«Биздин балдар коргоого муктаж»

1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык кечелер

Кыргызстандын бардык аймактарында 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык оюн-зоок, концерттик программалар өткөрүлүп жатат.

Өлкөнүн ири шаарларында айрым кайрымдуулук уюмдары, активисттер балдарга бекер балмуздак, оюнчук таратып, майрамга шаң кошууда.

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады.

"Көп жылдан бери кыргызстандыктар жайдын биринчи күнүн балалыктын майрамы катары белгилешет. Баарыбыз үчүн шаттуу күндөрдүн бири болуп калган бул күн салттуу үй-бүлөлүк майрамга айланып, ата-энелер балдарына арнашат. Мен быйыл бул күн Балдарды коргоонун эл аралык күнү экенине өзгөчө көӊүл бургум келет. Биздин балдар коргоого муктаж экенин эске салгым келет. Балдарыбыздын өмүрү менен ден соолугуна, билими менен коопсуздугуна, дегеле жаш муундун келечегине улуулар жоопкер экенине коомчулуктун көӊүлүн бургум келет",-деп айтылат кайрылууда.

Image caption Өлкөнүн ири шаарларында айрым кайрымдуулук уюмдары, активисттер балдарга бекер балмуздак, оюнчук таратып, майрамга шаң кошууда.

Ошондой эле мамлекет башчы ата-энелерди балдарга жакын болуп, анын талант, шыгын ойготуп татыктуу тарбия берүүгө чакырды.

"Ата-эненин, үй-бүлөлүк очоктун мээримине бөлөнгөн, кубаныч, сүйүү, жарык маанайда чоңойгон балдар телегейи тегиз инсан болуп жетилишет. Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнайлы, сырдаш бололу".

Кыргызстанда калкынын дээрлик 40 пайызын балдар түзөрү айтылып келет.

Балдар укугуна байланышкан көйгөйлөр, айталы балдарга миграциянын тескери таасири, кароосуз калган, мектепте билим алуу укугунан ажыраган, оор жумуштарга тартылган балдар тууралуу маселе өлкөдө такай көтөрүлүп келүүдө. (AbA)

Тектеш темалар