы чоң эмес. Мүмкүн жаңы бир адам чыгаттыр”.

Калган талапкерлер

Сүрөттүн автордук укугу SOCIAL MEDIA
Image caption "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев эл менен жолугушууларды активдүү өткөрүүдө

Ал эми түштүктө бирдиктүү добуш чогултат деп боолголонгон Бакыт Төрөбаев Ошто эл менен жолугуп, жаратылыш кырсыгы болгон жерлерге жардам жиберүүдө.

Анын партиясы жергиликтүү шайлоолордо да алдыңкы көрсөткүчтөр менен келатат.

Эксперттер кандай окуя болбосун президенттик шайлоо алдында андан бөлүп карай албайсың дешет. Марс Сариев “Бир бол” фракциясынан депутттар Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго кылмыш ишин козгоо партияны оппозицияга ооп кетүүдөн эскертүү деп божомолдоп жатат.

Дагы башкалары бул окуяны чөнтөгү калыңдарды бийликтин атаандаштарын каржылоодон оолак кылуу аракети катары карап жатышат.

Партиясы президенттикке талапкерлигин жылдырган саясатчы Өмүрбек Текебаев камакта. Анын президент менен акыркы мамилесин эске алганда эксперттер бошотулбайт деп ойлошот.

Аты аталгандар президенттик шайлоого талапкерлигин расмий жарыялагандар. Добуш топтогоо аракет кылып жаткан ыктымал ондогон талапкерлер бар.

Президенттик шайлооо 15-октябрга коюлары күтүлүүдө. Андыктан 15-июндан тарта биригүүлөр жана башка саясий жүрүштөр белгилүү болот.